Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Ван аймагындагы кыргыздар: Тарыхый көчтү эскерүү жана көйгөйлөр


Улуу Памирдеги ат оюн майданынын көрүүчүлөрү. 07.10.2023.
Улуу Памирдеги ат оюн майданынын көрүүчүлөрү. 07.10.2023.

Сиирт университетиндеги эл аралык түркологиялык илимий жыйын аяктаган соң, анын бир катар катышуучулары Ван аймагындагы Улуу Памир кыштагына келишти. 7-октябрда Эржиш ооданына караштуу бул айылда оогандык кыргыздардын көчүнүн 41 жылдыгына арналган маданий чаралар өткөрүлүп, Ван кыргыздарынын азыркы жетишкендиктери жана көйгөйлөрү да иликтенди. Тарыхчынын блогу.

Кызыктуу илимий шеринеден учугу уланган сапар

Мурдагы блогубузда жазганыбыздай, 2023-жылдын 4–6-октябрында Түркиянын Сиирт шаарындагы Сиирт университетинде эгемен Түркия жумуриятынын 100 жылдыгына (1923–2023) жана ооган кыргыздарынын тобунун Пакистандан Түркияга көчүп келишинин 41 жылдыгына (1982–2023) арналган “Түркия жана түрк дүйнөсү” аттуу коомдук илимдер боюнча эл аралык симпозиум өткөрүлгөн.

Бул түркологиялык илимий шеринеге Азербайжан, АКШ, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Чехия, Швейцария сыяктуу өлкөлөрдөн өкүлдөр катышты.

Симпозиумда Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, тарых илимдеринин кандидаты, жазуучу Арслан Капай уулу Койчиев (Бишкек, Кыргызстан), саясат таануучу, журналист жана публицист Уран Токтоназар уулу Ботобеков (АКШ) видео тасма аркылуу чыгып сүйлөшсө, бишкектик этнограф, профессор Сулайман Кайыпов, бакулук доктор Мусейиб Ширалиев, барнаулдук тарыхчы, Алтай мамлекеттик университетинин профессору Валерий Анатольевич Бармен жана башка ар кыл мамлекеттерден илимпоздор онлайн тартибинде чыгып сүйлөштү.

Жеке өзү келе албаса да, видео аркылуу же онлайн ыкмада катышкан кыргызстандык илимпоздордун арасында И.Арабаев атындагы КМУдан профессор Айнагүл Жоошбекова, доцент Гүлзада Абдалиева, Кыргыз-Түрк Манас университетинин доценти Роза Абдыкулова, Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинин доценти Мукарам Ташалиева жана этнограф Гулида Ахмедова ж.б. болуп, кызыктуу илимий баяндамаларын ортого салышты.

Симпозиумда жалпысынан 45тен ашуун илимий баяндама, онлайн жана видео чыгып сүйлөөлөр жасалгандыгын бул илимий шериненин уюштуруучулар тобунун жетекчиси, Сиирт университетинин тарых бөлүмүнүн башчысы, доцент, тарых доктору, теги кыргыз Гүлниза Айнакулова айым тастыктады.

Ван көлүнүн өрөөнүнө сапар

Эл аралык симпозиум ишин жыйынтыктаган соң, 7-октябрда таңга маал Сиирт шаарынан түндүктү карай Сиирт университетинин автобусу менен сапарга чыктык.

Арабызда швейцариялык ишкер, журналист жана саякатчы Бернар Репонд өзүнүн достору менен чогуу болду. Алар Түркияга түз эле Кыргызстандагы саякатынан соң учуп келишкен.

Кыргызстандык тарыхчылардан профессор Назира Курбанова, доценттер Зухра Алтымышова, Бермет Бакеева, Таалайбек Жаркынбаев, учурда Түркияда эмгектенип жатышкан Назгүл Исабаева, Дастанбек Разак уулу, Жаштегин Сүйөркул уулу Тургунбайэр (ал Германиядагы 2 жылдык илимий-педагогдук ишмердиги соңуна чыгып, Түркияга жаңы эле кайткан) Сииртке келип катышты.

Ал эми Казакстандан тарыхчылар Шамек Тлеубаев, Күлгазира Балтабаева, Өзбекстандан – ташкендик Санобар Шадманова, Айбек (Ойбек) Махмудов жана Наргиза Кенжаева, Каракалпакстандын борбору Нөкис шаарынан профессор Аскар Жумашев, Тажикстандан болсо – Кожент шаарынан профессор Инамжан (Иномжон) Мамадалиев келишти.

Ван сапарында бизди Сиирт университетинин Гүлниза Айнакулова айым, Эркан Ысыкташ мырза жана башка окутуучу жана студент өкүлдөрү коштоп жүрүштү.

Ала-тоолук өнөрпоздор Нур Капарова жана Даражан Адылбек кызы жолду ката Анатолия жергесинде кыргыз, казак, өзбек, түрк тилдеринде обондуу ырларды аткарышып, башкаларды да ырдоого катыштырып, ара-чолодо азил сөздөр айтылып, айтор, ат жолунда казан асылып келди.

Ван көлүнүн сүрөтү
Ван көлүнүн жасалма жандоочу космостон тарткан сүрөтү. НАСА. 05.03.2005.

Чынын айтсам, оболу Ван көлү (Van Gölü) чаканыраак эле көл го деп ойлогом. Түркиянын чыгышындагы деңиз деңгээлинен 1646 м бийиктиктеги тоо өрөөнүндөгү бул көлдүн аянты 3574 чарчы чакырым экен. (Салыштырсак, Ысык-Көлдүн аянты 6236 чарчы чакырым, Соң-Көлдүн аянты 278 чарчы чакырым келет).

Сиирт дубанынан оболу Битлис дубанынын Битлис ооданына өттүк. Андан соң Татван ооданына келип, алгачкы жолу Ван көлүн батышынан кыйуулап өттүк. Андан ары Ахлат, Адилжеваз оодандарынан өткөн соң гана Ван көлүнүн түндүгүндө жайгашкан Эржиш (Erciş) ооданына келдик.

Бул оодан Ван дубанынын түндүк-батышындагы алгачкы оодан экен.

Оодандын борбору Эржиш шаарында бир сааттай кармалган соң, сапарыбызды ушул оодандын алкагында түндүктү карай уланттык.

Ван дубанынын райондорунун картасы. Түркия. 14.9.2015.
Ван дубанынын райондорунун картасы. Түркия. 14.9.2015.

Орто жолдо Кочкөпрү (Koçköprü, кыргызча которгондо Кочкор-Көпүрө) деген чакан суу сактагычты жандап өттүк. Эсиме Нарындан Ысык-Көлгө бара жаткандагы Кочкор өрөөнүндөгү Орто-Токой суу сактагычы келди.

Айтор, Эржиштен түндүккө карай 30 чакырымдай жол жүрүп, акыры тоо койнундагы айтылуу Улуу Памир айылына келдик.

Тек гана салыштырсак, Кыргызстандын Жети-Өгүз районунун Сыртын же Түп районунун Кең-Суу айылын элестетип көрөлү. Алардын калайыгын да “көлдүктөр” деп жалпы-жонунан атаганыбыз менен алардын айылдары көл жээгинен кыйла алыс жайгашкан эмеспи.

Улуу Памир айылындагылар деле атайылап Ван көлүнө чыгынып барышпаса, 30 чакырымдан алысыраакта түштүктө калган бул көл менен эч иши жок малчылык менен алектенип жашоого толук шарты бар элеттик калайык экен.

Улуу Памирдеги жыйындын айрым катышуучулары
Улуу Памир айылындагы маданий жыйындын айрым катышуучулары. 07.10.2023.

Улуу Памирдеги маданий иш-чаралар

Оболу Улуу Памир айыл өкмөтүнүн башчысы Айып Ватансевер мырза сырттан келген коноктордун автобусун тосуп алды.

Андан кийин айтылуу Рахманкул хандын урпактары Акбар Кутлу, Ариф Кутлу жана башка айылдык кыргыздардын жоон тобу менен учураштык.

Иш-чаранын башында айыл четиндеги көрүстөнгө жөө басып барып, ыраматылык Рахманкул хан Жапаркул уулунун бейитине келип, куран окудук.

Андан соң гана маданий чаралардын негизги бөлүмү – коомдук жыйын башталды.

Айылдык жергиликтүү бийликтин башчысы, теги кыргыз Айып Ватансевер мырза келген конокторго ыраазычылык билдирип сүйлөдү.

Ал эми ушул жалпы чаралардын уюштуруу тобунун жетекчиси, Сиирт университетинин тарых бөлүмүнүн башчысы Гүлниза Айнакулова айым Сиирт шаарында башталып, Ван дубанынын Улуу Памир жергесинде улантылып жаткан илимий жана маданий иш-чаралардын демөөрчүлөрүнө, анын ичинде ТИКА, ТҮРКСОЙ, Түрк өлкөлөрүнүн муниципалдык башчыларынын биримдиги (Türk Dünyası Belediyeler Birliği), Эржиш шаарынын башчысы (kaymakam) Мурат Каралоглу мырзага, Кыргызстандын бийликтерине жана башка тараптарга ыраазычылык билдирди.

Тасма. Гүлниза Айнакулованын сөзү. Улуу Памир айылы. 07.10.2023.

Гүлниза Айнакулова айым сөз берген соң, төргө швейцариялык конок Бернар Репонд мырза чыкты.

Ал кантип 1979-жылы январда Пакистандын Гилгит аймагында Рахманкул хан менен жолугуп калгандыгын, андан кийин 1982-жылдан соң маркум менен Вандын Улуу Памир айылында да учурашып тургандыгын саймедирлеп айтып берди.

Тасма. Бернар Репонд Улуу Памир айылында. 07.10.2023.

“Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн” дегендей, Б.Репонд мырзанын айткандарын Рахманкул хандын урпактары жана мекендештери ынтаа коюп жана терең ыраазычылык менен угуп турушту.

Рахманкул хандын 1990-жылдары бул айылдын башчысы да болуп иштеген уулу Ариф Кутлу мырза бул маданий жыйында чыгып сүйлөп, келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.

Тасма. Ариф Кутлу Улуу Памир айылында сүйлөөдө. 07.10.2023.

Айтмакчы, ал 1992-жылдын августунун этегиндеги окуяларды да биз менен маегинде эскерди. Дал ошол мезгилде жоон топ кыргыз Түркиянын Стамбул шаарынан Кыргыздардын дүйнөлүк биринчи курултайына өкүл болуп Бишкекке келген.

Ал кезде Бишкектеги “Манас” аба майданы эл аралык аба каттамдарын дээрлик кабыл ала элек болчу. Ошондуктан бул коноктор оболу Ташкен шаарынын аба майданына конушкан.

Алар ушул саптардын ээси менен чогуу Ташкенден үч такси жалдашып, Бишкекке таңга маал келгенбиз. Анан алар биздин чакан батирибизде бир аз тыныгып, конок болуп кетишкен. Ариф мырза ошол окуяларды да эскерип айтып отурду.

Рахманкулдун уулдарынын бири, сүрөтчү катары дурус таанымал Акбар Кутлу мырза менен анын Вандагы университетте иштеп жаткан илимпоз уулу Фатих мырза да жыйында чыгып сүйлөштү.

Тасма. Акбар жана Фатих Кутлу мырзалар. 07.10.2023.

Акбар Кутлу мырзанын чыгармачылыгы тууралуу “Азаттык” мурда да баяндаган эле.

Азыр ал Ван жергесиндеги Улуу Памир айылынын кыргыздарынын жашы эң улуу аксакалы болуп калган экен.

Мааракелик жыйында, албетте, Казакстан, Өзбекстан, андагы Каракалпакстандан, ошондой эле Тажикстандан келген өкүлдөргө да сөз берилди.

Алар жалпы эле Түркиядагы 100 жылдык маараке жаатында, ошондой эле Ван кыргыздарынын Пакистандан Түркияга көчүнүн 41 жылдыгына да байланыштуу да жакшы каалоо-тилектерин ортого салышты.

Тасма. Казакстандык тарыхчы Шамек Тлеубаев. 07.10.2023.

Маселен, Алматыдагы Чокон Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун директорунун орун басары, тарых илимдеринин кандидаты Шамек Тлеубаев өз сөзүндө кыргыз жана казак элдеринин топтору баскынчылыктан жана зулумдуктан баш калкалап, мурда да чет жактарга журт которгон учурлар болгондугун эскерди.

Маданий кече ыр-күүлөр, бийлер менен коштолду

Түркиянын Ван дубанындагы Эржиш ооданына караштуу Улуу Памир айылындагы маданий иш-чаранын концерттик бөлүмү да катышкандардын купулуна толду.

Кыргыз өнөрпозу Нур Капарова айым бул кечеде бир катар ырларды аткарды. Анын ичинде ал жылаажындай үнү менен Токтогул Сатылган уулунун “Алымкан” ырын аткарып берди.

Тасма. Нур Капарова Токтогулдун “Алымкан” ырын аткарат. 07.10.2023.

Айтмакчы, бул ыр сабындагы “жүлдөйсүң” сөзүн алатоолуктар “дилдейсиң” деп бузуп айтып жүрүшкөндүгүн КЭРдин ШУАРындагы таанымал фолклорчу, этнограф профессор Мамбеттурду Мамбетакун бир нече ирет сынга алгандыгы эсибизде.

Кытайдын Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун борбору Артыш шаарынан чыгышта Каражүл кыштагы бар. Бул географиялык аталыштагы “жүл” сөзү атка ээр жана көрпөчө токулгандан кийин алардын үстүнөн жабылчу жука, назик, кооз килемчени билдирет.

Өз аткаруусунда Нур айым ырдагы бул сөздү “жүлдөйсүң” деп баса айтып ырдаганына биз өзгөчө ыраазы болдук.

Кечеде Нур Капарова айым өз шакирти Даражан Адылбек кызы менен чогуу бир канча ырды аткарып, угармандарга кыргыз музыка өнөрүнүн кереметин тартуулашты.

Тасма. Нур Капарова менен Даражан Адылбек кызы Т.Байзаковдун “Кыргыз жери” ырын аткарышты (обону – Апаз Жайнаковдуку). 07.10.2023.

Улуу Памир айылындагы мектептин таланттуу окуучу кыздары да өз кезегинде кыргыз бийлерин аткарышып, чогулган калайыктын кол чабууларына арзышты.

Аларды машыктырган ушул айылдык карындашыбызга да алкыш айттык.

Улуу Памирдеги бийчи кыздар. 07.10.2023.
Улуу Памир айылындагы мектептин окуучу кыздары эл аралык маданий жыйындын катышуучулары үчүн кыргыз бийлерин аткарып беришти. 07.10.2023.

Мектеп көйгөйлөрү

Ара-чолодо бул айылдагы мектептин көйгөйлөрү менен да тааныштык. Айылдыктардын олуттуу өтүнүчтөрүнүн бири мындай – Кыргызстандан бул кыштактагы жалгыз мектепке атайын окутуучулар жөнөтүлсө, алар кыргыз тили, тарыхы жана маданияты, кыргыз музыкасы жана көркөм өнөрү тууралуу расмий сабак өтүп, кошумча ийримдер ачып, эрезеге жеткен ыктырдуулар үчүн ар кыл сабактар өткөрүшсө сонун болмок.

Албетте, учурда Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү жана маданият министрликтери мурда эч болуп көрбөгөндөй эки тарап үчүн пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүп келишет.

Буга чейин да Кыргызстандан мугалимдер келип иштеп кеткен учурлар болгон. Маселе – ошол салтты жаңы деңгээлде улантууда турат.

Албетте, Түркиянын окуу стандарттарына эч кедерги тийбегендей иш-аракет жүргүзүү абзел экендиги түшүнүктүү. Азыркы тапта Кыргызстанда деле түркиялык орто мектептер ачылууда жана байсалдуу иштеп жатышат.

Ван кыргыздарынын улуу жана орто муундагы өкүлдөрү эне тилин дурус билишет. Алардын бир катары латынча кыргыз текстин гана окуп тим болбостон, кыргыздын кирил жана кыргыздын арап жазмаларын да өздөштүрүшкөн.

Ал түгүл, жаш тарыхчы Дастан Разак уулу ж.б. белгилегендей, кыргыз тилиндеги “Азаттыктын” берүүлөрүн, айрым кыргызстандык сыналгы каналдарын интернет аркылуу угуп жана көрүп жаткан вандык кыргыздар да арбын.

Бирок алардын жаш муундары өз эне тилин жана маданиятын бара-бара унуткарбашы үчүн айылдыктар гана эмес, сырткарыдан Кыргызстандын бийликтери жана жарандык коому көмөк көрсөтүшсө алгылыктуу иш-аракет болор эле.

Улуу Памирдеги көкбөрү таймашы. 07.10.2023.
Эржиш ооданына караштуу Улуу Памир айылындагы кыргыз жаштары чет өлкөлүк коноктор үчүн көкбөрү оюнун көрсөтүштү. 07.10.2023.

Көкбөрү – маданий чаранын жыйынтыктоочу шааниси болду

Мектептин жанындагы маданий иш-чаралар аяктаган соң, айылдын жаштары сырттан келген коноктор үчүн айылдын түндүк-батыш жагындагы табигый ат майдан болгон ээн талаада көкбөрү оюнунан өрнөк көрсөтүп, аттын кулагы менен ойноп турушту.

Аларды көрүп, чыдабай кетип, учурда Түркияда изилдөө жүргүзүп жаткан жаш илимпоз Дастан Разак уулу да бир уландын атын сурап минип, чабендестигин жана көкбөрүчү экенин көрсөттү.

“Ат адамдын канаты” деп бабаларыбыз айткан. Эр киши аты менен, куш канаты менен баалуу экендигин бабабыз Махмуд Кашгари Барскани мындан он кылымдай илгери эскертип жазган.

Улуу Памир айылынын жаштарынын бул өнөрүн көрүп, чет өлкөдөн келген коноктор өзгөчө маашырланышты.

Улуу Памирдеги оюн майданында. 07.10.2023.
Улуу Памир айылындагы көкбөрү оюнун көрүү үчүн келген кыргызстандык жана түркиялык илимпоздор менен теги кыргыз түркиялык жоокерлер. Ортодо ак калпакчан (солдон бешинчи) – сүрөтчү Акбар Кутлу. Ал маркум Рахманкул хандын уулу. 07.10.2023.

Ара-чолодо бул оюнду чогуу көргөн теги кыргыз түркиялык жоокерлер менен сүрөткө да түшүп койдук.

Террорчулукка каршы күрөштө каармандарча набыт болгон баатыр вандык кыргыз жигиттери да бар.

Вандык кыргыз жоокерлери Түркияда аскер кызматын мыкты өтөп, чек араны кайтарууга салым кошуп келишет.

Алардын чек арачы кызматындагы бир өкүлү менен былтыр күзүндө Сиирт шаарынан Диярбакыр тарапка өтүп бара жатып учураган элем.

Балким, көкбөрү, күрөш жана башка элдик оюндар тээ Ооганстандын Памиринен бери сакталган жана аларды жаштайынан чыйрактыкка үйрөткөн мурдагы жоокердик турмуштун издеринендир.

Улуу Памирдеги жыйындын катышуучуларынын тобу. 07.10.2023.
Эржиш ооданына караштуу Улуу Памир айылындагы маданий иш-чаранын бир катар катышуучулары. 07.10.2023.

Алкыш сөздөр жана көйгөй чечүү ниеттери

Сиирт жана Ван жергесиндеги мыкты иш-чараны уюштургандыгы үчүн Түркияга ар кыл чет өлкөлөрдөн келген коноктор ТИКА, ТҮРКСОЙ уюмдарына, Түрк өлкөлөрүнүн муниципалдык башчыларынын биримдигине, Түркиянын Эржиш ооданындагы тийешелүү бийлик мекемелерине, Улуу Памир айыл бийлигине, Сиирт университетинин ректоратына, доктор Г.Айнакулова жетектеген уюштуруу тобунун жалпы мүчөлөрүнө байма-бай алкыш айтып жатышты.

Ал эми Сиирт университетиндеги жана Эржиштеги Улуу Памир айылындагы илимий жана маданий иш-чараларга Кыргызстан тарабынан иштиктүү демөөрчүлүк кылгандардын арасында Кыргызстандын Президентинин кеңешчиси Арслан Капай уулу Койчиев менен Кыргызстандагы “Жаңы мезгил” саясий партиясынын лидери Рита Сулайманова айым да болду. Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, Стамбул шаарындагы консулдугу да кыйла кол кабыш кылышты.

Өзгөчө айтсак, Рита Сулайманова айым Бишкектен жөнөткөн жазуучу Чыңгыз Айтматовдун портрети, “Манас” эпосуна арналган белек жана көп сандагы кыргызча китептер Улуу Памир айылынын мектебине жана жамаатына салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Ошентип, 2023-жылдын 4-октябрында Сиирт шаарында өз ишин баштап, 7-октябрда Вандагы Улуу Памир айылында жыйынтыкталган бул илимий жана маданий иш-чаралар түрколог жана кыргыз таануучу адистер үчүн унутулгус окуялардан болуп калды.

Той да болоор, тойдун эртеси да болоор дегендей, Ала-Тоодон келген илимпоздор Улуу Памир айылындагы айрым ачык жана көмүскө көйгөйлөр жөнүндө болочокто иштиктүү талкуу жүргүзүүгө жана колунан келишинче айрым көйгөйлөрдү чечүүгө огожо болууга белсенип, өз илимий мекемелерине кайтып кетишти.

Ал көйгөйлөрдүн айрымдарын ОшМУнун доценти Таалайбек Жаркынбаев "Фейсбук" барагында шардана кылды.

Мындагы көйгөйлөрдүн айрымдарын чечүүгө жеке салым кошууга, ал түгүл Улуу Памирге бир канча убакытка келип иштеп кетүүгө дилгирлигин билдирген Нур Капарова карындашыма да ыраазы болдум.

Профессор Назира Курбанова болсо билим берүү тармагынын жаңы министри Догдуркүл Кендирбаева айымга сөзсүз жолугуп, маселелерди төкпөй-чачпай баяндайм деп белсенип кетти.

Негизи, эгемендик доордо айгинеленгендей, кыргыздын чечкиндүү кыздары элибизге жаңы чыйыр табууга омоктуу салым кошуп келишет эмеспи.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG