Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:32

Тыңчылык жана АКШ-Европа эркин соодасы


Франция -- Эдвард Сноуденди колдогон Париждеги акция, 7-июль, 2013.
Франция -- Эдвард Сноуденди колдогон Париждеги акция, 7-июль, 2013.

Европа Биримдиги менен Кошмо Штаттары эркин соода аймагын түзүү боюнча талкуу баштап жатат.

Вашингтондо ачылып жаткан сүйлөшүү Европа Биримдигинин дипломатиялык кеңселерин жана компьютердик тармактарын Кошмо Штаттары тымызын аңдып турган деген маалыматтан улам эки союздаш тараптын ортосун кара мышык аралаган учурга туура келүүдө.

Бул тыңчылык жөнүндө америкалык качкын чалгынчы Эдвард Сноуден жарыялаган документтерден белгилүү болгон эле. Америкалык тыңчылык боюнча Европа Биримдигинин тынчсыздануусу Вашингтондогу сүйлөшүүдө соода маселелери менен бирдей деңгээлде каралат деп күтүлүүдө.

Сүйлөшүүнүн максаты эки ортодогу соода, инвестициянын жолундагы тоскоолдуктардан арылуу болуп саналат. Бул тууралуу келишим келерки жылдын этегине чейин жетишилет деп макулдашылган.

АКШ менен Европа Биримдигинин ортосундагы соода былтыр 650 миллиард доллар болду. Кызмат көрсөтүү жана инвестициялар дагы жүз миллиард долларга жетти. Эркин соода аймагы 800 миллиондой киши жашаган аймактарды камтымакчы.

АКШнын глобалдык телебайланыш жана интернет тармактарын аңдыгандыгы тууралуу дүйнөдөгү ызы-чуу бул сүйлөшүүнү токтото алган жок. Мындай чалгын маалыматтары Европа Биримдигинде «маалыматты коргоо жана жеке турмуш укуктары бузулуп жатат» деген тынчсызданууну күчөттү.

30 жаштагы Эдуард Сноуден жарым айдан бери Москванын "Шереметьево" аба бекетинде бекинип жатат деп эсептелинет. Жекшембиде Кубанын президенти Раул Кастро Сноуденге баш калканч берүүнү каалаган латын америкалык улуттарга колдоо билдирди.

Буга чейин Венесуэла менен Боливия Сноуденге баш калканч сунуш эткен, ал эми Никарагуа анын баш калканч берүү арызын карап жатат.

Сноуденди Куба өз канатынын алдына катабы же өлкөнүн аймагы аркылуу коопсуз өтүшүнө гана уруксат береби?

Кастронун Улуттук жыйында сүйлөгөн сөзүнөн муну анык билүү мүмкүн болгон жок:

- Өзүбүздүн салтка ылайык, биз Боливия, Венесуэла жана башка латын америкалык бардык өлкөлөрдүн өз идеялары же демократия үчүн күрөшкөндөргө баш калканч берүү укугун колдойбуз.

Орусиянын "Аэрофлот" компаниясы Кубанын баш калаасы Гаванага аптасына бир жолу учак учурат. Сноуден ушул жол менен кетиши мүмкүн. Бирок ал бараткан учакты үчүнчү бир өлкөдөн өткөрбөй, конууга мажбурлашы да мүмкүн.

Кастро АКШны башка өлкөлөрдү коркутуп, Сноуденге баш калканч бердирбей жатат деп күнөөлөдү:

- Биз кимдин муштуму чоң болсо, ал эл аралык мыйзамды бузса, башка мамлекеттин улуттук суверендүүлүгүнө кол салса, жарандардын укугун тепселей берсе болот деген заманда жашап жатабыз. Мына ушундай үстөмдүк ой-жүгүртүүнүн айынан бардык жарды мамлекеттер, биз да азырынчa ушундай коркунучта жашап жатабыз.

Жашыруун мамлекеттик материалдарды гезиттерге берип салган Сноуденге АКШ бийликтери чыккынчылык жана өкмөттүк менчикти уурдоо боюнча айып койду.

Сноуден 20 чакты мамлекетке баш калканч сурап кайрылды, бирок европалык бир нече өлкө менен катар, Индия жана Бразилия мындай арызды четке кагышты.

Мамлекеттик Думанын эл аралык иштер комитетинин жетекчиси Алексей Пушков Сноуденди жекшемби күнү Венесуэланын баш калканч берүү сунушун кабыл алууга чакырды:

«Венесуэла Сноуденден жооп күтүп атат, бул балким ал үчүн саясий баш калканч алуунун акыркы мүмкүнчүлүгү», - деп жазды Пушков Твиттерде.

XS
SM
MD
LG