Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:27

БУУ: Согуш тактикасына айланган зордуктоо


Иракта уурдалган жана зордукталган кыздар. Дохук, 16-январь, 2015-жыл
Иракта уурдалган жана зордукталган кыздар. Дохук, 16-январь, 2015-жыл

Бириккен улуттар уюму экстремисттик топтордун "сексуалдык кылмыштары" согуш тактикасына айланганын айыптады.

Бириккен Улуттар Уюмунун 13-апрелде жарыялаган отчетунда айтылгандай, былтыр "Ислам мамлекети", Нигериядагы "Боко харам", "алкаидачыл" башка экстремисттик уюшкан топтор тарабынан «зордуктоо, сексуалдык күңдүк жана мажбурлап күйөөгө берүүнүн жүрөк солк эттирген» учурлары көп болду.

Езид кыздарынын башына түшкөн кара күн

14-апрелде жарык көргөн маегинде БУУнун баш катчысынын атайын өкүлү Зайнаб Хава Бангура сексуалдык зөөкүрдүк согуш куралы катары колдонулуп жатканына байланыштуу буларды билдирди:

Сексуалдык зомбулуктун террордук тактика катары колдонулушу эң каргашалуу жана оор көрүнүш. Бул экстремисттик жана террордук уюшмалардын күч алгандыгына байланыштуу. Алар бир эле өлкөдө эмес, бир катар өлкөлөрдө, аймактарда будуң-чаң салып жатышат. Алар менен күрөштүн бир кыйынчылыгы ушунда.

Зайнаб Хава Бангура
Зайнаб Хава Бангура

Отчетто сексуалдык зөөкүрлүктүн массалык көрүнүштөрүнөн Ирактын түндүгүндөгү езид улуттук азчылыгына байланыштуу окуялар сүрөттөлөт.

Езиддерге каршы диний өңүттөгү зомбулук дайыма болуп келген, бирок алардын башына былтыр жайында өзгөчө алаамат түштү.

Түндүк Ирактагы Синжар аймагын августта өз көзөмөлүнө алгандан кийин "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери езид жамаатынын бир нече миң мүчөсүн уурдап кетишкен. Күрдистан аймактык өкмөтүнүн езид иштери боюнча бөлүмүнүн маалыматына караганда, быйыл март айына чейин алардын бир миңге чукулу кутулуп келишти. Кутулгандардын 523ү аялдар, 304ү балдар.

"Хюман райтс уотч" укук коргоо уюму бул качкындардын арасында январь, февраль айларында изилдөө жүргүздү. Уюмдун 15-апрелдеги билдирүүсүндө айтылгандай, езид кыз-келиндери, алардын ичинде тогуз жаштагы кыздар «уюшулган зордуктоого, сексуалдык кордоого, сексуалдык күңдүккө жана мажбурлап күйөөгө берүүгө» дуушар болушкан.

Күнү бүгүнкүгө чейин көптөгөн езиддер барымтада жатканы менен "Хюман райтс уотч" кутулуп келгендерге да тийиштүү деңгээлде жардам көрсөтүлбөй жатканын эскертүүдө.

Уюмдун изилдөөчүлөрү Самер Мускати менен Ротна Бегум "Ислам мамлекети" террордук уюмунун туткунунан качып чыгып, учурда Дохук шаарынын жанындагы бейформал жана качкын лагерлерине жашап жаткан 20 езид кыз-келинди сурамжылаган. Алар уюмдун согушкерлерине кызмат көрсөтүү менен катар зордукталып, сабалып, кыйноого, сексуалдык күңдүккө мажбурланганын айтып беришкен.

Бул баяндар башка укук коргоо уюмдарынын изилдөөлөрү жана жергиликтүү активист, расмийлердин билдирүүлөрү менен шайкеш келет.

Ирак парламентинин улуту езид жалгыз депутаты Виан Дахил "Азаттыкка" жыл этегинде буларды билдирген эле:

- Барымтага түшкөн езид кыздар сексуалдык жана психикалык кыйноонун эң карамүртөз формаларына дуушар болушкан. Аларды сатып, кордошкон. Тилекке каршы, алардын калгандарын бошотуу боюнча эч кандай олуттуу жана реалдуу аракет көрүлгөн жок. 21-кылымда кыздар менен соода кылган адамдар бар.

Виан Дахил
Виан Дахил

Патриархалдык системада сексуалдык кордук көргөн аялдын өзүн күнөөлөшөт. Бириккен улуттар уюмунун отчетунда Ооганстанда зордук көргөн кыз-келиндерди өз туугандары эле күмжам кылары айтылат.

"Хюман райтс уотчтун" изилдөөчүсү Ротна Бегум сексуалдык кордук көргөн езид кыздары да үйүнө кайтканда, аларды өз жакындары эле жектеп, зөөкүр мамиле кылышы мүмкүн экендигин белгилеген.

Бирок уюмдун изилдөөчүлөрү сурамжылаган кыз-келиндер андай кордукка туш келген эмес. Анткени езиддердин руханий жол башчысы Баба Шейх элге уурдалып, зордукталып же ислам динин кабыл алууга мажбур болгондорго залал келтирбөөгө көрсөтмө берген. «Кулчулуктан кутулуп келген кыз-келиндерди жылуу тосуп алалы» деп айткан ал. Ошол эле кезде "Хюман райтс уотч" бул кыз-келиндердин көбү психологиялык колдоого муктаж экендигин айтууда.

Алар уюмга төбө чачты тик тургузган окуяларды айтып беришкен. Мисалы, 15 жаштагы кыз курбусу экөө асынып өлө турган болгондо, аларды "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкери кармап алган. Экөө беш күндүк уруп-сабоо жана зордуктоодон кийин качып чыгышкан.

"Хюман райтс уотчтун" маалыматы боюнча кутулуп келген 150 езид кыз-келинден 100 чактысы гана медициналык жардам алган. Иракта бойдон алдырууга тыюу салынгандыктан, бойго бүтүүдөн сактанууга жана бойдон алдырууга мүмкүнчүлүк жок.

Кул базарда сатылган кыз-келиндер

13-апрелдеги отчетунда Бириккен улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун "Ислам мамлекети" уюму менен согуш жүрүп жаткан Ирак менен Сириядан тышкары, Нигерия, Мали, Ливия, Йемендеги экстремисттик идеологияны колдогон жана башка куралдуу топтордун сексуалдык зөөкүрлүктөрүнө «терең тынчсыздануу» билдирди.

Отчетко караганда, акыркы бир нече айда эле Иракта 1500дөн ашык карапайым жаран сексуалдык күңдүккө дуушар болушу мүмкүн.

Документте «сексуалдык зөөкүрлүк террорду жайылтып, этностук, диний азчылыктарды куугунтуктап, экстремисттик идеологияны кабыл албаган жамааттарды жайран кылуу үчүн» колдонулуп жаткандыгы белгиленди.

Отчетто айтылгандай, акыркы кезде Ирактан уурдалган туткундар Сириядагы "Ислам мамлекети" уюму көзөмөлдөгөн аймактарда кул базарларда сатылууда.

Бул отчеттун жарыяланышы Нигерияда "Боко харам" экстремисттик тобу мектептен 276 кызды туткундап кеткен окуянын бир жылдыгына туура келди.

Кыздардын билим алуусуна каршы чыккан бул топ ага чейин да кыздарды уурдап, күчтөп күйөөгө берген учурлар көп катталган. Бул кыздардын көбүнүн дайыны ушул күнгөн чейин белгисиз.

«Уурдалган кыздар күйөөгө чыгуудан же сексуалдык кызмат көрсөтүүдөн баш тартса, аларга зордук көрсөтүлүп, өлүм коркунучуна кептелет. Бул 2014-жылдагы эң бир кооптуу окуялардын бири болуп калды» деп айтылды Улуттар уюмунун отчетунда.

Ирактагы езиддер жана Нигериядагы уурдалган мектеп окуучулары тууралуу быйыл азыраак айтылганы менен, экстремисттик топтордун сексуалдык зордукчулугу былтыр дээрлик жыл бою сөз болуп келди.

Белгилүү актриса жана БУУнун атайын элчиси Анжелина Жоли бул темага Лондондо июнда өткөн жаңжал мезгилиндеги сексуалдык зөөкүрлүктү токтотууга арналган глобалдык жыйында кайрылган эле.

Анжелина Жоли Ирактагы езид азчылыктары менен жолугууда. 25-январь, 2015-жыл
Анжелина Жоли Ирактагы езид азчылыктары менен жолугууда. 25-январь, 2015-жыл

- "Төө көрдүңбү? Жок. Бээ көрдүңбү? Жок" деп отура берсек болбойт. Бул алааматты көрүп, билип турабыз, ошондуктан бул жаңжалдардагы мындай кылмыштардын жазаланбай калышын токтотуу жаатында иштешибиз керек. Бул үчүн согуш аймактарындагы зордуктоо эл аралык коомчулуктун, Коопсуздук кеңештин, аймактык органдардын жана ар бир өлкөнүн тышкы саясатынын күн тартибинде биринчи орунда турушу керек.

Ушул эле жыйында АКШнын мамкатчысы Жон Керри буларга токтолгон:

- Согуш сөздүгүнө зордуктоо деген сөз миңдеген жылдар мурда кирген. Бул сөздү чийип салып, караңгы доорлордон калган сексуалдык зомбулуктан арылып, анын тарых китептеринде гана калышын кепилдөөгө мезгил жетти.

"Махабат жихадына" тартылгандар жайы

Согуш аймактарында кыз-келиндерге карата зордук-зомбулукту сөз кылганда ал аймактарга башка жактан атайын өз каалоосу менен барып жаткан кыз-келиндердин тагдыры өзүнчө сөз кылууга арзыйт.

Борбор Азиядан "жихадга" деп кетип жаткан кыз-келиндердин тагдыры тууралуу дээрлик маалымат жок. Мусулман аялдарынын "Мутакаллим" уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы жаңжал аймактарындагы аялдарга карата зомбулук боюнча кабары жок экендигин моюнга алды.

Ал эми бул жаатта изилдөө жүргүзүп келаткан болгариялык профессор Татьяна Дронзина бул аялдарды согуш айдыңына «айдаган» динден бөлөк факторлор да бар экендигин "Азаттыкка" мындайча билдирди:

Татяна Дронзина
Татяна Дронзина

- Акыркы апталарда Сириядагы "Ислам мамлекети" уюмунун катарына кошулуу максатында ар кайсы өлкөлөрдөн, Батыш Европадан жана Австралиядан бери кыздар кетип жаткандыгы кабарланууда.

Ушул аптада мисалы, Түштүк Африканын 15 жаштагы жараны Кейптаунда аба бекетинен Сирияга бараткан жеринен кармалды. Британиялык Кадижа Султана, Шамима Бегум, Амира Абасе деген 15-16 жаштардагы кыздар февралда Лондондон Стамбулга учуп, кийин Сирияга өтүп кеткени маалым болду.

Адам коопсуздугун изилдеген борбордун эсебинде, бүгүн террордук уюмга кошулган чет элдиктердин 20 пайызга чукулу кыз-келиндер болуп саналат.

Лондондогу Киңс колледжинин Согушту изилдөө бөлүмүнүн профессору Жоана Куктун айтымында, бул аялдар согушкерлерге согуш майданындагы «эрдиги» үчүн «сыйлык» катары аялдыкка тартууланышы мүмкүн. Басылып алынган аймактарда туткундалган кыз-келиндерге караганда, өз каалоосу менен баргандардын ортосунда айырмачылык канчалык экендиги өзүнчө изилдөөгө муктаж тема.

"Ислам мамлекетинин" Борбор Азиядагы изи

Ирак менен Сирияда согушуп жаткан "Ислам мамлекети" террордук уюму Борбор Азияга да назарын бура баштаганы жашыруун эмес. Ооганстанда бүгүн бул уюм өлкөнүн түндүк аймактарында активдеше баштаганы маалым. Ошондуктан «ыктыярчы» кыз-келиндердин маселеси убакыттын өтүшү менен актуалдуу маселеге айланышы ажеп эмес.

Жакынкы Чыгыштагы согуштарга Борбор Азиядан, анын ичинде Кыргызстандан эркектер барып катышып жаткандыгын эске алганда, бул согуштар жана ал жерде орун алып жаткан адамзатка каршы кылмыштардын бүгүнкү Кыргызстанга да тиешеси бар болушу толук ыктымал. Ошондуктан экстремисттик идеологияларга байланышкан мындай зөөкүрлүктү токтотуунун жол-жоболору тууралуу кандай кеп болуп жаткандыгын карап көрсөк.

БУУнун соңку отчетуна ылайык, сексуалдык зомбулук жогоруда аталган өлкөлөрдөн тышкары Колумбия, Бирма сыяктуу өлкөлөргө да тиешелүү. Мындан тышкары Ирак парламентинин депутаты Виан Дахил "Азаттыкка" бул көйгөй аскердик кийлигишүүнү талап кыларын айткан. Ал эми Бириккен улуттар уюму көзөмөл иштеринде сексуалдык зомбулукту да эске алуу керектигин, кылмыштар үчүн жоопкерчиликти камсыздоодо санкцияларды жана Эл аралык кылмыш сотуна кайрылууну сунуш этүүдө.

Отчетто мындан тышкары аялдардын көз карандысыз уюмдарын, журналисттерин, укук коргоочуларды колдоп, аларды колдоо зарылчылыгы жана курмандыктарга карата кеңири саламаттык, экономикалык, мыйзамдык кызматтарды жакшыртуу зарылдыгы белгиленет. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын маалымат катчысы Равина Шамдасани эл аралык коомчулукту мындай карөзгөй кылмыштарды ишке ашыргандардын жазасыз калбашын кепилдөөгө чакырды. Анын пикиринде, эл аралык кылмыштарга барган же ага көмөктөш болгон адамдар мыйзам алдында жооп бериши керек.

Улуттар уюму өз отчетунда өкмөттөргө сексуалдык зөөкүрлүктөн аман калгандарга конкреттүү көмөк көрсөтүү программаларын ишке ашырууга чакырат. «Өкмөттөр аялдардын медициналык жана психологиялык кызматтардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жакшыртып, ошондой эле кылмыштардын сотто каралышына жетишүүгө тийиш» деди "Хюман райтс уотчтун" өкүлдөрү.

Аталган уюм мындай кылмыштардын жетиштүү чагылдырылбагандыгын, көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнүн чектелгенин, коопсуз кабар берүүнүн чаралары жетишсиз экендигин жана өкмөттөрдүн ыкчам чара көрө албагандыгын сынга алат.

Мисалы, Бириккен улуттар уюмунун отчетунда Суданда 206 курмандыкка байланышкан 117 сексуалдык зордукчулук катталгандыгы айтылат. Бирок "Хюман райтс уотч" уюму чындыгында бул сан алда канча жогору экендигин жана айрым учурлар көңүл сыртында калып жаткандыгын белгилейт.

Анын ичинде "Хюман Райтс Уотч" Судан өкмөтү «тергөө жүргүзүүгө жана зомбулуктун курмандыктарына тийиштүү кызматтардан пайдаланууга" бөгөт койгондугун, бирок Коопсуздук кеңеши буга карата эч кандай чара көрбөгөндүгүн белгилейт.

Мындан тышкары бул уюм тынчтык күчтөрү тарабынан жасалган сексуалдык зомбулуктарга тийиштүү көңүл бурулган жок деп эсептейт жана БУУ Сомалидеги сексуалдык зордукчулук, күчтөп күйөөгө берүү, өкмөттүк аскерлер, жана "ал-Шахаб" куралдуу топтордун «кылыктары» тууралуу деталдуу маалымат бергени менен, мындай зөөкүрлүккө жол берген Африка биримдигинин аскерлерине байланыштуу дээрлик маалымат берген жок.

Ал арада БУУнун сексуалдык зомбулук боюнча атайын өкүлү Зайнап Багура 16-апрелде Жакынкы Чыгышка аттанганын кулак кагыш кылды. Ал Сирияны, Иракты, Иорданияны, Ливанды, Түркияны кыдырууну пландап жатат.

XS
SM
MD
LG