Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Сирия аялдар менен балдарды курчоодон чыгарат


Авиачабуулдан кийин баласын көтөрүп, качып бараткан эркек. Алеппо шаарынын ал-Фердовс району. 21-январь, 2014
Авиачабуулдан кийин баласын көтөрүп, качып бараткан эркек. Алеппо шаарынын ал-Фердовс району. 21-январь, 2014

Женевада Сирия өкмөтү менен оппозициянын сүйлөшүүсү уланууда. 25-январдан бери жүрүп жаткан сүйлөшүүдө эки жак Сириянын өткөөл өкмөтүн түзүү маселесин талкуулай башташы мүмкүн.

Мындай үмүтүн сүйлөшүүнүн арачысы, Улуттар Уюму жана Арап Лигасынын атайын чабарманы Лахдар Брахими билдирди. Оппозиция өткөөл өкмөткө президент Башар Асад кирүүсүнө карамандай каршы.

Сирия өкмөтүнүн жана Сирия улуттук коалициясынын өкүлдөрү 26-январда камоодогу аймактардагы гуманитардык кырдаалды талкуулашты. Анда макулдашылгандай, Хомс шаарынан аялдар менен балдар чыгып кете алышарын Сирия өкмөтү билдирди. Хомс 2011-жылы жаз айынан тарта президент Башар Асаддын режимине каршы башталган көтөрүлүштүн очогу. Асадга ишенимдүү аскерлер былтыр Хомстун тегерегиндеги көпчүлүк аймактардагы козголоңчу күчтөрдү артка чегиндирип, шаарды тегерете камоого алган. Ошондон бери чоң шаарда азык-түлүк тартыш.

Эки жак жекшемби күнкү кездешүүдө абактагыларды алмашуу, уурдалган адамдардын тагдыры жана гуманитардык жардам өтчү жерлерде ок атышууну токтотуп туруу жөнүндө да сүйлөшкөнү маалымдалды.

Сирия улуттук коалициясынын өкүлү Луай Сафи 26-январда Женевада кабарчыларга сүйлөшүүнүн мазмуну тууралуу мындай маалымат берди:

- Биз диктаторлуктан демократияга өтүү жөнүндө сүйлөшө баштайбыз. Режимдин бул тууралуу сүйлөшкүсү келбегени айкын. Алар сүйлөшүүнү токтотууга, создуктуруу тактикасын пайдаланууга аракеттенип, тастыктоо мүмкүн эмес маалыматтарга көңүл буруп, гуманитардык жардамга жете албай, камоодо отурган адамдардын тизмесин, аты-жөнүн сурашууда.

Сүйлөшүү оор жүрүп жатканын БУУнун жана Арап Лигасынын Сирия боюнча атайын чабарманы Лахдар Брахими да жекшемби күнү мойнуна алды. Бирок
БУУнун жана Арап Лигасынын чабарманы Лахдар Брахими Женевадагы пресс-конференцияда. 26-январь 2014.
БУУнун жана Арап Лигасынын чабарманы Лахдар Брахими Женевадагы пресс-конференцияда. 26-январь 2014.

кексе дипломат тараптар бири- бирине “урмат-сый менен мамиле кылганын” баса белгилеп, сүйлөшүү канча созулаары тууралуу так айткан жок:

- Мен кылдат бололу деп айткым келет. Баса албай жатып, жүгүрүп кетпеңиз. Биз азыр басканды гана үйрөнүүдөбүз. Мөөнөт жөнүндө сүйлөө али эрте.

Лахдар Брахими 27-январдагы кездешүүдө Сирия өкмөтүнүн жана Сирия улуттук коалициясынын өкүлдөрү татаал саясый суроолорду талкуулай башташы ыктымал экенин кошумчалай кетти.

Сирия бийликтери Хомска азык-түлүк жана башка гумжардамды алып өткөнгө качан уруксат берээри дайынсыз. Брахиминин сөзүнө караганда, өкмөт камоодогу аймактагы адамдардын арасында куралчандары жок экенине ишенимде болуу үчүн, ал жактагы эркектердин тизмесин берүүнү талап кылууда. “Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазышынча, Сирия өкмөтү козголоңчулардын кол астындагы аймактарда 70 миңдей адам бар деп ырастоодо.

Оппозициянын айтышынча, алар өкмөткө дарексиз жок он миңдеген адамдардын, анын ичинде 2, 5 миң аял менен баланын тизмесин берген. Алар балким абакта отурат деп жоромолдойт оппозиция. Бирок Сириянын тышкы иштер министринин орун басары Фейсал Микдад тизмедеги адамдардын 70 проценти эгерим абакта кармалбаганын, а 20 проценти бошотулганын, калгандар жөнүндө өкмөттүн кабары жок экенин билдирди.

Кандай кыйынчылыктар менен болсо да Женевадагы сүйлөшүүнүн башталышы жана курчоодогу Хомсту аялдар менен балдарды чыгарууга Сирия өкмөтүнүн макулдук берүүсү, Сириядагы согушту саясый жол менен чечүү үчүн жасалган алгачкы кадам деп боолгонууда.

БУУнун эсебине караганда, Сирияда үч жылдан бери жүрүп жаткан согушта 130 миңден ашуун адам курман болду. БУУнун башкатчысынын орун басары Валери Амос айым ноябпдын башында билдиришинче, 9,3 миллион сириялык бозгун болуп жүрөт. Алардын 2, 8 миллиону тыш өлкөлөргө өтө качкандар.

XS
SM
MD
LG