Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Өзбекстан "өз балдарын" өгөйлөдү


Өзбекстандын тартип сакчылары
Өзбекстандын тартип сакчылары

Акыркы күндөрү Өзбекстанда диний экстремизмге шектелип дагы ондон ашуун киши кармалды. Алардын көбү мурда чет мамлекеттерде иштеп келгендер.

Окуяга тыкыр көз салгандар бийликтин чет өлкөдөн келген жарандарын кармоо чарасы өткөн жылы эле башталганын айтышат.

“Азаттыктын” өзбек кызматы Ташкенттеги Ракат, Салам чайхана, Себзар жана Жар Арык маалелеринен 14 киши кармалганын кабарлады. Маалыматка караганда, алардын көбү мурда АКШ жана башка чет мамлекеттерде иштеп келгендер.

Диктофонго сүйлөп бергиси келбеген, маалелердин биринин тургуну кармалгандар салафий диний агымына байланышы бар деп айыпталып жатканын билдирди.

Ал эми атайын кызматтын кысмагынан чочулаган ата-энелер балдары тууралуу кенен маалымат беришкен жок.

Болгону, кармалган Шерзод Абдуллаев Флорида жана Виржиния штаттарында иштеп келгени анык болду. Ал эми андан бир аз кийинчерээк Данияр Ахмедов, Мансур Шомансуров, Нодир Турабаев жана Анвар аттуу жигиттер алгач 15 суткага камалып, кийинчерээк кылмыш иши ачылган. Алардын кээ бири Өзбекстанга сырттан келгенине үч жылга айланса, айрымдары жакында эле кайтышкан.

Азыр АКШда жашаган өзбекстандык Миррахмат Муминов камакка алынгандардын айрымдарын тааныйт экен:

- Кээ бири сакалдарын аз-маз өстүрүп, кээ бирлери мечитке барып жүрүшкөнү үчүн диний айып тагылып атат. Мен кээ бири менен тааныш элем, менимче, кайсы бир экстремисттик топтун мүчөлөрү болгон эмес. Алардын көбү АКШга билим-тажрыйбасын жогорулатуу үчүн барышып, кайра Өзбекстанга кайтышкан студенттер болчу. Эч кандай проблемасы жок жашашчу. Өткөн жылы сентябрда Ш.Х. аттуу алар менен АКШда бир шаарда турган киши сегиз жылдан кийин Өзбекстанга кайтып келген. Ташкент аэропортунан аны атайын кызматтын кишилери кармап, төрт ай абакта отурган. Ошол киши жакында калгандарга каршы көрсөтмө берди деп атышат.

Мындан тышкары Ташкентте дагы ондогон жарандар кармалганы “Азаттыкка” белгилүү болду. Азырынча алардын аты-жөнүн тактоого мүмкүн болбой жатат.

Бирок "Азаттыктын" өз булактарынын билдиришинче, кармалгандар арасында Араб Эмираттарында иштеп келгендер жана өкмөттүк “Үмүт” фондунун стипендиясы менен АКШда окуп келгендер да бар. АКШда жашаган Миррахмат Муминов Өзбекстанга барып-келип турган жердештеринен уккандарын да кошумчалады:

- Өзбекстанда ушундай бир иш башталыптыр. Мисалы, кайсы бир адамдын үйүнө атайын кызматтан же милициядан келишип, биз жакында Америкадан ушунча адамды кармап келдик. Керек болсо Европа, Америка же Орусияда болобу уулуңузду да алып келебиз деп коркутуп, колубуз баарына жетет деген түшүнүк берилип атканын уктук. АКШнын жашыл картасын алган, Өзбекстанга барып-келген тааныштарыбыз алардын кээ бирлерин кармап алышып, үч-төрт саат, кээлерин эки-үч күндөп суракка алышканын айтышты. Америкада кайсы даректе жашайсың, балдарың барбы, алар Американын жараныбы, болсо эмнеге Өзбекстандын жарандыгын алып бербейсиң, элчиликке неге барып турбайсың, деген суроолорду беришет экен.

Өзбекстанда чет өлкөлөрдөн келген жарандарды кармоо 2015-жылдын ноябрында башталган. “Азаттыктын” өздүк булактары ал кезде Ташкент шаарынын жана Ташкент облусунун райондорунан 200дөн ашуун адам күч кызматтарынын торуна түшкөнүн билдиришкен.

Байкоочулар жакында кармалган 14 киши мына ошонун уландысы экенин айтышууда. Жалгыз айырмасы - мурдагыларды “Ислам мамлекети” диний экстремисттик тобу менен катышта болгон деп айыпташса, эмкилеринен "салафий" деп деп шектенип жатышат.

Өзбекстан президенти Ислам Каримов буга чейин сыртка кеткен өзбек жарандарына карата бир нече жолу терс пикирин билдирген эле. Бир жолку маегинде Орусияга иш издеп кеткендерди "өзбек элин уят кылган бекерпоз" деп атаган.

XS
SM
MD
LG