Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Роботтор пицца ташый баштады


Иллюстрация
Иллюстрация

Австралияда пиццаны кардарларга робот жеткире баштады. АКШда капталына карай жүрчү автомобиль жасалат. Nike боосу өзү байланчу кроссовка жасады. Ашыкча салмагын жоготкусу келген адамга күндүз тамактануу пайдалуу экенин израилдик окумуштуулар аныкташты.

Дүйнөдөгү биринчи пицца ташуучу робот ишке чыкты

Ал Австралиянын Брисбен шаарында 17-марттан тарта иштей баштады. Кардар роботтун чөнтөгүнө акча салып, заказ бергенде алган кодун терсе, темир көлүктүн төбөсү ачылып, ысык пицца салынган көмөч казан чыгат.

Робот бир каттамда 10 пиццаны жеткире алат.

DRU (Domino’s Robotic Unit) деп аталган төрт дөңгөлөктүү роботтун бийиктиги 922 мм (92,2 см), салмагы болгону 190 килограмм, батареясы 20 чакырымга жетет. Роботту кардардын үйүнө GPS жетелеп барат; тоскоолдуктар менен жолоочуларды айланып өткөнгө сенсорлор жардамдашат.

Аны Австралияда пицца сатчу Domino соода түйүнү Marathon Targets компаниясы менен чогуу жасаган. Робот азырынча велосипед жүрчү жолду жана тротуарларды гана пайдаланат. DRU эки жыл ичинде Австралиянын Квинслэнд штатында кадимки автоунаага айланат деп мерчемделүүдө.

Жаңы Зеландияда да пицца ташыгычтар кардарларды тейлей баштарын 18-мартта Domino компаниясы жарыя кылды.

(Маалымат үчүн: lifehacker.com.au; Time.com; Engadget)

Капталына карай жүрчү автомобиль

Формасы топтой дөңгөлөктүн (Eagle 360) концепциясы Женевада өткөн эл аралык автосалондо (International Moto Show) көрсөтүлдү. Тоголок дөңгөлөк автомобилдерди коопсуз жана маневрдуу кылат, андай “өтүк” кийген машине ар кандай дөң-чуңкурларды жеңил өтүп, тар орунга шып кирип кетет. “Сфера (шар) формалуу дөңгөлөк бүгүн же эртеңки эмес, болочоктогу автомобиль үчүн”,- дейт АКШдагы Goodyear Tire & Rubber компаниясынын мартабалуу өкүлү Оливер Руссо (Oliver Rousseau).

Шар же топ формасындагы дөңгөлөктүн концепциясы жөнүндө Goodyear Tire & Rubber компаниясы даярдаган видеону бул жерден көрүңүз:

Шар формасындагы дөңгөлөктөрдү автомобилдин тулкуна туташтырууда магниттик левитация эффекти колдонулат. Сенсорлор автомобилдин башкаруу системасына дөңгөлөктөгү абанын басымын, ылдамдыгын жана айлануу багытын кабарлап турат. Компаниянын президенти Жан-Клод Кин (Jean-Claude Kihn) айдоочусу жок автономдук режимде иштечү болочоктогу автомобилдин коопсуздугун камсыздоо бүгүнкүдөн да маанилүү болорун айтты.

Эгер Eagle 360 дөңгөлөгү чындап эле жасалса, дээрлик 4000 жылдан бери өзгөрүүсүз келаткан октуу дөңгөлөктүн конструкциясы өзгөртүлүп, дөңгөлөк жасоодо революциялык жаңылык болот.

(Кеңири маалымат үчүн: now.howstuffworks.com)

Nike боосу өзү байланчу кроссовка жасады

Кроссовканын согончогуна орнотулган сенсорго таман тийгенде бут кийимдин боосу автоматтык түрдө тартылат. Кроссовканын боосун бут кысылбагандай кылып байлаш үчүн колду блокировкага тийгизип коюу жетиштүү. “Спортсмендерге эмне керек экенин биздей эч ким билбейт. Кээде биз ойго келе элек нерсени чындыкка айлантабыз”, - дейт Nike компаниясынын дизайн жана атайын долбоорлор боюнча вице-президенти Тинкер Хатфилд (Tinker Haven Hatfield, Jr.). Хатфилд мырза Nike кроссовкаларынын бир нече түрүнүн, ошондой эле Air Jordan кроссовкаларынын дизайнын ойлоп тапкан.

Кадимки боо жылбышып бошоп кеткендиктен катуу байланган боо, мелдеш учурунда спортчуга кошумча стресс болорун адистер такай айтып келатышат. Nike Hyper Adapt 1.0 деп аталган жаңы кроссовканы сатуу жаңы жыл алдында башталат. Бирок ал обол Nike+ клубунун мүчөлөрүнө гана сатылат.

Powerlace технологиялык компаниясы 2014-жылы күздө боо байлоону каалабагандар үчүн атайын кроссовканы иштеп чыккан. (Маалымат булагы: news.nike.com, techcrunch.com)

Туура тамактануу пайдалуу

Ашыкча салмагын жоготкусу келген адам үчүн тамакты чактап жегенден жана эмне жегенден да туура тамактанган маанилүү болушу мүмкүн.

Израилдин Вейцман институту клеткалар кубат алчу электростанция эсептелген митохондрияны изилдешип, тамактанганга эң ыңгайлуу убакыт Күн чыккандан төрт сааттан кийинки мезгил экенин байкашкан. Адамдын метаболизми же тамакты аш кылып сиңирүүсү организмдеги биологиялык же циркадиа ритмине түздөн түз байланышкан. Ал учурда митохондрия майды жана кантты чоң ылдамдыкта “күйгүзө” же аш кыла баштайт. Мындан улам митохондрия организмдеги биологиялык саат менен жөндөлүп турат деген тыянак жасалат.

Бул кубулуш семиз жана диабет болуп кетүү, ошондой эле метаболикалык синдромдун өнүгүү коркунучу бейсаат уктап, тамактанган адамдарда чоң экенин түшүнгөнгө жардамдашат.

Изилдөөнүн жетекчиси доктор Гад Ашердин (Gad Asher) айтышынча, циркадиа сааты Жер бетиндеги бардык тирүү жандыктарда: бактериялардан тартып адамга чейин бар жана уйкунун, активдүүлүктүн, тамактануунун жана организмдеги заттардын алмашуу ыраатын көзөмөлдөп турат.

“Аны организмге алдыда эмне күткөнүн айтып, ага оптималдык режимде иштөөгө даяр турганга камдачу календарь десе болот”,- дейт илимпоз. (Булагы: http://wis-wander.weizmann.ac.il)

XS
SM
MD
LG