Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Киев Саакашвилинин сөөгүн агартты


Саакашвили Киевдеги митингде сүйлөөдө. 2-март, 2014-жыл.
Саакашвили Киевдеги митингде сүйлөөдө. 2-март, 2014-жыл.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин Украинада мартабалуу кызматка дайындалышы расмий Тбилисиге жаккан жок. Кечээ украин элчиси Грузиянын Тышкы иштер министрлигине чакыртылды. Бирок тараптар Саакашвилинин иши боюнча эки ортодогу пикир келишпестик мамлекет аралык мамилеге залакасын тийгизбейт деп ырастоодо.

Украинанын президенти Петро Порошенконун жардыгы менен Михаил Саакашвили Украина боюнча Эл аралык консультативдик кеңештин төрагалыгына, ошол эле учурда президенттин штаттан тыш кеңешчилигине дайындалды.

Расмий Киев муну менен Саакашвили Украинанын чет өлкөдөгү жана эл аралык коомчулуктун Украинадагы өкүлү болот, реформа маселелери менен алектенип, өлкөгө “эң жакшы чет элдик тажрыйбаны, эксперттерди тартып келет деп үмүт артууда.

Бирок коомчулукка жымсалданып айтылса да, Киевдин бул кадамы расмий Тбилисинин нааразылыгын жараткандай. Дүйшөмбү күнү Грузиянын Тышкы иштер министрлигине украин элчиси чакыртылды.

Тбилисилик саясат таануучу Корнели Какачия азыркы бийликтин Саакашвили боюнча турумун “Азаттыкка” мындайча чечмеледи:

- Бийликтердин аргументи боюнча Саакашвили - кылмышкер. Адам укуктарын бузганы жана башка мыйзамсыз иштери үчүн аны Грузия издеп жаткандыктан, дос мамлекет катары Украина ага кызмат бербеши керек эле.

Украинанын Грузиядагы элчиси Василь Цыбенко Тышкы иштер министрлигине чакырылгандан кийинки комментарийлеринде Саакашвилинин жогорку кызматка дайындалуусу Грузияга каршы багытталбаганына жана Киев бул эки өлкөнүн алакасына зыянын тийгизбейт деп эсептерине токтолду.

Украин элчиси ошондой эле Саакашвилиге карата соттун күчүнө кирген мыйзамдуу чечими жок болгондуктан, ал укуктук жактан эркин экенине көңүл бурду.

Грузин бийликтери Саакашвилиге каршы төрт кылмыш ишин ачып, анын жана жакын туугандарынын үй мүлкүн камакка алганы менен экс- президентке Интерпол аркылуу эл аралык издөө салган эмес.

Тбилисилик саясат таануучу Корнели Какачия мунун себебин “Азаттыкка” төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Себеби, бул ( Саакашвилиге каршы козголгон кылмыш иши) саясий иш катары кабылданып жатканында. Бери дегенде эл аралык коомчулуктун бир бөлүгү, өзгөчө батыштагылар грузин бийликтеринин аргументтерине ишенбейт. АКШ менен Европада айрымдар Саакашвилиге каршы козголгон кылмыш ишин буга чейин эле саясий өч алуу катары баалашкан. Мындан улам грузин бийликтери да этияттык менен иш алып барууда.

Михаил Саакашвили Грузиядан 2013-жылы 17-ноябрда өлкөнүн жаңы президенти кызматка киришкенге чейин эле чыгып кеткен. Андан кийинки алгачкы айларда ал АКШдагы Тафт университетинде окутуучулук кылып жатканы кабарланган.

Саакашвили Киевдин азыркы мэри Виталий Кличко менен. Март, 2014-жыл.
Саакашвили Киевдин азыркы мэри Виталий Кличко менен. Март, 2014-жыл.

Украинада 2013-жылдын аягы, 2014-жылдын башындагы элдик толкундоолордо демонстранттар алдында бир нече ирет чыгып сүйлөгөн.

Билгендердин айтымында, Киевде Саакашвилинин “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясынын кеңсеси да бар жана убактысынын көбүн Украинанын борборунда өткөрүп жүрөт.

Грузиялык саясат таануучу Корнели Какачия “Азаттык” менен менен маегинде белгилегендей, расмий Тбилиси Саакашвилинин Украинадагы кызматы анын мекенинде келечекте бийликке кайтып келүүсүнө жардам береби деп тынчызданып жатат:

- Грузин өкмөтү анын кызматка дайындалуусунан коркконунун башкы себеби ушул. Болбосо алар буга көңүл деле бурмак эмес. Маселенин төркүнү, бери дегенде бийликтин көз карашынан караганда, Саакашвили жана анын командасы Украинада ийгиликке жетишсе, бул анын бийликке кайтып келүүсүнө жардам береби деген камтамачылык. Бирок Украинадагы реформалардын тагдыры эмне болорун азырынча эч ким билбейт. Украина Грузиядан башка мамлекет да. Эгер реформалар ийгилик таппаса, чет элдиктер, анын ичинде грузиялык реформаторлор тобу да жаманатты болушу мүмкүн. Алар ийгиликке жетет деген кепилдик жок да.

Экс-президент Саакашвилиге чейин анын мурдагы командасынын үч мүчөсү Украинанын өкмөтүндө саламаттыкты сактоо министри, ички иштер жана юстиция министринин орун басары кызматтарына дайындалышкан.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG