Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:17

"Туу өзгөрбөсүн". Активист сурак берди, автожүрүш башка күнгө жылды


Тууну өзгөртүүгө каршы автожүрүшкө чогулгандар.

Кыргызстандын мамлекеттик желегиндеги сүрөттүн элементтерин алмаштырууга каршы 3-декабрда Бишкекте пландалган автожүрүш болбой калды. Катышуучулар акция башка күнү өтө турганын билдиришти. Бир күн мурун тууну өзгөртүүгө каршы тынчтык митингине үндөгөн активист Афтандил Жоробеков суракка чакырылган.

Президент жана башка бийлик өкүлдөрү туудагы элементтерди өзгөртүүнү колдошот. Мыйзам долбоорунун авторлору "мындан көйгөй жаратуунун кереги жок" дешет.

Автожүрүш башка күнгө жылды

Автожүрүшкө чыгам дегендер алгач баш калаанын 7-кичи районунда, Аалы Токомбаев көчөсүндөгү "Глобус" соода борборунун алдына чогулушту. Алар келгиче эле дүкөндүн алдында бир нече милиционер, МАИ кызматкерлери топтолду.

Бул иш-чараны Бишкектин автосүйүүчүлөр тобу уюштуруп жатканы кабарланган. Ага катышам деп келгендердин бири Таалайгүл Айдаралиева мындай кайрылуу жасады:

"Отуз жылдан берки желегибизди сактап калуу үчүн автожүрүш уюштуруп жатабыз. Урматтуу бийлик өкүлдөрү, урматтуу Садыр Нургожоевич, биздин ыйык туубузду сактап калалы. Өзгөрбөсүн!".

Бишкек: Тууну өзгөртүүгө каршы акция өтпөй калды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:57 0:00

Өзүн Октябрь райондук Ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орунбасары деп тааныштырган Туратбек Жакшылыков 31-декабрга чейин алар көзөмөлдөгөн аймакта тынч жыйындарды, митингдерди өткөрүүгө сот тыюу салганын эскертти.

"Желектерди машинелерден алып, тынч тарап кетиңиздер же Горький атындагы гүлбакка барып акция өткөргүлө", - деди ал.

Мындан улам чогулгандар акцияны Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында баштоону чечишти. Бирок ал жакта да улантылбады. Алар 9-декабрда Бишкектеги Максим Горький атындагы гүлбакта пландалган акцияга кошулууну макулдашып, тарап кетишти. Кабарчыбыз акцияга катышуу үчүн ондон ашуун автоунаа жана мотоайдоочулар келгенин маалымдады.

Акциянын уюштуруучуларына байкоо салып турган милиция кызматкерлери.
Акциянын уюштуруучуларына байкоо салып турган милиция кызматкерлери.

Мэриянын басма сөз кызматы шаар бийлигине 3-декабрда мамлекеттик тууну өзгөртүүгө каршы автожүрүш өтөрү тууралуу маалымдама келип түшпөгөнүн билдирген. Ошол эле маалда Октябрь районунда тынч жыйындарга чогулуу, митинг өткөрүүгө тыюу салынганын эскерткен.

Азыркы тууну колдогон активист УКМКга чакырылды

Ишемби күнү жарандык активист Афтандил Жоробеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) сурак берип чыкты. Ал 9-декабрда Бишкектин Максим Горький атындагы гүлбагында тынчтык акциясын уюштурууну көздөп жаткан.

Афтандил Жоробеков
Афтандил Жоробеков

"УКМКдагылар деле да желектин өзгөрүшүн каалабай турганын мага айтышты. Ошентсе да акция уюштурбай эле кой дешти. Калк желектин өзгөрүшүнө каршы. Муну акындарыбыз да, спортчуларыбыз да айтып жатышат. Бирөө-жарым акция уюштурат бекен деп бир аптадан бери күттүм. Анан өзүм Горький гүлбагында акция өткөрүп, пикир билдирүүнү чечтим", - деген Жоробеков атайын кызматтын өкүлдөрү бир сааттан ашуун аны менен сүйлөшүшкөнүн, оюнан кайтпай турганын белгиледи.

Активист УКМКга чейин милицияга да суракка барганын Фейсбукка жазган. Ички иштер министрлиги дагы, атайын кызмат дагы Афтандил Жоробековдун суракка чакырылышына байланыштуу маалымат бере элек.

Андан тышкары, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 30-ноябрда парламенттин алдына желекти өзгөртүүгө каршы пикет өткөргөнү келгенде аны жарандык кийимчен милиция кызматкери Бишкек шаардык Ички иштер бөлүмүнө алып барып, эскертүү бергенин "Азаттыкка" кабарлады. Ал милицонер сумкасындагы желекти алып койгонун кошумчалады. Бул окуя боюнча азырынча Ички иштер бөлүмүнөн комментарий ала алган жокпуз.

Гүлгаакы Мамасалиева
Гүлгаакы Мамасалиева

"Интербилим" укук коргоо уюмунун Оштогу жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиева азыркы желектин эгемен Кыргызстандын түптөлүшүнүн тарыхы менен байланышы бар экенин, аны өзгөртүү туура эместигин "Азаттыкка" билдирди:

"Жарандар жетеленме болбошу керек. Биз өз оюбузду айтышыбыз зарыл. Элдин атынан бийликке шайланып келгендер калктын пикирин угушу кажет. Желектин жаңыланышын каалабаган эл ал тууну сыйлабайт. Анан жарандардын арасында "сен эски тууну колдойсуң, мен жаңысын колдойм" деген ажырым жаралат. Желекти өзгөртүү мыйзам долбоору элди экиге бөлгөн кадам болуп жатат".

Тууну өзгөртүүгө каршы автожүрүшкө чогулгандар.
Тууну өзгөртүүгө каршы автожүрүшкө чогулгандар.

Жарандар петицияга кол топтоп жатышат

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен чукул кабыл алды. Сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берген.

Мыйзам долбоорунун авторлору - парламент төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов желектин сүрөтүн өзгөртүү дүйнөнүн башка өлкөлөрү да колдонгон тажрыйба экенин айтып, муну “трагедия кылбоого” чакырууда.


Президент Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде туудагы элементтерди өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген. Бийликтегилер азыркы желектин ортосундагы күндүн нурларын “күн карамага окшоштургандар бар экенин” жүйө келтиришүүдө.

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

Мамлекет башчынын кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев коомчулуктагы нааразылык маанай бурмаланган маалыматтардан улам жаралып жатканын айтты:

Чолпонбек Абыкеев
Чолпонбек Абыкеев

"Жогорку Кеңештин аппараты бар, бөлүмдөрү бар. Коомдогу пикирди анализдеп бир чечим кабыл алышса керек. "Тууну өзгөртүү" деген туура эмес. Желектеги айрым элементтер оңдолуп жатат. Аны бурмалап жиберүүнүн кажети жок".

Социалдык тармактын колдонуучулары онлайн флешмоб өткөрүп, “Желегимди жерибе!”, “Желекке тийбе!”, "Туудан колуңду тарт!" деген постторду жарыялап, президентин Фейсбуктагы жана Инстаграмдагы расмий баракчаларынын алдына да пикирлерин жазышууда. Парламенттин айрым депутаттары жана жарандык активисттер бул маселени референдумга алып чыгууга, элдин пикирин угууга чакырып атышат.

Туудагы сүрөттү алмаштырууга каршы жарандар сhange.org сайтында петицияга кол топтоодо. 3-декабрга карата ага төрт миңден ашуун адам кол койду.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. Ошол кездеги легендарлуу парламенттин айрым депутаттары - Жамин Акималиев, Медеткан Шеримкулов өңдүү коомдук ишмерлер да желекти өзгөртүү демилгесин колдобой турганын билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG