Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:09

Мунай менен алтын баасы төмөндөөдө


Акыркы эки жума ичинде дүйнөлүк базарларда мунайдын жана алтындын баасы кескин түшүүдө. Ал эми кыргыз сомуна карата британ фунту жана Швейцария франкынын нарктарынын өсүшү токтой элек.

Чийки мунайдын дүйнөлүк базардагы баасы эки жумадан бери арзандоосун улантууда. Андай болгону менен, Кыргызстанда бензиндин баасы түшкөн жок. Мунайдын бир баррелге баасы 1.98 долларга арзандап, 101.86 доллар болду.

Ал эми зергер буюмдарында көп колдонулган аурум, же сары алтындын баасы да соңку 14 күндө арзандоосун улантты. Алтындын 100 унциясына глобалдык рыноктогу баасы 22 долларга түшүп, 1288 долларды түздү. Аны менен Кыргызстандагы Кумтөр алтын кенин иштеткен “Центерра Голддун” акцияларынын наркы да түштү.

Торонто фондулук биржасындагы көрсөткүчтөргө ылайык, бир акция 47 центке түшүп, 4.57 канада долларын түздү. Сом менен, “Центерра Голддун” бир баалуу үлүш кагазы 14.38 сомго арзандап, 215.67 сомго барабар болду.

Валюталар базарында, же форекс рыногунда, өткөн жумада кыргыз сомунун наркы башка валюталарга салыштырмалуу бир аз түшкөн. Ал эми акыркы жети күн ичинде сом – фунт менен франктан тышкары – башка валюталарга карата куну бир аз көтөрүлдү. Эң чоң өсүш сом – фунт катнашында кала берүүдө. Британиянын акча бирдиги 34 тыйынга кымбаттап, бир фунт 78.60 сомду түздү. Ал эми эң чоң төмөндөө сом – доллар катнашында байкалды. АКШнын бир доллары 24 тыйынга арзандап, 48.63 сом болду.

Дүйнөлүк форекс базарларында, “Оанда” корпорациясы маалымдагандай, акыркы жума ичинде Швейцариянын валютасы 10 тыйынга өсүп, бир франк – 53.72 сомду түздү. Жапон иенасы болгону 2 тыйынга өсүп, 49 тыйындан сатылууда. Евронун сомго болгон курсу 23 тыйынга түшүп, 65.69 сом, ал эми коңшу Кытайдын юаны 4 тыйынга арзандап, 7.91 сомду түздү. Ал эми евро долларга салыштырмалуу 1 цент гана өсүп, 1.35 доллар болду.

Валюталардын 1-октябрга карата курсу (01.10.2013)
Валюталардын 1-октябрга карата курсу (01.10.2013)
Глобалдык базарлардан Кыргызстанга келсек, өлкөдөгү баалуу кагаздар базарындагы соода көлөмү акыркы жума ичи кескин төмөндөдү. Бишкектеги Кыргыз фондулук биржасынын сайтына ылайык, соңку аптада сооданын көлөмү 24 эсе азайып, болгону 9 млн. 642 миң сомду түзгөн. Кыргыз инвестиция-кредит банкынын 202 миң сомдон ашык облигациялары сатылды. Ал эми корпоративдик сектордун ичинен “Шоро” компаниясынын облигациялары соода көлөмү жана жүгүртүү боюнча биринчиликтен түшпөй келүүдө. Акыркы жети күн ичинде “Шоронун” 200 миң сомдон ашык баалуу карыз кагаздары соодаланган.

Кыргызстандагы каржы кабарларына токтолсок, 1-октябрдан тарта өлкөдө пенсиянын өлчөмү 10% жогорулайт. Пенсияны көтөрүү үчүн болжол менен кошумча 807 млн. сом талап кылынды.

Дүйнөлүк банктын айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча глобалдык программанын алкагында Кыргызстанга 21.5 млн. доллар грант бөлүнөт. Ал эми Евробиримдик өлкөдөгү укуктук реформаларды колдоо үчүн Кыргызстанга 13.5 млн. евро грант берерин айтты.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG