Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:58

Кумса, тарса оогандар


АКШ -- Нушин Арбабзаданын «Оогандардын ушак базары: Көмүскө жамааттар, жашыруун дүйнө жана акылга сыйбаган көрүнүштөрдүн чындыгы» аттуу китеби.
АКШ -- Нушин Арбабзаданын «Оогандардын ушак базары: Көмүскө жамааттар, жашыруун дүйнө жана акылга сыйбаган көрүнүштөрдүн чындыгы» аттуу китеби.

Ооганстанды биз жакшы эле билип калгандай болдук, ооган темасын жаңылыктардан күндө көрөбүз. Бирок жаңы китебинде теги ооган америкалык жазуучу ооган коому тууралуу биз билбеген бир топ нерселерди жазды.

Ооганстан дегенде биз үй-бүлө аял менен эркектин ортосунда гана болгон гетеросексуалдык, никеден сырткары жыныстык катнаш үчүн кесилип, алтургай өлүм жазасына тартылышы мүмкүн болгон коом деп билебиз. Ошондуктан христиан динине өтүп алып, жашырынып жүргөндөр, аялча кийинген эркектер, кумса блоггерлер дегенде көпчүлүк «мындай адамдар Ооганстанда жашайт болуш керек» деп ойлойт.

Нушин Арбабзада
Нушин Арбабзада
Нушин Арбабзаданын жаңы китеби мына ушул Ооганстандын көмүскө жамааттарына арналган. Лос-Анжелесте Калифорния университетинде сабак берген профессор өз максатын "Азаттыкка" мындайча түшүндүрдү:

– Мени көпчүлүктүн ой-түшүнүгү менен жашабаган, конформист эмес кишилер катардагы адамдардан алда-канча көбүрөөк кызыктырат. Мен сүрмө топтон четте жашаган, үстөмдүк кылган стандарттарга шайкеш болбогон, катардан тыш адамдар тууралуу жаздым.

«Оогандардын ушак базары: Көмүскө жамааттар, жашыруун дүйнө жана акылга сыйбаган көрүнүштөрдүн чындыгы» деп аталган китептин каармандарынын бири Ооганстандын кумсалары же гомосексуалдары.

Кыргызстанда кумсалардын өз уюму, кафелери бар, айрымдардын ажаан риторикасын кошпогондо, алардын артынан сая түшүп, сары изине чөп салгандар деле байкалбайт.

Ал эми Ооганстанда кумсалык - өлүм менен жазалануучу кылмыш. Кумса чет өлкөгө качып кеткен күндө да, ата-эне, урук-туугандары андан кечип кетиши толук ыктымал. Ооганстанда кызды эркекче кийинтип чоңойткондор да сырт дүйнөгө анча белгилүү эмес. Алардын чачын кыска кыркып, эркекче ат беришет.

Кыргызда да кызын эркекче кийинтип өстүргөндөр жок эмес. Айырмасы, Ооганстанда мындай кыз көчөгө жалгыз чыгып, иш кылып, акча таап, мектепке өзү барып келет, башкача айтканда, бул өлкөдө эркектерге берилген бардык эркиндиктерге ээ. Биздегидей эле, ал эрезеге жеткенде кайра кыздын кийимин кийип, күйөөгө чыгып, кадимки эле аялдын милдетин аткарып калат.

Каршы жыныстын кийимин кийинген көрүнүш трансвестизм деп аталат. Ошону менен Ооганстанда аял менен эркектин ролдору так кесе бөлүнгөнү менен, трансвестизмдин бул түрү кеңири таркаган. Бирок эгер сексуалдык багытына байланыштуу эркек киши аялча кийинип алса эмне болот?

Арбабзаданын китебинде мына ушул өткөөл жыныстагы эркектер тууралуу да сөз болот. Бир нече жыл мурда аялча кийинип алган кишини полиция кармап алганы тартылган видео тасманы Ооганстанда баары жабыла көрүшкөн эле.

- Бул тасманы теледен көрсөткөндө полициячынын эмне дээрин билбей, делдейип турганын байкаганбыз. Ооганстанда аялдар экинчи сорттогулар болсо, бул эмне аялча кийинет деп таң калышкан, - дейт автор.

Мекенинен советтик баскынчылыктын мезгилинде, 1988-жылы кеткен Арбабзаданын китебинен Ооганстандагы көмүскө диний жамааттар тууралуу да окуй алабыз. Христианчы уюмдар Кабулда 1970-жылы биринчи чиркөөсүн курушкан. Кийин аны өрттөп жиберишкен, бирок бул динге өткөндөр бүгүн да бар.

Ооган христиандары интернетте телеканал ачышкан. "Коркпогондору,- дейт Арбабзада, ачыкка чыгып, дари жана пушту тилдеринде үгүт жүргүзүшөт». Ал эми Ооганстандын түндүгүндө Ыйык үчилтик, Тарса олуялары менен пайгамбарлары деген сыяктуу христиандык түшүнүктөр алтургай окуу программаларына кирип калган.

Айтор Ооганстан сыяктуу өтө динчил жана консервативдүү коомдордо катардан тыш ишеними же физиологиялык өзгөчөлүгү бар адамдын турмушу өтө оор жана такай коркунуч астында. Бирок Арбабзада мындай топторго жана адамдарга сабырдуу мамиле жасаган жарандар өтө аз болсо да, катары көбөйүп келе жатат дейт:

Кайсы көчөдө болсо да, мындай адамдар бар. Аларды бардыгы билишет. Ошондуктан мен бул теманы көтөргөндө ар кандай сөздөр болду. Ооба, биздин ошондой коңшубуз бар деп айтышты. Көпчүлүккө караганда кеңири ойлонгон адамдардын бир ууч болсо да, катары улам өсүп келатат, бул албетте кубандырат. Аз да болсо, мындай адамдарды туура кабыл алгандар бар.
XS
SM
MD
LG