Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:38

Путиндин бойдоктугу талкууда


Украина. Симферополдогу китепканада В.Путиндин портрети илинди.
Украина. Симферополдогу китепканада В.Путиндин портрети илинди.

Апта соңунда жер жүзүндөгү бир миллиардга жакын адам шайлоого барып, апрель жылдын эң демократиялуу айына айланды, орус лидери Владимир Путиндин бойдоктугуна орустар таң калышпайт, АКШ Монголия менен аскерий кызматташтыкка кол сунууда.

"Былтыр орус президенти Владимир Путин аялы менен ажырашканы тууралуу билдирүү жасалган. Быйыл болсо президенттик веб-сайттагы анын расмий биографиясында жубайы тууралуу эч кандай маалымат жок. Демек Путин менен аялы жубай болбой калышты. Бул маалымат орустарды таң калтырган деле жок" деп жазат Page Six басылмасынын аналитиги Эмили Смит. Сочи олимпиадасы жана Украинадагы кырдаалдан кийин азыр Путиндин рейтинги 80 процентти чапчып турган кези. Мына ушундан пайдаланып Путин 30 жыл чогуу жашаган аялы менен ажырашканын ырастаганга даай алды дейт Daily Mail гезити. “Путин кайрадан нике базарында” деген тема менен Time журналынын аналитиги Денвер Никс турмушка чыга элек москвалык айымдарды "веб-сайттардан көйнөксүз, колуна курал кармаган орус лидери танктан чыга калабы деп күткүлө" деп шакаба чеккен.

Орусиядагы бардык “Макдональдстар” жабылабы?

Орусия темасын улай "Думанын депутаты Владимир Жириновский Крымда америкалык тез тамактануучу “Макдональдс” ресторандары жабылгандан кийин бул өнөктүктү бүтүндөй өлкөгө жайылтуу керек деп чыкты" деп жазат "Аргументы и факты" гезити. “Америка духун өлкөдөн кууп чыгыш үчүн алгач ушул ресторандарды, андан кийин пепси менен коласын айдап чыгабыз”, - деди ЛДПРдин лидери. Крымдагы “Макдональдс” тамактануу түйүндөрү саясий стабилдүүлүк орногуча убактылуу жабыла туруу чечимин чыгарган эле.

Апрель - жылдын эң демократиялуу айы

Британиянын The Guardian гезити 2014-жылдын апрель айын эң эле демократиялуу ай деп жарыялады. Индия, Ооганстан, Мажарстан, Индонезия, Алжир жана Иракта шайлоолор болуп, ага бир миллиардга жакын шайлоочу катышууда. 7-апрелден 12-майга чейин Индияда парламенттик шайлоого 815 миллион шайлоочу барат. Өткөн ишембиде болгон Ооганстандагы президенттик шайлоого 12 миллиондой шайлоочу добуш берди. 9-апрелде Индонезиядагы парламенттик шайлоого болсо 186,5 миллион киши барат. Мажарстанда жекшемби күнкү парламенттик шайлоого 7,5 миллион шайлоочу барса, Алжирде 17-апрелде болчу президенттик шайлоого 21 миллион, Иракта 30-апрелдеги шайлоого 18 миллион шайлоочу добуш бергени турат.

Монголия Азиянын коопсуздук тизгинин алгысы келет

The Diplomat журналы Монголия менен Американын коопсуздук багытындагы кызматташтыгы тууралуу аналитикалык макала жарыялады. Ушул айда АКШнын коргоо министри Чак Хейгел Улан-Баторго расмий сапар менен барат. Бул эки өлкөнүн коопсуздук жаатындагы байланышы өтө деле өнүккөн эмес. Хейгелдин иш-сапары Жапония менен Кытайдын ортосундагы Түндүк Чыгыш деңиздеги стратегиялык кооптонууну жөнгө салуу максатында Токио менен Бээжинге багытталган. "Улан-Баторго жөн салды гана кирип чыгабы?" деген суроону коёт журналдын аналитиги. Анткени Монголия АКШнын Ооганстан менен Ирактагы согуштук операцияларына колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн катарында. Ошентсе да акыркы мезгилде экономикалык жана коргонуу доктринасы алда канча өзгөрүп, өнүгүп жаткан бул өлкө Вашингтонду кызыктырбай койбойт. Бир чети Монголия Орусия жана Кытай сыяктуу ири державалар менен босоголош жашайт жана АКШ бул аймакта “үчүнчү коңшу” болуу эрежесин бузгусу келбейт. Анткени Улан-Батор Жапония, Канада жана Европанын айрым ири өлкөлөрү менен тыгыз кызматташтык жолуна түшө баштады. Анын үстүнө монгол аскерлери 2012-жылы НАТОнун Түштүк Судандагы тынчтыкты орнотуу операциясы менен 2005-2007-жылдары Косоводогу окуяларга, андан мурда Сьерра-Леоне менен Чад сыяктуу өлкөлөрдө тынчтык орнотууга катышкан. Өлкөнүн президенти "Цахиайгин Элбэгдорж Монголияны Түндүк Чыгыш Азиядагы коопсуздук тизгинин кармап турган күчкө айландыргысы келет" деп жазат The Diplomat.

Телефондун артынан кудукка секирип...

Өткөн аптада Батыш басма сөзүндө Британиянын Кент шаарында болгон бир жөнөкөй окуя башкы темага айланды. Лондондо миллион тираж менен чыккан Evening Standard гезити белчесинен көчөдөгү арыктын суусу аккан кудукта тыгылып турган 16 жаштагы Эллар Бирченафтын сүрөтүн чыгарды. Кент шаарынын тургуну Эллар көчөдө баратып iPhone 5 үлгүсүндөгү телефонун жол алдында жамгырдын суусу аккан арыктын кудугуна түшүрүп алган. Аны алып чыгам деп өзү кудукка кирип, белчесинен тыгылып калып чыга албай, өрт өчүргүч, куткаруучуларды чакырышкан. Evening Standard окурмандарына "Чөнтөк телефонду куткаруу үчүн кандай курмандыктарга барат элеңиз?" деген суроо берген.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG