Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:11

Барак Обама Пакистанда пилотсуз учактардын чабуулдарын ырастады


АКШнын президенти Барак Обама чындап эле Пакистанда Американын пилотсуз учактарынын чабуулдары болгонун моюнга алды. Бирок аларда жергиликтүү жайкын эл көп жоготууга учурап жатат дегенди “өтө эле апыртылган маалымат” катары сыпаттады.

Президент Барак Обама ооган чегине жакын жерлерде чындап эле пилотсуз учактардан чабуулдар жасалып турганын Google компаниясы Youtube сайты аркылуу түз ободо уюштурган онлайн конференцияда айтты.

Обама бул чабуулдар колдонулуп жатканын жактаган сыяктуу “бул жерде талиптер менен “Ал-Каиданын” террорчуларына каршы азыркыдан башкача күрөш көп аскерий аракеттерди талап кылмак деди.

"Мен адамдар муну түшүнүшүн каалар элем: пилотсуз учактардын чабуулдарынан куралсыз эл көп өлүп жатат деген туура эмес. Көбүнчө ал чабуулдар “Ал-Каидага” жана анын өнөктөштөрүнө каршы өтө таамай урулган сокку болуп жатат. Биз да аны этият колдонобуз, - деди АКШнын президенти Обама. - Айрымдар кудум биз ойду-келди эле учактарыбызды жиберип, атып жаткандай түшүнүшөт. Андай эмес. Америкалыктардын жана Американын коопсуздугуна, базаларына кол салууну каалаган террористтердин тизмеси бар. Ошолорго каршы жасалып жатат".

Пакистан болсо шейшембиде АКШнын пилотсуз аскерий учактарынын “тактикалык артыкчылыктары” бар экенине кошулаарын билдирди. Бирок Обаманын чабуулдар тууралуу ачык айткандарынан дагы эле өзүнө келе албай жаткандай. Жумурияттын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Абдул Басит: “Бул чабуулдардын тактикалык артыкчылыктары болгон күндө да аларды биз мыйзамсыз, натыйжасыз жана кабыл алгыс аракет катары баалайбыз”, - деди.

2010-жылдын этегинде WikiLeaks сайтында америкалык дипломаттардын ич ара кат алмашуулары жарыяланып кеткенде “пакистандык саясий жана аскерий жетекчиликтин өкүлдөрү эл алдында АКШнын мындай чабуулдарын каралап, буга каршы болушканы менен, жеке сүйлөшүүлөрдө аны колдой тургандыгы” жазылган болчу.

Пакистандык жетекчилик өз аймагында террористтерге каршы күрөшүш үчүн америкалык чалгын кызматтардын маалыматынан колдонууга зар болгону айтылды.

АКШнын пилотсуз учактарына май куюш үчүн өлкөнүн батышындагы “Шамси” аба базасын колдонууга Пакистан уруксат берген. Айрым маалыматтарга караганда, “Шамси” ЦРУнун пилотсуз учактар программасынын борборуна айланган эле.

Бирок былтыр майда америкалык аскерлер Пакистанда “Ал-Каида” террористтик уюмунун лидери Усама бин Ладенди өлтүрүшкөндөн кийин, Исламабад “Шамсидеги” базадан америкалыктардын чыгып кетишин талап кылган.

Пакистандын айрым расмий өкүлдөрүнүн айтымында, азыр алар АКШ менен бүтүндөй кызматташтыкты кайрадан карап жатышат. Пакистан өзүнүн аймагы аркылуу Ооганстанда НАТОго жүк ташый турган жолду да 26-ноябрдан бери жабык кармап турат.

Айрым расмий эмес кабарларга караганда, Пакистандын чек арасында 2009-жылы Американын пилотсуз учактарынын 45 чабуулу катталган болсо, бир жылдан кийин 101, ал эми былтыр 64 жолу сокку урулганы анык болду.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG