Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

WhatsApp демонстранттарга жардамга келди


Түркиянын Стамбул баштаган ири шаарларындагы массалык демонстрациялар тууралуу маалыматты дүйнөгө таркатуу үчүн Твиттер жана Фейсбук социалдык тармактардын кеңири колдонулушу күтүлгөн. Бирок бир доллардан бир аз арзаныраак турган смартфондун тиркемеси алда канча көп натыйжа берди.

Демонстрациялардын катышуучулары Твиттер жана Фейсбук аркылуу маалыматты жаңылоо коркунучтуу болгонун айтышат, ал эми 2009-жылы түзүлгөн WhatsApp тиркемеси 3G же Wi-Fi бар жерде каалаганча маалымат жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк ачат.

WhatsApp программасынын дагы бир өзгөчөлүгү - топтордо жашыруун маалымат бөлүшүүгө болот. Дал ушул мүмкүнчүлүк аталган тиркеменин популярдуу болушуна шарт түздү.

Анын үстүнө Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Твиттер жана башка социалдык түйүндөрдү кескин сындап чыкты.

Өткөн жумада Эрдоган Твиттерди “жалган маалыматтын булагы" катары сыпаттап, 5-июнда Измирде социалдык тармактар аркылуу “жалган маалымат тараткандыгы үчүн" 25 адам кармалган.

WatsApp кантип иштейт?

Бул тиркеме телефондогу контакттарга байланган – адамдын номери, аты телефон китебинде сакталып, ал адам тиркемени жүктөгөн болушу зарыл.

Тизмедеги колдонуучулардан 50 адамга чейин батырган топторду түзүүгө мүмкүн. WatsApp аркылуу кыска текст, сүрөт, аудио жана видео жөнөтсө болот.

Маалыматты адамдар кайра өздөрүнүн контакттарына жөнөтө алышат. Бирок Твиттер менен Фейсбуктан айырмаланып, ал аркылуу тараган маалымат жалпы аудиторияга көрүнбөйт, изделбейт жана интернет иштегенде гана мүмкүн.

Тез жана түз

Таксимде ар дайым дарыгерлердин ыктыярчы топтору жана студент-дарыгерлер иштеди. Ак халатчан дарыгерлер 4-5 адам болуп көздөн жаш агызган газдан же полициядан жапа чеккендерге жардам көрсөтүп жатышты.

Түрк медицинасы ассоциациясынын 23 жаштагы мүчөсү, дарыгер
Кагатай Нухоглу бир демонстрантка жардам берип бүтүп, “Азаттыкка” маек куруп берди. Анын айтымында, WhatsApp тагыраак маалымат алууга көмөктөшөт. Себеби социалдык тармактагы айрым маалыматтар кээде туура эмес болуп чыгат. Дагы бир жардам – жапа чеккендердин турган жерин так аныктоо мүмкүн.

- Социалдык тармактарда дезинформация көп. Ошодуктан биз WhatsApp программасын так маалымат алуу үчүн колдонобуз, - дейт Нухоглу.

Жергиликтүү блогер жана социалдык медиа боюнча адис Арзу Гейбулла WhatsApp программасын Твиттер жана Фейсбук менен салыштыруу кыйын экенин белгилейт. WhatsApp аркылуу тараган маалыматтын атайын топторго жетиши жеңил. Биринчи күнү WhatsApp аркылуу алган маалыматта дарыгерлердин тизмеси бар эле.

"Адамдар бул маалыматты башка топторго таратууну суранышты. Фейсбукка жарыяланган жок, себеби полиция катышуучулардын аттарын билип алмак", - дейт Гейбулла.

Стамбулдагы күндө чыкчу Hurriyet гезитинин журналисти Эрдем Гүнез
WhatsAppтагы байланыштар маалыматты социалдык тармактарга чейин алып турууга жардам бергенин айтат.

- Мисалы, Гези паркта бирөөгө бир нерсе керек болсо, аны окуган адам ага жардам берет, - деди журналист.

WhatsApp аркылуу күнүгө дүйнө жүзү боюнча 18 миллиард билдирүү кетет.
Бирок азыр бул тиркемеге кээ бир өлкөлөрдүн бийликтери да көңүл бурду. Сауд Арабиядагы байланыш жана маалымат технологиялары боюнча Комиссия өткөн жумада WhatsAppка окшош Viber тиркемесине тыюу салды жана WhatsApp тиркемесине сөөмөй кезеди.

Тиркеме жеке жашоону коргогондор тарабынан да сындалууда. Алардын айтымында, ал коопсуз көрүнгөнү менен, адамдардын жеке маалыматын тобокелге салат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG