Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

Украина: Порошенко жеңгенин жар салды


Петро Порошенко Черкассы шаарында шайлоочулар менен жолугууда, 20-май, 2014-жыл
Петро Порошенко Черкассы шаарында шайлоочулар менен жолугууда, 20-май, 2014-жыл

Шайлоо бекеттеринде жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы ырасталса, Украинада президенттик шайлоо бир айлампа менен бүтөт. Экзит поллдор миллиардер ишкер Петро Порошенко 55,9 – 57,3% ортосунда добуш топтоп, биринчи айлампада эле жеңишке жеткенин көрсөттү. Экинчи орунга болсо 13% жетпеген добуш менен мурдагы премьер- министр Юлия Тимошенко чыкты.

АКШ украин шайлоосунун бейрасмий жыйынтыгын кубаттады. Ак үйдүн билдирүүсүндө президент Барак Обама Украинанын кийинки мамлекет башчысы менен иштешүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканы, шайлоо өлкөнү бириктирүүдөгү маанилүү кадам экени айтылат.

Күтүлгөндөй эле 25-майдагы президенттик шайлоодо добуш берүү Украинанын орусиячыл жикчилер бийлик жүргүзүп жаткан Донецк менен Луганск облустарынын басымдуу бөлүгүндө өткөн жок.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий өкүлү Константин Гувриенко аталган аймактарда добуш берүүнүн үзгүлтүккө учурашын төмөнкү жагдайлар менен түшүндүрдү:

- Акыркы эки-үч аптада Донецк элдик республикасы, Луганск элдик республикасы деп аталгандардын өкүлдөрү, куралдуу өкүлдөрү шайлоо комиссияларына келишип, жергиликтүү комиссия мүчөлөрүн коркутуп-үркүтүшкөн, шайлоо бекеттериндеги компьютерлерди, башка жабдууларды талкалашкан. Бюллетендерди, башка шайлоо документтерин уурдашкан. Алар ошондой эле шайлоо кызматчыларынын бир нечесин да уурдап кетишти. Алар бүгүнкү күнгө чейин туткунда кала берүүдө.

Донецк облусундагы бийликтердин ырастоосунда, 2430 шайлоо бекетинин болгону 426 гана ачылган. Ал эми Луганскта добуш берүү 12 шайлоо округунун экөөсүндө гана өттү.

Донецк менен Луганскта “элдик республика” түзгөндөр 11-майдагы референдумдун жыйынтыгында Украинадан көз карандысыздык жарыялап жиберишкен. Бирок Киевдеги бийликтер өлкөнүн 46 миллион калкынын 6,5 миллиону жашаган бул аймактарда добуш берүү үзгүлтүккө учураган күндө деле ал шайлоонун жалпы жыйынтыгына таасир көргөзө албай турганын билдиришкен.

Өзүн президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыялаган талапкер, миллиардер ишкер Петро Порошенко добуш берип жатып, "Мен бүгүнкү шайлоо акыр аягында Украинада тынчтык орнотуп, баш-аламандыкты, мыйзамсыздыкты жана чыгышта бандиттер жасаган террорду токтоторуна ишенем. Биз баштай турган биринчи иш – Донбастын, Луганск жана Донецктин калкы менен түз сүйлөшүү болот" - деп, чыгыштагы жикчилер менен түз сүйлөшүүгө чыгарын белгилеген.

Петро Порошенко Крымды Орусиядан кайтарып алуу боюнча атайын министрлик да уюшуларын кошумчалады. Экзит-поллдор шайлоодон жеңип чыкканын көргөзгөндөн кийинки алгачкы басма сөз жыйында Порошенко алгачкы иш сапарын өлкөнүн чыгышына жасай турганын, парламенттик шайлоо да быйыл мөөнөтүнөн мурда өткөрүлөрүнө токтолду.

Ал эми шайлоодо экинчи орун алган мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко жекшембиде добуш берип жатып, президенттик шайлоонун артынан Украинанын НАТОго кошулуусу боюнча референдум өткөрүүгө үндөгөн:

- Мен европалык Украина үчүн добуш бердим. Европалык Украина ар бир украиналыктын жашоосун өзгөртө алат. Европалык Украина өлкөдө тынчтык жана мыйзамдуулук болот дегенди түшүндүрөт. Мен эгер Украина Еврошаркеттин бир бөлүгү болсо, күчтүү жана байгер өлкөгө айланарына ишенем. Украинада тынчтыкты калыбына келтирип, биздин аймакты эч ким эч убакта буза албагыдай кылып, стратегиялык багытыбыздын негизин түптөө үчүн НАТОго кошулуу боюнча референдум өткөрө турган мезгил келди.

Орусия аннексиялаган Крымдын татар тектүү калкынын миңдеген өкүлдөрү президенттик шайлоого катышуу үчүн Украинанын башка аймактарына өтүп келишкен. Алардын бири Закир Зымыгляев Херсон облусунан крым татарларын милиция бөлүмдөрүнө чакыртышып, "Украинанын президентин шайлоо боюнча мыйзамсыз иштерге барбоо жөнүндө эскертмелерди тапшырышканын" "Рейтердин" кабарчысына айтып берген.
Крымдыктар добуш беришти, 25.05.2014
Крымдыктар добуш беришти
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00

Крым татарлары жарым аралдын Орусияга кошулуусу боюнча референдумду таанышкан эмес. Украин шайлоосуна ЕККУнун миңден ашуун байкоочусу көз салды. Алар өзүнүн баштапкы жыйынтыгын дүйшөмбүдө берет деп күтүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG