Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:06

Украин бийлиги Орусия катуу чабуул коет деп кооптонууда


Орусиянын аткылоосунан кийин өрттөнгөн үй.
Орусиянын аткылоосунан кийин өрттөнгөн үй.

Орусиянын аскерлери Украинанын чыгышына көптөгөн аскерлерин жана техникасын тартып келип, ал аймактарды аткылоону күчөтүүдө. Украин бийлиги жакынкы күндөрү аталган аймактарга катуу чабуул коюлушу ыктымал деп боолгошуп, ал жакта калган жай тургундарды эвакуациялоону улантууда.

Ал арада Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Украинанын борбору Киевге күтүүсүз барып, президент Владимир Зеленский менен жолугуп, Лондон Киевге ири аскердик жана каржылык жардам көрсөтөрүн айтты.

Украин аскери Луганкскиден жай тургундарды коопсуз аймактарга эвакуациялоодо.
Украин аскери Луганкскиден жай тургундарды коопсуз аймактарга эвакуациялоодо.

10-апрелде Украинанын түндүк-чыгышындагы Харьков облусунун Дергачи шаарын аткылоодон эки адам каза болуп, бир нечеси жарадар болду. Облус губернатору Олег Синегубов Фейсбуктагы баракчасына жазгандай, орусиялык күчтөр бир нече аймактарга 66 жолу артиллериялык чабуул жасашкан.

Орусиянын аскерлери ушул эле күнү таңга маал Украинанын Луганск жана Днепр аймактарын ракеталар менен аткылап, бир нече имараттарды талкалады. Бул тууралуу Украинанын расмий өкүлдөрү кабарлады. Аткылоонун натыйжасында Днепр шаарынын бир тургуну жарадар болгон. Ал эми Луганск облусунун курчоого алынган Северодонецк шаарында мектеп жана көп кабаттуу үй аткыланган.

Maxar компаниясынын спутниктен тартылган сүрөтүндө Орусиянын чопкутталган машинелер жана жүк ташуучу автоунаалардан турган колоннасы Украинанын чыгышындагы Улуу Бурлук шаары аркылуу түштүктү көздөй баратканы тартылган. 8-апрель, 2022-жыл. Колонна жүз машинеден туруп, 13 чакырымга созулган.
Maxar компаниясынын спутниктен тартылган сүрөтүндө Орусиянын чопкутталган машинелер жана жүк ташуучу автоунаалардан турган колоннасы Украинанын чыгышындагы Улуу Бурлук шаары аркылуу түштүктү көздөй баратканы тартылган. 8-апрель, 2022-жыл. Колонна жүз машинеден туруп, 13 чакырымга созулган.

Луганск облусунун башчысы Сергей Гайдайдын айтымында, 10-апрелде Луганскиден жай тургундарды чыгарып кетүү үчүн тогуз поезд каттамы даярдалган. Расмий бийлик акыркы күндөрү Луганскиге багытталган ракеталык соккулар көбөйгөнүн жана бул аймакка Орусиянын аскердик күчтөрү көбүрөөк тартылып жатканын билдирген.

"Биз орус армиясы орун алмаштырып жатканын так көрүп жатабыз. Биздин облуска көптөгөн техника жана аскерлер киргизилип жатат. Биз кыймыл-аракеттерин байкап, эшелондор кирип жатканын көрүүдөбүз. Алар жакынкы күндөрү катуу чабуул коет деп божомолдоп жатабыз. Чабуулдар Луганск менен Донецк тараптан эле эмес, дагы башка тараптан да болушу ыктымал. Аткылоолор көбөйдү. Азыр Луганск облусунун жай тургундар жашаган аймактары толугу менен аткыланып жатат. Бүгүн айыгышкан салгылашуулар Попасная жана Рубежное шаарларынын ичинде жүрүп жатат", деди Луганск облусунун башчысы Сергей Гайдай.

Орус бийлиги тараптан кандайдыр бир маалымат бериле элек.

Ал арада Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Украинага күтүүсүз сапар менен барып, украин президенти Владимир Зеленский менен жолукту. Биргелешкен басма сөз жыйында Борис Жонсон орус президенти Владимир Путин жай тургундарга кол салып, өзүнүн жана Орусиянын аброюн “биротоло кетиргенин” айтты.

Жолугушууда Борис Жонсон Украинага 120 чопкутталган техника жана кемеге каршы жаңы ракеталык системаларды берерин убада кылып, украин аскерлеринин жана жарандарынын эрдигине баа берди. Анын Киевге барышы алдын ала жарыяланбагандыктан күтүүсүз болуп, Европа өлкөлөрүнүн расмий өкүлдөрүнүн буга чейинки сапарларынан айырмаланды. Ал Зеленский менен чогуу Киевдин көчөлөрүн кыдырып, жай тургундар менен баарлашты.

Буга чейин Киевге Австриянын канцлери Карл Нехаммер жана Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен барып кайткан.

Жолугушуудан кийин Борис Жонсон басма сөз жыйын курду:

"Украина өзүн коргой алгыдай болуш үчүн, кайрадан чабуулга кабылбашы, кайрадан кысымга жана коркутууларга кабылбашы үчүн биз – Улуу Британия жана башкалар Украинаны жаңы технологиялар менен, чалгындоо кызматтарынын маалыматтары менен камсыз кылабыз".

Орусиянын Киевди курчоого алуу планы ишке ашпай калган соң, орус аскерлери артка чегинүүдө. 10-апрелде Киевдин түндүгүндө жайгашкан Бузова айылы бошотулган соң, ал жактан ондогон жай тургундардын сөөгү көмүлгөн жапырт көрүстөн табылды.

Көз карандысыз эксперттер Москва Украинанын чыгышына чабуулдарын күчөтүүнү пландап жатканын айтууда. Мындай божомолду АКШнын Чалгын кызматы да ырастап, Орусия Украинанын чыгыш аймактарына он миңдеген жоокерлерин тартып келүүнү пландап жатканын кабарлады. Вашингтондун кабарлашынча, Москва бул ирет абадан сокку урууларды көбөйтүшү ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG