Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:35

Пакистан Ооганстан менен чек арасын НАТО үчүн ачууну караштырууда


Пакистан жетекчилери өлкөнүн чек арасын НАТОнун күчтөрү үчүн ачууну талкуулап жатышат. Бул чек ара аркылуу эл аралык коалиция кошуна Ооганстандагы аскерлерге жүк ташуучу. Транзит жолу өткөн ноябрда НАТОнун соккусунан пакистандык 24 аскер окко учкандан кийин жабылган.

Пакистан өкмөтүнүн коргонуу боюнча комитети жыйын кура электе эле Исламабад блокаданы токтотууну караштырууда деген айың кептер тараган. Былтыр ноябрда НАТОнун абадан соккусунан пакистандык 24 чек арачы набыт кеткенден кийин Пакистан Түндүк альянс колдонуп келген өткөөлдөрдү жаап салган. Аскерлердин өлүмү Исламабад менен Вашингтондун ансыз да чыңалган мамилелерин ого бетер курчутуп жиберген.

Кошмо Штаттар чек арачылардын набыт болгонуна өкүнүчүн билдирип, бирок кечирим суроодон баш тарткан. Вашингтон аба соккусуна эки тараптын тең каталары алып келген деп ырастоодо.

Бир нече күндөн кийин АКШнын Чикаго шаарында НАТОнун саммити өтөт. Жогорку деңгээлдеги жолугушуунун күн тартибине Ооганстандагы саясат коюлган. Түндүк альянс ооган жергесиндеги контингентин 2014-жылдын этегине дейре алып чыгууга камынууда.

Пакистандын тышкы иштер министри Хина Раббани Кар чек араны жабуу менен анын өлкөсү “өз көз карашын билдиргенин”, бирок эми АКШ менен мамиле түзүүдө алдыга жылуу зарылдыгын белгиледи.

Хина Рабани Кар
Хина Рабани Кар

Министр Кошмо Штаттардай эле Пакистан да Ооганстанда бейпилдиктин жана стбилдүүлүктүн орношун каалаарын билдирди:

- Ооганстанда тынчтыктын жана стабилдүүлүктүн өкүм сүрүшүн көздөгөн Пакистандын региондогу стратегиялык максаты - Батыштын же НАТОнун региондогу максатына төп келет. Ошон үчүн биз ал жараянга бут тоскон эмес, өбөлгө түзгөн күч болууну каалайбыз. Пакистан бул багытта көп аракет көрүп келди. Биздин 24 жоокерибиз шейит кетти. Аны актоо мүмкүн эмес. Биздин өз позициябызды билдирүүбүз маанилүү болчу. Эми мамилелерди куруунун позитивдүү мейкиндигине жылуу керек.

Премьер-министр Юсуф Реза Гилани чек араны тосуу АКШны гана эмес НАТОнун башка мүчөлөрүн же коалиция боюнча өнөктөштөрүн жазалоо болуп саналаарын мындайча айтты:

- НАТО – бул бир эле өлкө эмес, 40тан ашуун өлкөнү камтыган өнөктөштүк. Бул маселени ар тараптан талкууладык. Парламент өз сунуштарын бизге жолдогон. Ошол сунуштарга ылайык иш алып бардык, сүйлөшүүлөр конструктивдүү болуп жатат жана өз жемишин берет деп ойлойм.

АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Виктория Нуланд эки өлкө блокадага чекит коюу багытында олуттуу прогресске жетишкенин белгиледи:

- Пакистандын тышкы иштер министринин пакистан - ооган чек арасын ачуу Пакистан, Пакистан менен Ооганстандын мамилелери үчүн мааниси жөнүндө билдирүү жасашын оң жышаана катары баалайбыз. Бирок мен алдыда айткандай, сүйлөшүүлөр жыйынтыктала эле.

Арйине чек араны кайра ачууну Пакистанда терс кабыл алгандар да көп болчудай. Жогоруда айтылган 24 жоокерден тышкары Исламабад менен Вашингтондун мамилелерине бир жыл мурун "ал-Каиданын" ана башы Усама бин Ладендин Пакистан аймагында америкалык атайын күчтөр тарабынан өлтүрүлүшү, Ооганстан менен чек арада пилотсуз учактардын соккулары көлөкө түшүрүп келатат.


Америка пилотсуз учактар исламчыл согушкерлерге каршы урушта негизги роль ойноорун ырастаса, көптөр Пакистанда андай чабуулдардан жайкын адамдар өлүп жатканын айтышат.


Апрелдин башында Кыргызстан коргонуу кеңешинин катчысы генерал Бусурманкул Табалдиев Америка Кошмо Штаттарынын Борбордук командачылыгынын башчысы Жеймс Меттис менен сүйлөшүүлөрдөн кийин "Азаттыкка" маек куруп, "АКШ Ооганстандан чыгарылып жаткан курал-жарактан Кыргызстанга жардам катары бериши мүмкүн", деген. Табалдиев пилотсуз учактар тоолуу аймак үчүн өтө ыңгайлуу экенин өзгөчө белгилеген.

2014-жылы Ооганстандан аскерлер чыгарылганда эл аралык альянс жүгүн Борбор Азиянын беш өлкөсү, Орусия, Грузия, Азербайжан жана Пакистан аркылуу ташыйт деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG