Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Айтылбай кеткен ыйман сөз (ыр)


Элдик ыңкылап маалында оор жаракат алган демонстрантты жоро-жолдоштору коопсуз жайга чыгарууда. 2010-жылдын апрели. Ак Үйдүн жаны, Бишкек.
Элдик ыңкылап маалында оор жаракат алган демонстрантты жоро-жолдоштору коопсуз жайга чыгарууда. 2010-жылдын апрели. Ак Үйдүн жаны, Бишкек.

Былтыр 7-апрелде далай адам ойрон болду. Кээ бири ооруканадан көз жумушту. Адам баласы мындайды араң көтөрөт. Байкуш кыргыз, башынан эмнени гана кечирбеди! Ошол окко учкан мекендештеримдин арасында менин ак-талаалык жердештерим да бар экен. Бул ыр ошолордун элесине арналат.



* * * * *



Өмүрүм өчтү. Кайрылып кайра келалбайм…
Күлгүндөй жаштык күтүлгүс жерден үзүлдү…
Жан дүйнөм менин жай албай мында кыйналат:
Кай күнөөм үчүн өчүрдүң менин жүзүмдү?

Мен эми жокмун. Көрбөйсүң тирүү жүзүмдү,
Үлбүрөк жашоо үзүлбөс жерден үзүлдү…
Жан кечти, канкор фильмде эле жашайт дечү элем,
Тирүүлөр келип жок кылып кетти изимди.

Жаңылдым анан – жайлашты мени канкорлор,
Жаштык дем уруп, жалындай турган кезимде…
«Жалп» этип өчтү кыялым, аруу тилектер,
Өрт болуп күйүп, өрттөнгөн бойдон сезимде.

Мен кайдан билдим, жашоонун мынча кыскасын,
Муну да мага мурдатан эч ким айтпаган.
«Өмүрүң мына, бүттү эми» деген кабарды,
Кайыган октор кадалып мага айтты анан.

Куураган башым аны мен кайдан билейин:
Адамда өмүр жападан жалгыз экенин!
Мен азыр билдим, а бирок эми айла жок!
Өмүрүм кетти өлбөсү үчүн Мекеним.

Ак-Талаамдын апапак болгон тоолору,
Алыста калып, кол булгап калды артымдан.
Адырда, кырда жыты «бур» эткен шыбактар…
Жыттабайм эми – айрылдым мына калкымдан.

Мен жүрөм азыр сурагын күтүп Кудайдын,
Ошондо жаным жай алар деймин акыры,
Жазыгын тартар өз мойну менен баары анан,
Адилеттүүсү, караөзгөйү, каапыры.


Дамирбек МААДАНБЕКОВ,
“Азаттыктын” окурманы.
XS
SM
MD
LG