Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:22

1916-жылкы элдик боштондук көтөрүлүшкө 100 жыл: айрым ойлор


С.Чуйковдун 1916-жылкы кыргыздардын улуттук боштондук көтөрүлүшүн чагылдырган чыгармасы. 1931-жыл.
С.Чуйковдун 1916-жылкы кыргыздардын улуттук боштондук көтөрүлүшүн чагылдырган чыгармасы. 1931-жыл.

1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш тууралуу илимий маалыматтарды жарыялоону улантабыз. Ош мамлекеттик университетинин профессору Турдумамат Кадыров өз макаласында 1916-жылкы кыргыздардын жана башка борбордук азиялык улуттардын көтөрүлүшүнүн тарыхый орду тууралуу баяндайт.

1916-жылга карай Түркстанда 2900 миң теше жер (иштетилүүчү жердин 56,7%) болгон, башкача айтканда, Түркстанда жашап жаткан ар бир оруска 3,17 теше, а жергиликтүү тургундун (кыргыздын, өзбектин, тажиктин, анан түркмөндүн) ар бирине 0,21 тешеиштетилүүчү жер туура келген. Жер деген өтө жетишсиз болуп турган шартта жергиликтүү калктын 94 проценти иштетилүүчү бардык аянттын 42,4 % гана ээлик кылган.

Ал эми 1900-жылы Пржевальск уездинин 11% түзгөн орус калкынын карамагында уездин бардык айдоо жеринин 23,8% турган, 1916-жылы уездин 21,1% орус калкы бардык айдоо жеринин 67,3% өз колуна алган жана 1920-жылы жер реформасы жүргүзүлгөнгө чейин калктын 34,1% түзгөн орус калкында уездин айдоого жарактуу жер аянттарынын 84,7% болгон[1,45].

Пишпек уездинде орус келгиндер калкы (38,1%) өз карамагында айдоого жарактуу бардык жердин 57,3% тийиштүү болгон.

1916-жылы бүткү л Кыргызстандын аймагынан 2449890 га жер токой дачалары үчүн бөлүнүп берилген. Бул жерлердин 77536 гектар чынында эле токойлуу келип, ал эми көбүнчө тоолуу массивдерде жайгашкан, мал кармоочу калктын кыштоолору жана жайлоолору болуп, мал кармаган кыргыз калкы аларды арендага алып пайдаланып калган.

Кыргыздардан алардын жашоосу үчүн зарыл керек жерлер тартып алынгандыгын, анан алардын пайдалануусунда чарбачылыкка жарактуу жерлер дээрлик калбагандыгын кыргыз калкынан ал жерлерди өлүп-тирилип жүрүп тартып алгандардын өзүлөрү 1916-жылы көтөрүлүштөн кийин моюндарына алышкан.

Ошентип, 1916-жылдагы көтөрүлүш чыккан мезгилге карай кыргыз калкы, жерден жана суудан пайдалануу көз карашынан алганда чарбалык өсүш үчүн келечексиз абалда калган.

1900-жылдардын баш ченине карай жергиликтүү (Фергана областынын) оторчул администрациясы келгиндерди отурукташтыруу үчүн жарактуу жерлердин запасын пайдаланып бүтүштү, ошондуктан көчүп келген, жайланышуу ачык эле өз бетинче басып алуу мүнөзүндө болуп калды, бул өзгөчө Анжиян уездинин Көгарт өрөөнүндө көрүндү. Бул жерде келгендердин чоң топтору кыргыздарды турган жерлеринен айдап чыгышып, алардын мал-мүлкүн басып алышты, кыргыздардын кыштоолордогу там-таштарын бузуп, өздөрүнө үй тургузушуп, же отун кылып жагышты. 1906-жылдын башында Фергана областында жалпы жонунан 900гө жакын кожолуктан турган 10 кыштак өз бетинче бейбаштык менен пайда болду.

Жергиликтүү калктын жеринин акырындап азая бериши падышачылыктын оторчул саясатынын натыйжасы болгон.

Биринчи дүйнөлүк согуш маалында согушуп жаткан падышалык армиянын муктаждыктары үчүн “ыктыярдуу” түрдө кийиз, байпак, аркан, жүн, тери, майларды чогултууну уюштурулган. Согуштун муктаждыктары үчүн Түркстандан жөнөтүлгөн мал-мүлктүн өлчөмү жөнүндө падышага 1917-жылы берген отчетунда генерал-губернатоор Куропаткин төмөндөгүлөрдү билдирген: 40,899,244 пуд пахта, 38004 чарчы ормон кийиз, 3109 миң пуд пахта майы, 229 пуд самын, 300 миң пуд даярдалган эт, 473,928 пуд балык, 70 миң жылкы, 12,797 төө, 13441 уй жөнөтүлгөн.

Мындан көрүнүп тургандай, жергиликтүү калктын абалы 1916-жылга карата адам чыдагыс болгон. Шексиз алардын аргасыздык, муктаждык жакырчылык абалы эл максатынын падышачылыкка карата толук мыйзамдуу жек көрүүнү туудурган [3,255].

Кыргыз калкынын негизги бөлүгүнүн өндүрүштүк негизги каражаттарынан: жерден, жайыттан жана суудан кол жууп калышы, аларды мүңкүрөткөн жакырдык, ачкалыктан өлүү кадиксиздиги, кулактардын, падышалык администраторлордун, байлардын биргелешкен күчтөрүнүн эзилүүсүнөн кутулууну көксөө 1916-жылдагы көтөрүлүштүн объективдүү өбөлгөлөрү болгон.

Калктын улуттук боштондук көтөрүлүшкө чыгышынын негизги себептери социалдык-экономикалык факторлордо, колониялык эзүү тартибинин айынан жерден, суудан, малдан, бир сөз менен айтканда, күн көрүү каражаттарынан айрылган эл үчүн адам чыдагыс абал болуп калгандыгында эле.

Көтөрүлүш 1916-ж. 4-июлда Самарканд областынын Кожент шаарында башталып, тез арада Сыр-Дарыя, Фергана областтарына тараган. Фергана областындагы июль айындагы көтөрүлүшкө кыргыздар активдүү катышкан.

Анжиян уездинин калкы чечкиндүү аракеттер менен падышанын жарлыгын аткаруудан ачык эле баш тартышып, атайын түзүлгөн тизмелерди жок кылышкан. Бийлик өкүлдөрүнө, падыша чиновниктерине кол салышкан. Көтөрүлүшкө Кокон, Наманган уезддериндеги тоолук кыргыздар да активдүү катышышкан. Наманган уездиндеги көтөрүлүшкө Таласбай Алыбаев жетекчилик кылган.

Боштондук кыймылы Кетмен-Төбөгө, Чаткалга, Тогуз-Торо өрөөндөрүнө тараган. Ош уездиндеги көтөрүлүш Сулайман тоосунун этегиндеги 10 мнндей адам катышкан жыйын менен июлдун башында башталган. Өзгөндөгүкөтөрүлүш да курч мүнөздө өткөн. Август айына карата Кыргызстандын түштүгүнүн көпчүлүк бөлүгү көтөрүлүшкө тартылган.

Кыргызстандын түндүгүндөгү көтөрүлүш Түркстандын башка чөлкөмдөрүндөгү толкундоолордон айырмаланып, өтө курч мүнөздө болгон. Бул жакта элдик кыймыл мыкты куралданган падыша аскерлери менен куралдуу кагылышуу деңгээлинде өткөн. Көтөрүлүшкө кыргыз эли менен катар бул аймакта жашаган башка элдердин көпчүлүгү (казактар, уйгурлар, дунгандар ж. б.) катышкан.

Жети-Суу областынын ар кыл элинин өкүлдөрү катышкан алгачкы жыйын 10-июлда Каркыра жармаңкесине жакын Каман-Карагай деген жерде өтөт. Кеңешмеде аскерге киши бербөө, керек болсо колго курал алып падыша бийлигине каршы күрөшүү жөнүндө чечим кабыл алынган.

1916-жылы 8-августта Токмокко жанаша жашаган айылдардын калкы көтөрүлгөн.

9-августта Ыбрайым Төлө уулу жетектеген көтөрүлүшчүлөрдүн чакан тобу Ысык-Көлгө бара жаткан аскерлердин жолун тороп, 178 мылтык жана 30 минден ашуун ок-дары жүктөлгөн арабаны колго түшүрүп алган [4,173].

Ошол эле учурда Сарыбагыш жана Атаке болуштуктарында чыккан көтөрүлүшчүлөр Кеминдеги Новороссийское кыштагын, казак-орустардын Самсоновка станицасын курчап турган. Август айынын орто ченинде көтөрүлүш Пишпек уездинин 12 болуштугун кучагына алат. Ысык-Көлдө, Таласта да көтөрүлүшчүлөр күч алат.

Көтөрүлүшкө Ички Теңир-Тоодогу кыргыздар да активдүү катышкан. Кочкор өрөөнү бул жактагы көтөрүлүштүн чордонуна айланат. Көтөрүлүшчүлөр болуш Канаат Ыбыке уулун (Канат Абукин) хан көтөрүп, өздөрунүн башчысы кылып шайлашкан жана ага баш ийүүгө ант беришкен. Ал 30~40тай бардаңке, бинтон, кош ооз түтөтмө мылтык, негизинен шыргыйдан жасалган найза, айбалта менен куралданган 2-3 миңдей аскери менен август айынын башында Кочкордон Шамшынын бели аркылуу Чүйгө карай аттанган.

Канаат хандын стратегиялык урушту так билген, саясий жетекчилик кыла турган билимдүү адамы болгон эмес. Канааттын аскерлери Чүйгө түшүп туш келген орус кыштактарына кыргын салган. Анын аскерлери адегенде эски Токмокту каратып, чоң Токмок шаарын 13-22-августта он күндөй камоого алган.

Бул көтөрүлүшкө чыкандар Алма-Ата, Ташкенттен келген Жети-Сууда орус казактарынын эки полку, бир атчандар батареясы, 35 рота, 24 жүздүк, 240 атчан чалгынчы, 16 замбирек, 17 пулемет каршы аракеттенгендигин көрүүгө болот. Мындан сырткары 1916-жылдын 17-июлунда Түркстанга Россиядан дагы 11 батальон, 3,3 миң казак-орус, 42 замбирек, 69 пулемёт жөнөтүлгөн.

Падыша өкмөтү Сыр-Дарыя, Самарканд, Фергана областтарындагы көтөрүлүштөрдү июль айынын аягында басып коюуга жетишкен.

Жети-Суу областы жогорку областтардан келгин дыйкандардын көптүгү, ошого жараша жергиликтүү элдии келгиндер тарабынан көбүрөөк кордук көрүп, жер-суу маселесинин өтө курчуп кеткендиги менен өзгөчөлөнүп турган.

Жети-Сууда көтөрүлүш башка областтардагы козголоңдор басылып калганда башталгандыктан, орус төбөлдөрү Түркстандагы куралдуу күчтөрдүн баарын аталган областтагы көтөрүлүштү басууга жумшаган. Жалпысынан алганда, Жети-Суудагы көтөрүлүштү басуу үчүн Түркстан геиерал-губернаторлугунуи аймагынан күчтүү куралданган 6530 аскер келген, алардын 1105 атчан аскерлер болгон.

Кийинчерээк согуш министринин буйругу менен дүйнөлүк биринчи согушта согушуп жаткан аскерлерден 2 орус-казак полку, 240 атчан чалгынчылар, 16 замбирек жана 47 пулемет кошумча жөнөтүлгөн. Мындан тышкары келгин дыйкандардын 43 проценти буга чейин эле куралдандырылганын айтканбыз.

1916-ж. 15-августунда Жети-Суу областынын аскер-губернатору М. А. Фильбаум орус дыйкандарынан көтөрүлүшчүлөрдү басуу үчүн атчан жана жөө кошуундарды түзүү жөнүндө көрсөтмө берген. Түркстандын генерал-губернатору А. Н. Куропаткин көтөрүлүшчүлөрдү жазалоону женилдетүү үчүн 1916-ж. 12-августунда убактылуу аскер талаа сотторун түзүүгө буйрук берген [2,159].

Айры, чалгы, найза, кылыч, союл, барданке, бараң, бир аз мылтык менен куралданып, чаржайыт көтөрүлгөн элди басып коюш, падыша аскерлери үчүн анчалык кыйынчылыкка турган эмес. Кыргызстандын ар кайсы чөлкөмүндө чыккан көтөрүлүштөрдү мыкты куралданып, согуш тактикасына үйрөнгөн казак-орустар өтө канкордук менен жазалап, кыйратып турган.

Августтун аягында Пржевальскиден анча алыс эмес жерде көтөрүлүшчүлөр менен жазалоочулардын ортосунда акыркы ири салгылашуу болгон. 21-августта бул жерде 4 миндей көтөрүлүшчү он, сол канат болуп душманга бир нече ирет чабуул коюшкан. Ал эми 28-августта Түптөгү салгылашууга 7 минден ашуун көтөрүлүшчүлөр катышкан.

Кыргыз көтөрүлүшчүлөрү тарабына айрым орус кишилер өтүп кетип, падышалык жазалоочуларга каршы ок аткан учурлар да катталган.

Сентябрь айында падыша аскерлери менен майда кагылышуулар гана болбосо, көтөрүлүш негизинен женилген.

Падыша өкмөтү көтөрүлүшчүлөрдү аёосуз басууга, жергиликтүү элди кырып-жоюп, мал-мүлкүн тоноп, айылдарын өрттөөгө көрсөтмө берген. Келгин дыйкандарга көтөрүлүштүн натыйжасындагы чыгымдарын көтөрүлүшчүлөрдүн мал-мүлкү аркылуу толуктап алууга уруксат берген. Ал эми аскер-талаа соттору көтөрүлүшкө катышкандарды атууга өкүм чыгарышып, ошо замат өкүмдү аткарып турган.

Ротмистр Железняковдун Беловодск кыргыны тууралуу телеграммасы. 1916.
Ротмистр Железняковдун Беловодск кыргыны тууралуу телеграммасы. 1916.

Жазалоочу отряд жана аларга жардам берген келгин дыйкандар көтөрүлүшчүлөрдү гана эмес, көтөрүлүшкө катышпаган тынч элди, кары-картан, жаш балдарды, аялдарды кыргынга учураткан.

Мисалы, Беловодскиден 100дөн ашуун кыргыздарды көтөрүлүшкө катыштыңар деп, сарайга камашып, эртеси баарын мыкаачылык менен өлтүрүшкөн.

Ушундай эле окуя Ысык-Көлдүн башындагы Теплоключенка айылында болуп, 500дөй киши өлтүрүлүп, 100дөн ашык адамдын өлүгү Ак-Суу суусуна ыргытылган. Пржевальск шаарындагы жергиликтүү 700 дунгандан 6 гана киши тирүү калган.

Тукум курут болуп кырылып калуудан чочулаган кыргыздар сентябрдын аягынан баштап, өз жерин таштап, баш маана издеп Кытайды көздөй үркүшкөн (куралдуу күрөшүп жатып качышкан). Жан далбаса кылып колуна тийген буюмдарын, талануудан калган малын айдап, азып-тозуп качкан кыргыздарды жазалоочу отряд менен келгин дыйкандардын кошуундары сая кууп жеткен жерден кырып, мал-мүлкүн талап жүрүп отурушкан. Үркүн ашуулар кар жамынып калган кеч күз, кыш мезгилине туура келип, далай адамдар ак кар, көк муз баскан белдерден өтө албай кыргынга учураган.

Жазалоочу отряддардан Чүй жана Ысык-Көл өрөөнүнүн элдери өзгөчө көп жапа чеккен. Ушул кыйын кезенде элин кыргындан сактап калуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жасаган элдик азаматтар болгон. Алсак, Чүй өрөөнүнөн чыккан болуш Дүр Сооронбай уулу, Ысык-Көлдүк белгилүү инсан Кыдыр аке, Суусамыр өрөөнүнөн Түркмөн болуш падыша бийлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өздөрүнө караштуу 400-500 түтүн элдерин Кытайга качырбай кармашып, жазалоодон, азап-тозоктон куткарып калышкан. Көтөрүлүшчүлөргө айгак чыккандар да болгон.

Бирок кыргыз элинин качып бараткандарынын көпчүлүгү жазалоочу аскерлеринин кыргынынан кутула алган эмес. Өлгөндөн аман калгандар Кытай жергесине аргасыз баш калкалаган.

Кытайлык маалыматтар боюнча Жети-Суу областынан эле Кытайга 332 миңдей адам качып барган.

Бул аз келгенсип, падыша өкмөтүнүн жергиликтүү оторчул бийлиги 1916-ж. октябрда Чүй өрөөнүндө жана Ысык-Көлдө калган кыргыздарды толук бойдон Ички Теңир-Тоого күчтөп көчүрүү долбоорун иштеп чыккан.

Падышалык Орус империясынын айрым бийлик бутактары ошол 1916-жылы бул окуя боюнча күнөөсүн кандайдыр-бир деңгээлде мойнуна алган, буга тарыхый далил бар.

Маселен, Орусия империясынын төртүнчү чакырылыштагы Мамлекеттик думасы Түркстандагы боштондук көтөрүлүшүнүн чыгыш себептерин иликтөө боюнча атайын комиссия түзүп, аны ошол учурдагы белгилүү демократ саясатчы А.Керенский жетектеген.

Орусиялык либерал демократ Александр Керенский.
Орусиялык либерал демократ Александр Керенский.

Падышалык Орусиянын Мамлекеттик думасынын жыйынында сүйлөгөн сөзүндө А.Ф. Керенский “бул окуя боюнча бардык күнөө кечирилгис; укмуштуудай мыйзамсыздыкка жол берилген”, - деп айткан.

Кытайга барган кыргыздардын абалы өтө оор болгондуктан, 300дөн ашуун балдар кулдукка сатылган, ал эми Кытайдан кайтканда да көптөгөн балдар калып калган [1,79].

Балдарды кулдукка сатуунун баасы да маалым (падышалдык акчанын эски курсу менен айтканда, 1 рубль 40 тыйын болгон.)

Кытайга барган кыргыздардын коомдогу орду абдан төмөн болгон, мына ушундай пайдаланып аларга эмгек акыны абдан төмөн төлөшкөн.

1916 жылкы көтөрүлүш Кыргызстандагы ири улуттук-боштондук кыймыл болуу менен кыргыз элинин коомдук-саясий турмушундагы эң маанилүү окуялардан болгон.

Көтөрүлүшкө кыргыздардан тышкары жергиликтүү элдердин өкүлдөрү катышкан. Көтөрүлүш жеңилип, өтө мыкаачылык жол менен басылганына карабастан, Түркстан чөлкөмүндөгү оторчул бийликти кыйла бошоңдоткон. Эл эркиндик үчүн күрөштүн болуп көрбөгөндөй тажрыйбасына ээ болгон.

Кыргыз элинин ата-бабадан мураска калган жерине кайрадан толук ээ болууну, эркиндикти, теңдикти энсеген бул куралдуу күрөшү Кыргызстан тарыхынын маанилүү барагы катары бааланат.

Кыргыз тарыхчысы, ОшМУнун профессору Турдумамат Кадыров. 30.3.2012.
Кыргыз тарыхчысы, ОшМУнун профессору Турдумамат Кадыров. 30.3.2012.

Канткени менен бул көтөрүлүштө кыргыздардан канча адам курман болгону тууралуу азырга чейин так маалымат жок, болжолдуу маалыматтарга караганда, анда түндүк кыргыздарынын 200 миңдейи кыргынга кабылган.

Ошол учурда Ала-Тоодогу жалпы кыргыз элинин саны 600 миңдин тегерегинде болгону түкшүмөлдөнөт.

Демек, калктын үчтөн бир бөлүгү кырылган деген жоромолдор бар, кырылгандардын санын азайтып көрсөтүү далаалаттары да бар (дегиңкиси, бул жааттагы маалымат тарыхчылар тарабынан быйылкы архив таануу иш-аракеттери аркылуу кайрадан такталууда).

Тарыхты оңдоп-түзөп, жылмалап – жылтыратып көрсөтүүнүн эч кимге кереги жок, анткени тарых чындык менен гана илим. Тарыхтан бир гана нерсени үйрөнүүгө болот; ал – анын сабактары.

Азыркы мезгилдеги эгемендүүлүк кыргыз элине абдан кымбат тургандыгын тарыхтын жүз жыл мурдагы сабактары көрсөтүп турат.

Адабият:

1. Тарыхый – даректүү очерктер. Үркүн. 1916-ж. - Б., 1993.

2. Кыргыз – казак көтөрүлүшү. 1916-ж. - Б. 1993.

3. К. Үсөнбаев. 1916-ж. Кыргызстандагы көтөрүлүш. - Ф., 1967.

4. Ю. Абдрахманов. 1916. Дневник. Письма Сталину. - Ф., 1991.

Турдумамат Кадыров,

Ош мамлекеттик университетинин профессору.

XS
SM
MD
LG