Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:45

Маргалаң тургунунун 18 небереси Сирияда жүрөт


"Ислам мамлекети" террордук тобунун байрагын көтөргөн киши. Сирия.
"Ислам мамлекети" террордук тобунун байрагын көтөргөн киши. Сирия.

Өзбекстандын Маргалаң шаарында балдары Сириядагы согушка кеткени билинген бир бүлө кыйын күнгө кабылды. Колу-кошуналар бул үйгө кирип-чыгууну токтотуп, анда жашагандар атайын кызматтардын катуу көзөмөлүндө.

Ал аз келгенсип ошол тегеректе жашагандар бул үй-бүлөнү көчүрүп жиберүү маселесин да козгоодо. Карыган ата-эне балдары Сирияга кеткенин күч органдарынан укканын, алар Түркияга иштегени кеткен деп жүрүшкөнү айтылууда.

Фергана облусундагы Маргалаң шаарынан 18 киши Сириядагы согушка кеткени сентябрь айында белгилүү болгон. Эми алардын баары бир үй-бүлөдөн чыкканы– мурдагы милиция кызматкери Мухаммадсадык Ташбалтаевдин неберелери экени аныкталып отурат. Шаардагы Галатой конушунда жашаган бул кишинин төрт небереси бала-чакасы менен Түркияга иштегени барабыз деген бойдон дайын-дарексиз кеткен.

“Азаттыктын” өзбек кызматына жергиликтүү бир тургун Сирияга кеткен 18 адамдын баары жогоруда сөз болгон Ташбалтаевдин уулу Ахаджан менен келини Матлубахандын перзенттери экенин билдирди. Анын айтымында, бул үй-бүлөнүн үч уул, бир кызы быйыл август айына чейин бала-чакасы менен Өзбекстандан чыгып кеткен. Алгач Индияда диний билим алган Абдужаббор аттуу бир уулу аялы менен үч баласын алып Сирияга жол тартат. Анын артынан Абдусамат деген чоң уулу кетип, Маргалаңда калган аялы менен төрт баласын чакырат. Андан кийин карындашы күйөөсү менен үч баласын алып, агаларынын жолун улайт. Ошентип баш-аягы 18 адам аз эле убакта Сирияда болуп калат.

Карыган ата-эне балдары Сирияга кеткенин сентябрь айында үйүнө келген атайын кызматтын өкүлдөрүнөн угат. Ошондон тарта бул үй көзөмөлгө алынып, карыган кемпир-чал айыл аралап баса албай калат. Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кишилери “Балдарыңызды чакырыңыз, эртең бир ууртам сууга зар болуп калсаңыз, сизге ким кам көрөт”, - деп атанын айласын кетирип жатышыптыр дейт "Азаттыктын" өзбек кызматы менен байланышкан маргалаңдык тургун.

Ал андан ары бул окуядан соң маале башчысы менен аялдар иштери боюнча кеңешчиси кызматтан алынып, жергиликтүү калк мындай үй-бүлөгө орун жок, чыгып кетсин деп жатышканын кошумчалады. Ошол эле учурда карыган ата-энеге карата бийликтин мындай басым-кысымын айыптагандар да жок эмес экен.

"Азаттыктын" кабарчысы бул окуя боюнча Маргалаң шаар бийлигине чыгып, эч кандай жооп ала алган эмес. Шаардагы маале комитеттеринин биринин атын айткысы келбеген кызматкери Галатой конушунан Сирияга кеткендер жана кетүүгө камынгандар болгонун ырастап гана тим болду.

Аталган мааледен кабар алып келген ферганалык укук коргоочу Абдусалам Эргашев Ташбалтаевдин үй-бүлө мүчөлөрү катуу көзөмөлдө тургандыктан сүйлөшүүгө мүмкүн болбогонун айтат:

- Мен Мухаммадсадык Ташбалтаевдин колу-коңшулары жана аны тааныгандар менен сүйлөштүм. Алар да бул төрт үй-бүлө четке иштегени кеткен деп жүрүшкөнүн, алардын Сирияга кеткенин жергиликтүү гезиттер менен милициянын маалыматтарынан гана билишкенин айтып жатышат. Азыр жашы 80ден ашып калган Мухаммадсадык Ташбалтаев совет доорунда милицияда иштеген экен. Аны тааныгандар бул үй-бүлөнүн диндарлыгын да билишпегенин айтышты. Эгер алар Сирияга кеткени ырас болсо туура эмес иш кылышыптыр, биз аларды эч качан актабайбыз деп жатышат.

Ферганалык укук коргоочу Абдусалам Эргашев андан ары соңку бир жыл ичинде облус аймагында Сирияга жол тартууга камынып жатканы аныкталган дагы 5-6 адамга козголгон иштен кабары бар экенин, алардын баары Сирияга баруу ниетинде болгонун кошумчалады. Анын сөзүнө караганда, өзбек тартип коргоо органдары Сириядагы согушка кеткен же ал жакка аттанганы жатканда кармалгандар тууралуу маалыматтарды жарыялабаганы менен бийликтер жер-жерлердеги имамдар жана маале комитеттеринин үгүтү аркылуу жарандардын Сирияга кетүүсүн токтотуу аракеттерин көрүүдө.

Канткен менен акыркы убакта өзбек бийлиги Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарына кошулуп кеткен жарандары боюнча бир канча расмий маалыматтарды жарыялаган. Алардын акыркысында учурда 200 чакты өзбек жараны аталган топтун курамында согушуп жүргөнү айтылган. Маселен, өлкөнүн Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Абдулазиз Мансур быйыл мартта ошол 200 жакты жарандын экөө-үчөө гана Өзбекстандан Сирияга түз кеткенин билдирген.

Бирок Борбор Азия боюнча эксперттер Сирия менен Иракта 500 чакты өзбек жараны согушуп жүргөнүн айтса, расмий эмес башка маалыматтарда алардын саны миңден ашары белгиленип жүрөт.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG