Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Фейсбуктун ээси кытайча сүйлөдү


Марк Цукерберг Бээжиндеги Синьхуа университетинин студенттери менен жолугушууда. 22-октябрь, 2014-жыл.
Марк Цукерберг Бээжиндеги Синьхуа университетинин студенттери менен жолугушууда. 22-октябрь, 2014-жыл.

20-26-октябрдагы эл аралык басма сөзгө баяндама.

Атактуу филантроп, миллионер Жорж Сорос Франциянын Le Monde басылмасына Орусия менен Европанын ортосунда түзүлгөн кырдаал боюнча аналитикалык макала жарыялады. Сорос “Европа согушка аттанды” деген макаласында: "Бүгүн Орусия Европанын бүтүндөй бар болуусуна каршы чакырык жасоодо. Муну европалыктар менен лидерлери байкаган деле жок. Европа жана Америка Орусия менен бетме-бет согушка чыгуудан качууда. Ал ортодо Орусия Крымды аннексиялап, Украинанын түштүгүндө өзү каалагандай анклавдарды түзүп, бардык эл аралык макулдашуулардын шартын бузду. Сентябрда Украинанын лидери Петро Порошенко Вашингтонго жаркылдап барганы менен, чыныгы колдоону ала алган жок. Украинанын талкалануусу НАТО, Европа Биримдиги жана АКШ үчүн чоң жоготуу болушу ыктымал” деп жазып, Европанын санкциялары менен Орусиянын газды ооздуктоо саясатынын экономикага тийгизген таасири боюнча пикирлерин кошумчалаган.

Кытайча сүйлөгөн Марк Цукурберг

Фейсбук социалдык тармагын негиздеген Марк Цукерберг Бээжиндеги Синьхуа университетинин студенттери менен жолугушуу учурунда 30 мүнөт кытайча баарлашуусу дүйнөлүк басма сөздө кызуу талкууну жаратты.

Бул тууралуу The Guardian басылмасы: “Цукерберг негиздеген социалдык тармак Кытайда тыюу салынганы менен өтө эле атактуу. Азыркы тапта Кытайда Alibaba, Tencent жана Baidu сыяктуу Фейсбукту туураган социалдык тармактарды колдонгон жаңы муун өсүп келе жатат. Цукерберг ушул муун үчүн үлгү катары кабылданат. Цукерберг кытайча эптеп-септеп сүйлөсө да, Бээжиндин студенттери анын ар бир айткан фразасын колдоп, кол чаап турушту. Бул баарлашуу Синьхуа университетинин веб-сайтында жандуу жарыяланып, миллиондогон кытайлыктардын кызыгуусун жаратты” деп жазган.

Фейсбуктун негиздөөчүсү бир нече жыл мурда кытай тектүү айымга үйлөнгөн. Анын айтымында, кытайча үйрөнүүсүнө жубайынын үй-бүлөсү түрткү болгон. Ошондой эле ал чет өлкөдөгү Кытай инвесторлорунун ишин жарнамалоодо Фейсбук өтө чоң роль ойнорун да белгиледи.

Кытайда “түлкүлөрдү” кармоо операциясы башталды

The Diplomat басылмасы Кытайда анти-коррупциялык иш чаранын негизинде чет өлкөгө качып кеткен расмийлерди кармап, жазалоо иши башталганын кабарлайт. “Түлкү аңчылыгы 2014” деп аталган расмий операция өлкө ичинде жүргүзүлгөн “арстандар” менен “чиркейлерди” кармоо иш-чарасынын уландысы болуп калмакчы. The Diplomat журналынын аналитиги Янг Хенгюн:

- Эгерде Кытай коррупцияга каршы олуттуу согуш баштаса, анда эң маанилүү делген кадамдардын алгачкысы-коррупцияга барган расмийлердин кызматтан чегинип, качып кетүүсүнө бөгөт коюшу керек. Эзелтен Кытайда коррупционер аткаминерлерди кармап, бетин ачып, катуу жазалап, алтургай өлүм жазасына тартып келген. Бирок бүгүнкү күндө Кытай бийлиги мыйзамсыз иштерди өз өлкөсүндө кылып коюп, үй-бүлөсү менен чет элге качкандарды жазалоонун жолун табышы керек, - деп жазды.

Аталган операцияга Тышкы иштер министрлиги, Элдик коопсуздукту коргоо министрлиги, Элдик прокуратура сыяктуу күч органдары катышууда. Бирок Кытай менен кылмышкерлерди алмашуу жаатында саналуу гана өлкө кызматташат.

Англис ханышасы Твиттерде

"Жашы токсонго таяп калган Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II алгач ирет Твиттер социалдык тармагына кирип, өз кол тамгасын калтырды" деп кабарлайт Evening Standard гезити. Лондондогу Илим музейиндеги жаңы көргөзмөнүн ачылышына катышып жатып, Елизавета II музейдеги IPad компьютеринен Твиттерге кирген. Ал “Илим музейиндеги “Маалымат мууну” аттуу көргөзмөнү ачып жатканыма аябай кубанычтамын”, - деп жазып, “Британ Монархиясы – Ханыша жазат”, - деп, кол тамгасын калтырган. "Көптөгөн твиттерчилер ханышаны социалдык тармакта “жылуу” тосуп алышты" дейт Evening Standard.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG