Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

Украинадагы абал Астанада талкууланары арсар


Нурсултан Назарбаев жана Петро Порошенко. Киев, 22-декабрь, 2014-жыл
Нурсултан Назарбаев жана Петро Порошенко. Киев, 22-декабрь, 2014-жыл

9-январда Казакстандын борбору Астанада Украина, Орусия, Франция жана Германиянын тышкы иштер министрлери Украинанын чыгышындагы абалды талкуулайт. Бирок президенттердин Астанада өтүүчү жыйыны өтөөрү азырынча күмөн.

9-январда Казакстандын борбору Астанада төрт өлкөнүн тышкы иштер министрлери Украинанын чыгышындагы абалды талкуулайт.

Бул тууралуу дүйшөмбүдө Берлинде өткөн жыйында белгилүү болду. Бирок Астанада аталган төрт өлкөнүн мамлекет башчыларынын “нормандиялык форматтагы” саммити өтөөр-өтпөсүнүн аныгын тараптар бышыктай элек.

Украинанын чыгышындагы абал боюнча төрт өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны болорун украиналык дипломат Алексей Макеев “Твиттердеги” баракчасына жазып чыкты. Ал дүйшөмбүдө Берлинде өткөн жыйында украиналык делегацияны жетектеп барган эле. Макеевдин маалыматына караганда, Астанада бул маселе боюнча “негизги келишимдин” долбоору даярдалышы мүмкүн.

Ошондой эле Алексей Макеев украиналык телеканалдардын бирине сүйлөп, жакын арада Киевде Украина, ЕККУ, Орусия жана өздөрүн "элдик республика" жарыялап алган Донецк менен Лугансктын бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү болушу мүмкүн экенин да шардана кылды.

Бирок украин президенти Петро Порошенко ​буга чейин айткан Астанадагы Украина, Орусия, Германия жана Франциянын лидерлеринин саммити өтөөр-өтпөсү биротоло бышыктала элек. Өткөн жыл аягында Порошенко 15-январда Астанада болчу саммитте аталган үч өлкөнүн президенттери менен жолугууга даяр экенин билдирген.

5-январда немис канцлери Ангела Меркелдин маалымат катчысы Штеффан Зайберт ок атууну толугу менен токтотуп, касташкан тараптардын согуштук оор техникасын чыгарып кетүү сыяктуу жоболорду камтыган Минск келишими толугу менен аткарылса гана мындай саммитти өткөрүү максатка ылайык деп билдирди. Зайберт “мындай саммитке даярдык эртерээк башталышы керектигин” кошумчалады.

Ал эми Украинанын өкүлү Алексей Макеев бул маселелер Астанадагы төрт өлкөнүн башкы дипломаттарынын жолугушуусунда талкууланарын, мындан сырткары муктаж болгондорго тоскоолдуксуз гуманитардык жардам жеткирүү да сөз болоорун ачыкка чыгарды.

Ал арада Франциянын президенти Франсуа Олланд France Inter радиосуна берген маегинде, эгер Астанадагы саммит Украинанын чыгышындагы абалдын оңолушун шарттаса гана бул жолугушууга барарын билдирди:

Франсуа Олланд
Франсуа Олланд

- Мен Астанага 15-январда бир гана шарт менен барам. Ал абалды жөнгө салуу боюнча кандайдыр бир жыйынтыктын болушу. Болбосо эч кандай жыйынтыксыз жөн эле жолугуп коюунун мааниси жок. Бирок мен кандайдыр бир жыйынтык болот деп ойлоп жатам.

Француз президенти кошумчалагандай, эгер Москва Украинанын эгемендигин толугу менен сыйласа гана Орусияга карата санкциялардын алынышын колдойт. Ошондой эле Олланд орус президенти Путинди Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлоону, өлкө чыгышындагы жикчилерди колдоону токтотууга чакырды.

“Путин Украинанын чыгышын аннексиялап алууну көздөбөйт” деген Олланд орус президенти дал ушинтип ишендиргенин билдирди.

АКШ Мамлекеттик департаменти Орусияга каршы санкцияларды алып салуу боюнча расмий Париждин позициясын колдой турганын билдирди. Департаменттин расмий өкүлү Жен Псаки Украинадагы абалды жөнгө салууда алга жылуу байкалса гана санкциялар алына турганын белгиледи:

- Бул биздин башынан эле карманып келе жаткан позициябыз. Бул биздин европалык өнөктөштөрүбүздүн позициясы. Эгер Орусия жана жикчилер Минскте убада кылган шарттарды аткарса гана Кошмо Штаттар айрым санкцияларды алышы мүмкүн. Бирок бул маселе боюнча толук прогресс болмоюн санкцияларды алуу тууралуу сөз болушу мүмкүн эмес, - деди Псаки айым.

Негизи Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөр буга чейин эки ирет Минскте өткөн. Анда ок атышууну токтотуу, туткунга түшкөндөрдү алмашуу макулдашылган. Бирок ал макулдашуулар аткарылбай эле андан берки атышуулардан БУУнун эсептөөлөрү боюнча 1300дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

Ал эми чатак башталгандан бери 4700гө жакын адам набыт кетти. Кечээ эле уруш жүрүп жаткан Донецк аймагында аскер кызматкерлери түшкөн автобус жүк ташуучу унаа менен кагылышып, 12 киши каза болгону кабарланды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG