Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

HRW: Украинада согуш мыйзамдары бузулууда


Донецк аэропорту. 19-октябрь, 2014-жыл.
Донецк аэропорту. 19-октябрь, 2014-жыл.

Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюму Украинанын өкмөттүк күчтөрүн өлкө чыгышындагы аймактарда чачыратма бомба колдонду деп айыптады.

Human Rights Watch уюмунун баяндамасында чачыратма бомбанын колдонулушу согуш кылмыштарына барабар экени эскертилип, Украинанын чыгышындагы ондон ашык шаар жана айыл-кыштактар, анын ичинде Донецк октябрдын башында бир нече ирет чачыратма бомбанын чабуулуна дуушар болгону айтылат.

Укук коргоочулардын айтканына караганда, кандуу кагылыштарда кайсы тарап эл аралык конвенция тыюу салган мындай куралды колдонууга жоопкер экенин аныктоо кыйын, ошентсе да бир катар чабуулдарда чачыртма бомбаларды украин армиясы колдонгонун далилдей турган фактылар бар.

"Хьюман Райтс Уотчтун" улук кызматкери Оле Солванг бул тууралуу:

- Бир жумага созулган иликтөөнүн жыйынтыгында, Human Rights Watch Украинанын чыгышында чачыратма бомба кеңири колдонулганын аныктаган. Айрым чабуулдарда бул куралды өкмөттүк күчтөр пайдаланган. Биздин уюмдун аныкташынча, чачыратма бомба колдонулган айрым кагылышуулардан бери дегенде алты жайкын тургун набыт кетип, ондогон адамдар жарадар болгон, – деп билдирди.

Украинанын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Андрей Лысенко Киевдеги маалымат жыйында эл аралык уюмдун айыптоолорун “Украин күчтөрү эл жашаган аймактарга ок чыгарбайт” деп четке какты.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, Human Rights Watch чачыратма бомбаларды колдонууга байланыштуу он эки окуяны каттаган.

Укук коргоочулар чачыратма бомбадан жантаслим болгондордун саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин айтууда. Эмне дегенде бардык фактылар толук иликтене элек.

Ошону менен бирге көп учурларда адам өлүмүнө кайсы курал себеп болгонун так аныктоо кыйын, анткени кагылышууларда бир эле учурда ок-дарылардын ар кандай түрү колдонулган.

Чачыратма бомба колдонулганын уюмдун кызматкерлери жардыруу болгон жердеги аңдын түзүлүшүнөн, октун чачырандысынан жана башка атайын белгилерден аныкташкан.

Куралдуу уруштарда жалпысынан канча ракета жана чачыратма бомба пайдаланылганы белгисиз.

Amnesty International уюму да буга байланыштуу билдирүү таратып, “атайылап адамдарды өлтүрүү” боюнча жикчилдер жана украин аскерлери күнөөлүү болушу мүмкүн деп эскерткен.

2008-жылы дүйнөдөгү жүздөн ашык мамлекет кол койгон конвенцияга ылайык, чачыратма бомбаны колдонууга тыюу салынган. Бирок бул конвенцияга Украина кол койгон эмес.

Украина чыгышындагы жети айга созулган куралдуу уруштарда төрт миңге жакын адам набыт кетти жана алардын саны 5-сентябрда эки тарап ортосунда жетишилген тынчтык макулдашуусуна карабай өсүүдө.

XS
SM
MD
LG