Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:57

"Исламдын ичиндеги дүйнөлүк согуш"


Айт намаз учурунда коопсуздукка көз салган аскер адамдарды текшерүүдө. Ирак, Багдад шаары
Айт намаз учурунда коопсуздукка көз салган аскер адамдарды текшерүүдө. Ирак, Багдад шаары

Эл аралык басма сөзгө баяндама (9-февраль-16-февраль).

Foreign Policy басылмасынын аналитиги Жеймс Траубдун “Исламдын ичиндеги дүйнөлүк согуш” аттуу макаласы узаган аптада дүйнөлүк басылмалардын ичинен эӊ көп окулуп жана талкууланган аналитика болду.

Автор мурдагы дүйнөлүк согуштардын максаты менен тарыхына кайрылып, андан соӊ азыркы таптагы "Ислам мамлекети" уюмунун жихадчылары баштаган согушту "төртүнчү дүйнөлүк согуш" деп атаган. Бул согушта Батыш мамлекеттеринин орду кандай болорун талдаган автор: “Мындан ары Батыш мусулмандарга карата мамилесин өзгөртүш керек. Себеби араб дүйнөсүнүн ичинде Америка жана Батыш цивилизациясынан алыста болуп жаткан ислам дүйнөсүндөгү согуштун эпкини дүйнө үчүн Кансыз согуш же фашизмден да башкача нукта, олуттуу маанайда болууда. Буга Европанын чок ортосундагы "Шарли Эбдо" журналына чабуул жасалган окуяны, Лондон, Мадриддеги терракттарды мисал келтирсек болот. Батыш эми исламдын өз ичиндеги согуштан кантип сактана алат? Ирак жана Сирияда халифат жарыялагандар Америка менен Батышка чоӊ коркунучтун булагы болууда. Кансыз согуш учурундагыдай коммунизмди демократиянын принциптери менен жок кылуу ыкмасы бул согушту токтотпойт. Араб дүйнөсү мамлекеттүүлүгүн чыӊдоо менен гана ислам ичинде өрттөнгөн дүйнөлүк согушту баса алат”, - дейт.

Мындан тышкары автор Американын президенттери Жорж Буш жана Барак Обаманын "ал-Каида" жана жихадчыларга карата иш аракеттерин талдоого алып, АКШнын башына эми келе турган президент ислам дүйнөсүн өз улутунан бөлүп карабай, ага олуттуу мамиле кылышы керек деген бүтүм чыгарган.

Обаманы "издеген" Эрдоган

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШнын Түндүк Каролина штатындагы Чапел-Хилл шаарында киши колдуу болгон үч жаш мусулмандын өлүмү үчүн президент Барак Обамага кескин түрдөгү кайрылуу жасады. Анын бул кайрылуусу тууралуу The Washington Post гезитинин аналитиги Адам Тейлор жазып чыкты.

Эрдоган Обамага: “Эгерде сиз ушул кыянаттыкка карата унчукпай кала берсеӊиз, дүйнө да сизге далысын салат. Мен Обама мырзадан "каяктасыз, президент" деп сурагым келет”, - деп кайрылган.

Эрдогандын ушундай кайрылуусунан көп өтпөй эле Барак Обама окуяны “жырткычтык менен адам өмүрүн алгандык” катары баалап, атайын кайрылуу жасады.

Түркиянын мамлекеттик басылмасы Обаманын кайрылуу жасоосуна Эрдогандын талабы түздөн-түз себеп болду деп жазып чыкты. Түркия бир нече жылдан бери Америка менен мамилеси жакшы болуп, ал тургай азыр да "Ислам мамлекетине" карата чогуу аракет кылганы менен, Эрдоган жана Обаманын байланышы өтө жакын болбой келет дейт Тейлор өз макаласында.

Океан таштандыга ууланууда

Science журналы жыл сайын 8 миллиондон ашуун тонна желим таштанды океанга төгүлүп, экологиялык тазалыкка чоӊ коркунуч жаралууда деп кабарлайт. 2025-жылга чейин бул сан 12,7 миллион тоннага жетет дешет окумуштуулар. Океанга таштанды ыргыткан өлкөлөрдүн башында жылына 2,4 миллион тонна таштанды төккөн Кытай турат. Андан кийин 750 миӊ тонна менен АКШ келет.

Желим таштандынын океанга ыргытуулусу биринчи кезекте суудагы жаныбарлардын жашоосуна коркунуч жаратууда. Дельфин, деӊиз таш бакасы сыяктуу сүт эмүүчү жандыктар желим нерсени жеп алып, какап өлүшүүдө. Ошондой эле желимден бөлүнүп чыккан уулуу заттар океандагы балыктардын денесин уулантып, аны тамак-ашта пайдаланган кишиге да чоӊ зыян алып келет дейт Калифорния университетинин экотоксикологу Челси Рочмэн Science басылмасында.

Бакчадан жоголгон наристе

Англиядагы Ньюхем Бриж мектебинин бала бакчасындагы үч жаштагы наристе бакчадан чыгып кетип, жөө өз үйүн издеп таап алгандыгы дүйнөлүк медиада кызуу талкууланды.

Эки жана беш жаштагы балдардын тобунда кошо ойногон наристе бакчадан өзү жалгыз чыгып кетип, жергиликтүү полиция менен мугалимдерди кыйсыпыр кылды дейт Daily Mirror гезити.

Аймактагы эӊ мыкты делген мектептин мугалимдери кайрадан текшерүүгө алынып, балдардын коопсуздугу Англияда дагы бир жолу күн тартибине чыкты дейт аталган басылма.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG