Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:43

Саммит алдында Украинада уруш курчуду


Украинанын чыгышындагы орусиячыл согушкер
Украинанын чыгышындагы орусиячыл согушкер

11-февралда Минск шаарында Украинанын чыгышындагы согушту токтотууга арналган саммит өтөт. Бирок шейшемби күнү саммитти даярдоо боюнча жумушчу топ чатакты жөндөө боюнча бир жыйынтыкка келе албаганы маалымдалды.

Айрым саясатчылар бул саммит украин армиясы жана орусиячыл жикчилдер ортосундагы согушту токтотууга акыркы мүмкүнчүлүктү берүүдө деген пикирде. Ушул тапта да Чыгыш Украинада уруш уланууда.

Минсктеги саммитке Германия канцлери Ангела Меркел, Франция президенти Франсуа Олланд, Орусия президенти Владимир Путин жана Украина президенти Петр Порошенко катышат. Бирок украин армиясы менен Москва колдогон жикчилдер ортосундагы согуш күчөгөн чакта саммиттин ийгиликтүү бүтөрү күмөндүү.

АКШ президенти Барак Обама 10-февралда Путин жана Порошенко менен жекеме жеке телефондон баарлашты. Ак үйдүн кабарлашынча, Обама Путинди Минсктеги тынчтык сүйлөшүүсүндө 5350дөн көп адамдын башын жуткан Украинадагы согушту токтотуунун дипломаттык мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбоого үндөдү.

“Эгер Орусия Украинадагы агрессиясын, ошондой эле жикчилдерге аскер жөнөтүүнү, аларды куралдандырууну жана финансылык колдоону уланта берсе, ал үчүн Орусия төлөчү баа өсөт”, деп айтылат лидерлердин телефон сүйлөшүүсү жөнүндөгү Ак үй билдирүүсүндө.

Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын лидери Барак Обама, 11-ноябрь, 2014-жыл
Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШнын лидери Барак Обама, 11-ноябрь, 2014-жыл

Кремлдин билдиришинче, Путин жана Обама Украинанын бардык аймактарындагы элдин, анын ичинде өлкө чыгышындагы орус тилдүүлөрдүн укуктары сакталышы керек экенине жана кандуу булоонду саясий жол менен жөндөө керектигине көңүл бурушкан.

11-февралда расмий Киевдин аскер өкүлү Владислав Селезнев Украинанын чыгышындагы Дебальцево шаарынын атрабында ракета чабуулдарынан жана салгылыштарда 17 аскер жана Ички иштер министрлигинин эки жоокери окко учту, 78 адам жарадар болду деп билдирди.

10-февралда жикчилдер Горловкадан Краматорскидеги аскерий базаны жана шаардын элдүү бөлүгүн аткылаганда 8 жаран жана 4 аскер өлүп, 60тан ашык адам жарадар болгонун Украина тарап кабарлаган. Бирок жикчилдердин жетекчилиги "Краматорск шаарын аткылабадык, себеби Краматорск биздин колубуздагы Горловкадан алыста", - деди.

Донецк, Украина
Донецк, Украина

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинаны кошумча территорияны басып алып, аны Минсктеги саммитте буроо катары пайдаланууга аракет кылганы жатат деп күнөөлөдү. Согуштук аракеттер жүрүп жатканда, украин өкмөтү Орусия менен чек арасын толук контролдоо маселесин козголоңчулар менен макулдашпай туруп, саммитте койо албайт деп кошумчалады Лавров 11-февралдагы маалымат жыйынында.

Франция президенти Француа Оланддын сөзүнө караганда, Минск сүйлөшүүсүнүн ийгилиги - санкциядан жабыркаган сооданы жандандыруу үчүн маанилүү.

Москванын Украинадагы абалды бейстабилдештирүүдөгү ролуна байланыштуу Батыш Орусияга санкция жарыялап, Москва да каршы кадамдарга барган. Франция өз кезегинде Орусияга бир нече миллиард долларлык аскерий кемени курууну токтотуп койгон.

Украин армиясы
Украин армиясы

Минск жыйыны алдындагы карама-каршылыктарды чечүүгө көмөктөшүү үчүн Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер орусиялык жана украиналык кесиптештери менен телефондон пикир алмашты. Анын айтымында, "алдын ала жыйынтык талкууда маани бар экенин көрсөттү. Бирок Минсктеги саммит алдында чечүүнү талап кылган көптөгөн суроолор ачык калууда”.

Европа биримдигинин тышкы иштер комиссары Федерика Могерини шейшемби күнү Европарламентте сүйлөп, былтыр Минскте жетишилген келишим аткарылуусу үчүн 11-февралдагы саммиттин болушу зарыл экенине токтолду:

- Биз анын иштеп кетүүсү үчүн баарын жасашыбыз керек. Эгер ал аткарылбаса, эмне болот же эмне кылабыз деп ойлончу убакыт эмес азыр.

Украин президенти Петро Порошенко да Минск жолугушуусу урушту токтотууга акыркы мүмкүнчүлүктү берүүдө дейт.

Президент Барак Обама 9-февралда Вашингтондо Ангела Меркел менен жолуккандан кийин кокус Украин кризиси дипломаттык жол менен чечилбей калса, Вашингтон Киевге согуштук курал берүү жагын карап көрөрүн айткан.

XS
SM
MD
LG