Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:21

Украина Орусияны аскердик душман катары жарыялады


Украин президенти Петро Порошенко
Украин президенти Петро Порошенко

Украинанын жаңы аскердик доктринасы өлкөнүн аскер душманы деп Орусияны атады. Доктрина долбоорун Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши 2- сентябрда бекитти.

Президент Порошенко Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңештин ачылышында сүйлөп, жаңы доктринада 2020-жылга украин аскерлери НАТОнун стандартына жооп бергидей болушу керектигин баса белгиледи. Президент азырынча Украина НАТОго мүчө болууга даяр эместигин ырастады.

2- сентябрда Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши өлкөнүн жаңы аскердик доктрина долбоорун талкуудан соң бекитти. Президент Петро Порошенко кеңеште сүйлөп, мурдагы аскер доктринасы өзүн актабаганын, тилекке каршы, Украинага аскердик коркунучту Орусия жаратып жатканын белгиледи. Ал ошондой эле жаңы доктрина Украинанын аскер душманы деп Орусияны расмий түрдө аныктаганын билдирди:

- Жаңы аскердик доктрина Украинанын аскер душманы Орусия Федерациясы экенин ырастоого улай аскердик бөлүктөр менен бирикмелерди жаңыдан жайгаштыруу, ошондой эле чыгыш жана түштүк облустарда тийиштүү аскер инфраструктурасын түзүү жөнүндө тапшырма берет.

Украин президенти 2020-жылга улуттук армия жана коргонуу системасы Түндүк Атлантика альянсынын талаптарына жооп бергидей болушу керектигине көңүл бурду:

- Стратегиялык доктринанын өзөгүн түзгөн башкы тема -евроатлантикалык интеграция жана биздин аскердик коргонуу системабызды НАТОнун стандарттарына шайкеш келтирүү.

Жаңы документте Орусия кошуп алган Крым жарым аралы жана Донбасстагы москвачыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактар “убактылуу басылып алынган жерлер” катары аныкталган.

Расмий Киевдин Украина алдына НАТОго мүчө болуу стратегиялык максатын коюшу, эркин Корреспондент.net жумалыгы жазгандай, Украина буга чейинки ар кандай аскердик блокторго кошулбоо макамынан баш тартат дегенди түшүндүрөт.

Мурдагы аскер доктрина 2012-жылы ушу тапта Орусияда кара башын калкалап жүргөн Виктор Янукович президент кезде кабыл алынган. Жаңы аскердик доктринаны эми президент Порошенко бекитүүгө тийиш.

Аскердик доктрина долбоорун буга чейин украин өкмөтү жактырганын премьер-министр Арсений Яценюк 1-сентябрда Одессада “Деңиз шапатасы - 2015” деп аталган аскердик машыгуулардын ачылышында жарыя кылган. Өкмөт башчы жаңы доктринада эркин Украинанын 24 жылдык тарыхында биринчи мертебе душманы так көрсөтүлгөнүн белгилеген:

- Министрлер кабинети жакында жаңы аскердик доктринаны бекитти. Доктрина Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешине талкууга жөнөтүлдү. Президент тийиштүү жардыкка кол коет. Доктринанын долбоорунда күнкорсуздук тарыхында биринчи жолу душман жана баскынчы так аныкталган. Ал Орусия Федерациясы.

Кара деңиздеги машыгууга НАТОнун, анын ичинде АКШ, Түркия, Германия, Украина жана башка өлкөлөрдөн эки жарым миң аскери, согуштук кемелер менен аскер-аба күчтөрү катышууда.

“Деңиз шапатасы” аскер машыгуулары 1997-жылы биринчи ирет өткөн.

Украинанын жаңы аскердик доктринасы президент Порошенконун борбордук бийликтин кээ бир функцияларын аймактарга, анын ичинде ушу тапта орусиячыл жикчилдердин кол алдында калган Донбасстын айрым райондоруна берүү боюнча Конституцияга өзгөртүү киргизүү аракети жанданып, саясий чыңалуу курчуп турган маалда кабыл алынууда.

31-августта Украина парламенти борбордук бийликти жергиликтүү башкаруу органдары менен бөлүшүү жөнүндө Конституцияга түзөтүү киргизүү боюнча биринчи окуудан добуш бергенден кийин Жогорку Раданын имараты сыртында топтолгон көпчүлүк арасында жаңжал башталган. Кагылыш учурунда Улуттук гвардиянын жоокерлерине жана полициячыларга граната ыргытылып, үч гвардиячы алган жараатынан набыт болушкан. Жүздөн ашык адам жабыркаган. Тополоңго тиешеси бар деп шектелип, 18 адам камакка алынган.

XS
SM
MD
LG