Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:05

Украина: Лиман шаары толук бошотулду


Украин аскерлери курчоого алып, бошоткон Донецк облусундагы Лиман шаары.
Украин аскерлери курчоого алып, бошоткон Донецк облусундагы Лиман шаары.

Украинанын аскерлери Донецк облусундагы Лиман шаарын толук бошотту. Бул кабарды Орусиянын Коргоо министрлиги да ишемби күнү ырастады. Буга чейин украин аскерлери курчоодо калган орус аскерлерине туткунга түшүүнү сунуштап жаткан видеолор тараган.

2-октябрда Украинанын президенти Владимир Зеленский Телеграмдагы өзүнүн расмий каналына "Лиман толугу менен бошотулду. Биздин аскерлерге рахмат. Украинага даңк!" деп кыска видео жарыялады.

Украинанын президентинин аппарат жетекчисинин орун басары Кирилл Тимошенко да 1-октябрда Телеграм каналына видео жарыялады. Анда украин аскерлери Лиман шаарындагы административдик имараттан Орусиянын желегин жерге таштап, ордуна украин желегин илип жатканын көрүүгө болот.

Буга чейин Украинанын куралдуу күчтөрү Лиман шаарын толугу менен курчоого алганын, анда беш миңдей орус аскери курчоодо калганын билдирген. Телеграм каналдарга орус аскерлерине туткунга түшүүнү сунуштап жаткан видеолор да тарай баштаган.

Лиман шаарын украин аскерлери бошотуп алганын Орусиянын коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков да ырастады:

"Жоготууларга карабастан, киши санынан жана курал-жарактан артыкчылыкка ээ болгон душман кошумча күч тартып келип, чабуулду уланта берди. Курчоодо калуу коркунучунан улам Орусиянын аскерлери Кызыл Лиман конушунан коопсуз жерге чегинүүгө аргасыз болду," - деди Конашенков.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Телеграм каналында Борбордук аскердик аймакты башкарган генерал-полковник Александр Лапинди айыптаган билдирүү жазды. Кадыров Кремлди чек арага жакын аймактарга аскердик абал жарыялап, ар бир чечимди кабыл алардан мурун Батышты же Американы кылчайып карай бербестен, "анча кубаттуу эмес өзөктүк куралды" колдонууга чакырган.

Британиянын чалгын кызматы орус аскерлеринин Донецк облусунун Лиман шаарынан чегинүүсүн саясий жана аскердик утулуш катары сыпаттады.

"Лиман өтө маанилүү, себеби Северский Донец дарыясын кесип өткөн жолду Орусия өзүнүн коргонуусун бекемдөө үчүн колдонуп келген. Орусиянын Лимандан чегинүүсүн чоң саясий утулуш катары сыпаттаса болот, себеби Лиман шаары Орусия мыйзамсыз аннексиялап алууга аракет кылган жана “коргойм” деп келген Донецк облусунда жайгашкан".

Британиянын чалгын кызматы тараткан билдирүүдө орус аскерлеринин Лимандан качып чыгышы Орусиянын аскер жетекчилигине болгон коомдук сынды мындан да күчөтөрү айтылат.

Американын Согушту изилдөө институту (ISW) болсо Орусиянын президенти Владимир Путин учурда стратегиялык мааниге ээ болгон Херсон жана Запорожье облустарындагы позицияларды бекем кармоого көбүрөөк умтулгандыктан, Луганск багытындагы коргонууга анчейин маани бербей жатканын болжолдоду.

Лиман орус күчтөрүнүн колуна ушул жылдын май айында өткөн. Бул эң маанилүү темир жол түйүнү жайгашкан шаар. Мындан тышкары шаарды алуу украин күчтөрүнө Луганск облусуна түндүктөн жана батыштан чабуул коюуга жардам берет. Украиналык аскерлер Лиманга чабуулду шаардын түндүк-чыгышындагы Харьков облусундагы ийгиликтүү операциясынан кийин баштаган.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын төрт облусун аннексиялап алганын жар салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG