Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Вацлав Гавел – диссиденттик аскар тоо


Маркум Вацлав Гавелдин ЭЕ/АҮ ("Азаттыктын") башкеңсесинин имаратынын маңдайкы дубал бетиндеги чагылдырма сүрөтү. Прага ш., 2011-жылдын 21-декабры.
Маркум Вацлав Гавелдин ЭЕ/АҮ ("Азаттыктын") башкеңсесинин имаратынын маңдайкы дубал бетиндеги чагылдырма сүрөтү. Прага ш., 2011-жылдын 21-декабры.

Чех драматургу, коомдук жана мамлекеттик ишмери, мурдагы диссидент Вацлав Гавелдин (1936-2011) элесин эскерип...


Мурдагы Чехословакиянын тогузунчу жана акыркы президенти, пост-коммунисттик эгемен Чехиянын туңгуч мамлекет башчысы Вацлав Гавел (Václav Havel, 1936-жылдын 5-октябры, Прага - 2011-жылдын 18-декабры, Градечек у Влчиц) өзүнүн өрнөктүү өмүрү менен кишинин жана улуттун кадыр-баркын тебелеген мамлекеттик системага каршы кантип күрөшүү керектигин, эл ыңкылабы жеңген учурда интеллектуал жана бийликтеги учурун жасалма узартууга тырышпаган топуктуу мамлекет башчы катары кантип элге кызмат кылууга болоорун көрсөттү.

Ошондуктан 1975-жылдан бери Францияда байырлаган чех жазуучусу, коммунисттик Чехословакияда эмгектерине тыйуу салынган Милан Кундера (Milan Kundera) мырза Вацлав Гавел дүйнөдөн өткөндө маркумдун “эң баалуу эмгеги – бул анын бүткүл өмүрү болду” деп таасын жана калыс баалады го деп санайбыз.

Диссиденттик чагы

Ата-тегинин Чехословакиядагы буржуазиялык чөйрөгө таандык болгонунун айынан, Вацлав Гавел социалисттик доордо кыйла запкы көргөн. Бирок жаш Вацлав ого бетер чыйралып, көз каранды эмес калемгер катары калыптана берген.

1968-жылы августта СССР баштаган “Варшава келишимине” мүчө мамлекеттер аскерин Чехословакияга уруксатсыз киргизген алгачкы аптада Вацлав Гавел “Эркин Европа” үналгысынын Чехословак кызматы аркылуу бул окуяларды сынга алган.

Теги словак Александр Дубчек баштаган чехословак коммунисттеринин 1968-жылдагы реформалык кыймылы (“Прага жазы”) чет элдик баскынчы аскер күчү менен ойрон кылынган соң, өлкөдө Вацлав Гавелдин театрдагы ишмердигине тыйуу салынган.

Дал ушул окуяларга байланыштуу Гавел өз саясий ишмердигин жанданткан.

Анын бир катар чыгармалары (арасында Фердинанд Ванек - Ferdinand Vaněk деген кейипкер тууралуу пьесалары) жашыруун көчүрүлүп, бүткүл Чехословакиянын аймагы боюнча тымызын колдон колго өтүп таркатылган.

1976-жылы өлкөдөгү коммунисттик режим рок-музыканын көз каранды эмес топторун куугунтукка ала баштаган. “Ааламдын желим кишилери” (The Plastic People of the Universe) деп аталган рок тобунун мүчөлөрү камакка алынганда, Вацлав Гавел, Йиржи Немец жана башка интеллектуалдар камактагы өнөрпоздорго тилектештик билдирип коргоп чыгышты.

“Хартия 77” деген саясий демилге тобунун кайрылуусуна да кол коюп, Вацлав Гавел коммунисттик режимдин цензурачыл саясатын күрөшкер интеллектуал катары сындаган.

Алсыздардын кудурети

Вацлав Гавел 1978-жылы “Алсыздардын күчү” (Moc bezmocných) деп аталган даңазалуу эссесин жазып, анда ар кандай тоталитардык жана авторитардык түзүлүштүн карапайым кишини кулга айландырууга багытталган жексур маңызын ачып берген.

Маселен, пост-тоталитардык түзүлүштө да (мурдагы тоталитардык түзүлүштөгүдөй эле) идеология ар бир кишиге мээлей сыяктуу таңууланаарын, дүйнөнү мындай коомдогу киши “идеологиялык мээлей” аркылуу гана баалаарын Гавел образдуу түшүндүрөт. Мындай коомдо турмуш чылк эле жалган сөздөн жана эки жүздүүлүктөн турат.

“Чындык жана сүйүү жалгандык менен жек көрүүнү жеңет”. Вацлав Гавел.




Аткаминерлер бийлиги өзүн элдик бийлик катары сыпаттайт. Бийлик жумушчу табынын атынан чыккан менен, дал ушул тапты кулга айландырган.

Кишини ар тараптуу тебелеп-тепсөө аны биротоло кулдуктан куткаруу катары түшүндүрүлөт. Маалыматтан обочодо кармоо - маалыматты камсыз кылуу катары сыпатталат.

Бийликти коомдук көзөмөлгө алуу усулдарынын өкмөт тарабынан башкарылып калышы жана өкмөттүн өкүмзор бийлиги – мыйзамдуулукту сактоо катары сыпатталат. Маданиятты тебелеп-тепсөө аны өнүктүрүү катары бааланат.

Улуу дөөлөтчүл (империялык) таасирдин жайылтылышы – эзилгендерге көмөк катары бааланат. Шайлоо оюну – демократиянын жогорку түрү катары, эркин ой жүгүртүүгө тыйуу – эң алдыңкы илимий көз караш катары, баскынчылык – бир туугандык жардам катары таңууланат.

Вацлав Гавелдин бул баасы 1970-80-жылдардагы Советтер Биримдиги менен Ортоңку жана Чыгыш Европадагы коммунисттик мамлекеттер үчүн гана эмес, бир далай пост-советтик авторитардык жумурияттар үчүн да таамай мүнөздөмө болуп кала берүүдө.

Дал ушул эки жүздүү түзүлүшкө каршы көтөрүлгөн диссиденттик кыймыл, Вацлав Гавелдин “Алсыздардын күчү” эссесиндеги оюна караганда, системадагы сырты жалтырак, ичи калтырак болгон үстүрт өзгөрүүлөрдү эч кабыл албайт.

Диссиденттер абстракттуу жаркын болочок тууралуу кооз сөзгө убакыт коротпостон, конкреттүү кишинин таламын “ушул жерде жана азыркы учурда” коргоо менен алектенет.

Вацлав Гавел мекенинде бир нече жолу коммунисттик абакта отуруп чыккан. Бирок бул анын алсыздыгын эмес, инсандык кубат-кайратын айгинелеген.

Ыңкылапчы жана нарктуу лидер

Улутунун ар-намыстуу уюткусуна, билимдүү каймагына кирген Вацлав Гавел 1989-жылы Чехословакиядагы ыңкылапчыл кыймылдын лидерлеринин бирине айланат. Бул жибек ыңкылабы ошол жылы 17-ноябрда Чехословакиядагы коммунисттик режимди эч кандай зомбулук аракеттерсиз эле кыйраткан.

Антикоммунисттик “Атуулдук форумдун” жетекчиси Вацлав Гавел 1989-жылы 29-декабрда пост-коммунисттик Чехословакиянын президенти болуп шайланды.

Ал Чехословакиянын бирдиктүү мамлекет болуп сакталышын колдогон. Бирок 1992-жылы 3-июлда Чехословакия Федерациялык кеңеши аны президенттикке шайлаган жок, анткени парламенттеги словак депутаттар федерациядан чыгууну көксөп, добуш берүүгө катышпай койгон.

Словакия өзүнүн Көз каранды эместик декларациясын жарыялаган соң, 1992-жылы 20-июлда Вацлав Гавел Чехословакия президенти кызматынан чегингенин жарыялады.

Өз алдынча Чехия жумурияты түзүлгөндө, 1993-жылы 26-январда ал президенттик шайлоого талапкер катары катышып, 2-февралда шайлоодо жеңди.

Бийликтен кетүү алгоритминдеги Гавелдин чыйыры

Эки мөөнөт президент болгон соң, “дагы башкара туруңуз” деген азгырыктуу чакырыктарды четке кагып, Гавел аксакал бийликтен жогорку сый-урмат, кадыр-барк менен кетти.

Дал ушул “кылыгы” да аны авторитардык бийликти өз чеңгелинде мыкчыган жана өздөрүнүн баалуу реформаларын өмүр бою улутуна таңуулагысы келген далай “евразиялык динозаврлардын” жек көрүүсүнө арзытты. Андай ачкөз көсөмдөр башкарган мамлекетке маркум Гавел “Абсурдистан” деп жалпы ат койгон.

2009-жылы ага германдык кадыр-барктуу “Квадрига” сыйлыгы ыйгарылды, бирок бул сыйлык 2011-жылы орус премьери Владимир Путинге да ыйгарылганын уккан соң, Гавел өз сыйлыгын кайра артка кайтарган.

21-кылымдын башында Орусия, Беларус, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу мамлекеттерде жана Кыргызстанда Вацлав Гавелге расмий сыйлык берүү аракеттери байкалгандыгы тууралуу азырынча менин колумда эч маалымат жок (мындай маалыматыңыздар болсо бөлүшүүңүздөрдү өтүнөөр элем).

Башкасын билбейм, ыңкылаптан кийинки Кыргызстандын сыйлыгын Гавел аксакал алышы мүмкүн болчу. Азыр да анын ысымын Ала-Тообузда шаар көчөсүнө же китепканага берүү ылайык болоор эле. Себеби ал теги чех боло туруп алыскы Теңир-Тоодогу боштондукчул заманбап кыргыз рухун да чагылдыра алды.

Вацлав Гавелдин “Чындык жана сүйүү жалгандык менен жек көрүүнү жеңет” деген накыл сөзү – эми жалпы дүйнө коомчулугуна шам чырак болгон ураанга айланды.
XS
SM
MD
LG