Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Араб лигасы Обаманын чечимин колдойт


Cириянын түндүк-батышындагы Хараб-Шамс чиркөөсү
Cириянын түндүк-батышындагы Хараб-Шамс чиркөөсү

Президент Обама Сирияга аскерий операцияны баштоо өтүнүчү менен Конгресске кайрылды.

Араб лигасына мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Каирде өткөн жыйынында кабыл алынган резолюцияда 21-августта химиялык курал колдонгону үчүн сириялык режим эл аралык трибуналда «жооп берип, жоопкерчиликке тартылсын»,- деп айтылат.

- Мындай үрөй учурган кылмыш үчүн толук жоопкерчиликти сириялык режим алып жана кылмышка тиешеси бар бардык адамдар буга чейинки согуш кылмышкерлердей эл аралык трибуналдарда соттолсун, деп Араб лигасынын жогорку офицери Нассиф Хитт резолюциядан окуду.

Ушул жыл башында 22 мүчө өлкөсү бар Араб лигасы уюмдагы Сириянын ордун режимге каршы күрөшүп жаткан Сириянын бириккен оппозициясына берген.
Каирдеги резолюция президент Обама Сирияга аскерий операция баштоо максатында АКШ Конгрессинин макулдугун күтүп жатканда чыкты.

Маалыматтарга караганда, Обаманын жакын кеңешчилери улуттук коопсуздук боюнча адистер менен жолугушуп, аскерий операциянын зарылдыгын талкуулашууда.

Божомолдор боюнча Конгресс мүчөлөрү Сирияга атайын мерчемделген жерлерге сокку урууга макулдук бериши мүмкүн. Сурамжылоолор болсо көпчүлүк америкалыктар Обаманын чечимин ар түрдүүчө талдап, бул америкалык кызыкчылыкка туура келеби деген скептикалык суроого такалып жатканын көрсөтөт.

Конгресстеги Сенат менен Эл өкүлдөр палатасы президент Обаманын өтүнүчүн 9-сентябрда карай баштайт. Ишембиде президент Обама химиялык куралдарды колдонуу элдешкис нерсе жана аны пайдалангандар жазаланышы керек деп, сириялык режимге каршы чектелген аскерий операцияны баштоону чечкенин жарыялаган.

БУУ эксперттери химиялык чабуул болгон жерди изилдөөдө. Сирия. 29-август, 2013-жыл.
БУУ эксперттери химиялык чабуул болгон жерди изилдөөдө. Сирия. 29-август, 2013-жыл.
Расмий Вашингтон химиялык куралдардын кесепетинен 1429 киши, анын ичинде 400 бала көз жумганын билдирет.

Сирия бийликтери мындай айыптоону толугу менен жокко чыгарууда. Өлкөдөгү «ал-Таура» гезити Барак Обаманы шакабалап, АКШнын мамлекет башчысынын Конгресске уруксат сурап кайрылганын «америкалыктардын тарыхый артка чегинүүсү» деп жазды.

Мамлекеттик катчы Жон Керри жекшембиде президент Обаманын чечимин коргоп, бир катар америкалык медиа каражаттарына интервью берип, «Кошмо Штаттарга алып келинип, соңку 24 саатта текшерилген кан менен чачтын үлгүлөрүндө зарин газы колдонулганы аныкталды», - деди. Мамкатчы ошондой эле Конгресс аскерий операцияны баштоого уруксат берерине ишенип турганын айтты.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Сириядан алынган заттарды толук экспертизадан өткөрүп, тезинен жыйынтыгын билдирүүнү суранды. Уюмдун текшерүүчүлөрү Сириядан алып чыккан заттар Европанын бир нече лабораторияларына атайын текшерүүгө жиберилет деп, бирок жыйынтыгы качан чыгаары айтылган эмес.

Баш катчы Пан Ги Мун экспертизанын жыйынтыктары чыкмайын Сирияга каршы эч кандай аскерий операция башталбай тургандыгын эскертти. Ал эми аскерий операцияны баштоо – Улуттар Уюмунун инспекторлорунун мандатына кирбей турган чечим.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG