Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:23

Президент Карзайдын иниси өлтүрүлдү


 Ахмад Вали Карзайдын сөөгү Кандагарда жерге берилди, 13-июн, 2011-жыл
Ахмад Вали Карзайдын сөөгү Кандагарда жерге берилди, 13-июн, 2011-жыл

Бүгүн Ахмад Вали Карзайдын сөөгү жерге берилди. Эң таасирдүү саясатчы кандай жагдайда өлтүрүлгөнү тууралуу так маалымат азырынча айтыла элек.

Президент Карзай инисинин тажиясына катышууга Кандагар шаарына келди. Ахмад Вали Карзай тууралуу эки беткей пикир бир жагынан президент менен батыштын эң ишенимдүү адамы болсо, ошол эле учурда маңзат ташуу, коррупцияга тиешеси бардыгы айтылып келген. Эми анын ордун ким ээлери талкуулана баштады.


Ахмад Вали Карзай Кандагардагы иш кеңсесинде, 2010-жылдын 14-апрели
Президенттин аталаш бир тууганы Кандагар провинциялык кеңешин жетектеген Ахмад Вали Карзай өз үйүндө шейшемби күнү түшкө маал өлтүрүлдү. Аны Карзайдын үй бүлөсүнө жакын деп саналган Сардар Мухаммад атканы айтылууда. Ал узак жылдар бою Ахмаддын улуу агасы Каюмдун кийин өзүнүн жан сакчысы болгон.

Шейшембиде Хамид Карзай Кабулда иш сапарда жүргөн француз президенти Никола Саркози менен бирге берген өткөргөн маалымат жыйында инисинин киши колдуу болгонун тастыктады:

- Силер уккандай, менин кичүү иним Ахмад Вали Карзай бүгүн өз үйүндө өлтүрүлдү. Бул ооган элинин жашоосу экен. Ар бир үйдө ушундай жоготууну баштан кечирип жатабыз. Кудай буюрса, оогандыктардын мындай азаптуу күнү аяктаар убак келээр деп ишенебиз. Тынчтык менен коопсуздук орноп, оогандыктар баштан кечирген оор кырсык, азаптан сырткары болот деп үмүттөнөбүз.

Ахмад Вали Карзайдын өлтүрүлүшүнүн чоо-жайы азырынча так айтыла элек. Кандагар губернаторунун кеңсеси иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын билдирет.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Ахмадды жан сакчыларынын бири атып салгандыгын кабарлады. Ал эми Ооганстандын жашыруун жана коопсуздук кызматары президенттин иниси ага конокко келген адамдын колунан өз үйүндө өлтүрүлгөнүн гана билдирди. Аткан кишини жан сакчылар дароо жок кылганы расмий маалыматта айтылат.


Aга-ини Хамид жана Ахмад Карзайлар, Кандагар провинциясы, 2010-жылдын 9-октябры



Ысымын атабаган коопсуздук кызматынын булактары Ахмад Вали Карзайды аткан дагы, кайтарган дагы бир эле киши экендигин билдирген.

Козголоңчул талиптер болсо президенттин инисинин атылышын мойнуна алып, бул «чоң жетшкендик» деп жар салды. Бирок түрдүү булактар буга талиптердин эч тиешеси жоктугун билдирет.

49 жаштагы Ахмад Вали Карзай Ооганстандагы бирден-бир таасирдүү жана талаштуу саясатчы катары таанымал. АКШнын чалгындоо кызматынын ишенимдүү адамы катары такай акчалай «ыраазычылык» алып тураарын 2009-жылы «Нью-Йорк таймс» гезити жазып чыккан.

Ошондой эле ооган маңзатын ташууну көзөмөлдөп, бир топ коррупциялуу иштерди жүрүгүзгөн, ал тургай өзүнүн милициясы бар деген айыптоолор тагылып келген.

Буга чейин 2 жолку кол салуудан аман калган. Ооган президентти болсо өз инисин түрдүү айыптоолордон калкалап, апийим менен кылымыштуу иштерге тиешеси жоктугун айтып келген.

Ахмад Вали Карзай президент Хамид Карзайдын аталаш бир тууганы. Алардын атасы Абдул Ахад Карзай – пуштундардын эң кадырлуу уруу жетекчилеринин бири болгон. 1999-жылы талиптердин колунан көз жумган.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG