Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:56

Өзбек журналисттери ачкачылыкты токтотушту


Малохат Эшонкулова
Малохат Эшонкулова

Ташкендеги Мамлекеттик телеканалдын эки кабарчысы Малохат Эшонкулова менен Саодат Омонова ишканадагы коррупцияга, жердешчиликке жана башка мыйзамсыздыкка нааразы болуп 27-июнда ачкачылык жарыялашкан. Ден-соолугу начарлап кеткендиктен, алар акциясын токтотушту.

Алар президент Ислам Каримов “бизди кабыл алсын” деген талап коюшкан эле.
Бирок ушул аптада экөө тең алдан тайып, саламаттыгы кескин начарлап кеткендигине байланыштуу ачкачылыкты токтотушту.

19 күн ачка жаткан журналист Малохат Эшонкулова “Азаттыкка” өзүнүн чечими тууралуу: “Азыр күч-кубатым калбады. Эрте менен кан кустум. Ушундан улам ашказанымдан го деп коркуп кеттим, - деди. – Эмне болгонун өзүм да билбей калдым. Алсыз болуп турам, башымды да көтөрө албайм. Эрте менен мага алма менен лимондун ширесинен бир аз ичиришти. Азыр да ошону ичип отурам”.

Эшонкулова менен бирге ачкачылык жарыялаган дагы бир журналист Саодат Омонова ушул аптанын башында кан басымы жогорулап кетип, ооруканага жатып калганда акцияны токтотууга аргасыз болду. Ал жалпысынан 16 күн ачка жаткан эле.



Өзбекстандагы бул журналисттер мамлекеттин президенти алардын укугун коргошун, аларды кабыл алышын талап кылып ушундай аргасыз амалга барышканын айтышкан.

Алар Улуттук телеканалдын “Жаштар” редакциясында иштешкен. Өздөрүндөгү мыйзам бузуулар токтотулушун талап кылып, Омонова менен Эшонкулова былтыр 6-декабрда Ташкендин борбордук аянтында пикет өткөрүшөт. Үч күндөн кийин экөө тең иштен айдалат.

Ачкачылыгынын жетинчи күнүндө алар интернеттеги youtube сайты аркылуу билдирүү таратышты. Анда Саодат Омонова президентке көп жолу кат жазып, жооп ала албай жатышканын айтты.

“Биз ачкачылыкка чейин даттанып кайрылбаган жерибиз калбады, - деди ал видео тасмада. - Биз өзүбүздүн каналдагы цензурага, жердешчиликке, коррупцияга каршы чыктык. Биз 2-майда президенттин атына кат жазып, анда: “Эгер бизди кабыл албасаңыз, 27-июнда ачкачылык жарыялайбыз”, - деген элек. Эч кандай жооп болбогондо, ушул Журналисттер күнүндө ачкачылык жарыяладык”.

Омонованын айтымында, алар 2-майдан ачкачылык башталган күнгө чейин президентке 56 жолу кат жөнөтүшкөн – бир да жооп болбоду.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG