Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Өзбекстан тажиктерге “эшигин” жапты


Жүз миңдеген тажик жарандары эми туугандарын көрүш үчүн да, аймактан өтүш үчүн да башка жолду издеши керек
Жүз миңдеген тажик жарандары эми туугандарын көрүш үчүн да, аймактан өтүш үчүн да башка жолду издеши керек

Бүгүндөн тарта Өзбекстан өзүнүн Тажикстан менен чектешкен жердеги негизги көзөмөл-өткөрүү пунктун жапты. Буга эмне негиз бергенин расмий Ташкент түшүндүргөн эмес. Ал арада Өзбекстандын аймагы аркылуу башка жактарга каттаган 300 миңдей тажик жараны эми башка жолдорду издөөгө мажбур болуп жатышат.

Сөз Өзбекстандын Самарканд облусу менен Тажикстандын Зеравшан өрөөнүн бириктирген чекара бекети жөнүндө болуп жатат. Тажик бажы кызматынын бул аймактагы бөлүмүнүн башчысы Исрафил Исмаилов “Азаттыктын” тажик редакциясынын кабарчысына айтканына караганда, чек ара чынында жекшембиде эле жабылган.

“Биз чек аранын жабылышынын себебин сурап, Өзбекстанга бир нече ирет кайрылдык. Тилекке каршы, Өзбекстандын чек ара жана бажы кызматтары бул боюнча бизге түшүндүрмө беришкен жок, - деди ал кабарчыбызга. - Чек ара 31-октябрда жабылган. Бул жерден ары-бери өтүү, жүк ташуу толугу менен токтотулду. Расмий Душанбе да буга жооп иретинде чекарасын жабуу тууралуу чечимин чыгара элек”.

Тажикстандын бул Пенжикен районунда калктын төрттөн бирин өзбектер түзөт. Аймактагы элдин ичинде чек аранын эки жагында тууган-туушкандары барлар көп. Эми чек ара жабылгандан кийин алар үчүн туугандык мамиле күтүү да оорлошот өңдүү.

Сади Жалилов - ошол чечимдин айынан жабыр тартып жаткан пенжикендиктердин бири. Анын жубайы Самарканддан болот, өзү Пенжикенден.

“Биздин ортодогу мамилебиз 100 жылдап саналат. Эми кандай болот? Менин, маселен, жубайым Самарканддан. Анын ата-энеси, бир туугандары баары ошол жакта турушат. Эми аларды аялым көрө албайт, - дейт С.Жалилов. - Менин балдарым да тайэне-тайатасы менен көрүшө албайт. Бул – такыр акылга сыйбаган чечим. Биз эми туугандарга ушул негизги бекеттен эмес, башка жолдор аркылуу барууга мажбур болобуз”.

Өзбекстан менен Тажикстандын мамилеси көп жылдардан бери эле жакшы эмес. Эки өлкөнүн ортосунда 18 жылдан бери бири-бирине учак каттабай калган. Соңку кездери өзбек чек ара кызматтары темир жол менен анын аймагы аркылуу Тажикстанга бараткан жүктөрдү бир нече ирет токтотушкан эле. Муну алар жөнөкөй эле техникалык себептер менен түшүндүрүштү. Бирок Душанбедегилер жана көптөгөн аналитиктер азыр чынында расмий Ташкент Тажикстанда Рогун ГЭСинин курулушуна жөнөтүлгөн материалдарды өткөрүүнү каалабайт дешти. Өзбекстан аймакта бул мамлекет эле эмес, Кыргызстанда да өзүнүн ГЭСине ээ болушуна каршы экенин ачык билдирип жүрөт.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG