Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:11

Түркиядан келген дин топторунун мүдөөсү


Хатем Календер.
Хатем Календер.

Түркиядан Кыргызстанга келип иш жүргүзүп жаткан диний топтор жөнүндө "Азаттыктын" эксперти Маметбек Мырзабаев дин таануучу Хатем Календер менен маектешти.

"Азаттык": Алгач Түркиядагы абал боюнча сүйлөшсөк, бул өлкөдө отуздан ашык жамаат жана агым бары айтылып келет: "нуржулар", "сулайманчылар", "Исмаил ага тарикаты", "Мензил тарикаты", "гүленчилер" ж.б. Эмне үчүн Түркияда диний топтор мынчалык көбөйүп кеткен?

Хатем Календер: Бир диний топ же бир уюм же бир исламдык жамаат исламга толугу менен өкүл боло албайт. Ошол себептен ар түрдүү белгилүү дин аалымдары пайда болот. Эл ал сүйлөгөн сайын "дин үйрөнөбүз, айткандары бизге жагат, түшүндүрмөсү көңүлүмө туура келет" деп ээрчип кете берет.

Диний топтордун кээ бирлери катардагы эле клубдарга же ийримдерге окшош. Кээ бирлери уюмдашып, кандайдыр түзүмгө ээ болуп кетсе, кээ бирлери жөнөкөй эле клубдай, ийримдей болуп калып калган. Булардын айырмаларын жакшылап билип алуу керек.

"Азаттык": Демек диний топторго бөлүнүү табигый нерсеби?

Хатем Календер: Албетте табигый нерсе. Себеби булар азыр эле чыга калган жок, тээ илгери, Осмон империясынын тушунда деле болгон. Европада, башка аймактарда деле бар. Адам баласы руханиятка кызыгат. Ошого жараша өзүнчө агымдар пайда болуп, калыптанып калат.

"Азаттык": Бул топтордун кээ бирлери коомго пайда келтирсе, кээ бири терс таасирин тийгизип жатат. Ошол себептүү бул топтор тууралуу так маалыматка ээ болушубуз керек чыгаар?

Хатем Календер: Түркиядагы диний көпчүлүктүн койгон максаты жакшы, жүргүзгөн иши пайдалуу. Алар "илим менен алек болуп окуйлу. Башкаларды да агартып, жакшылыкты жайылталы" деген ой менен пайда болгон. Дээрлик көбү «Кудай жолунда бололу, анын буйруктарын туура түшүнөлү» деген максатты көздөшөт. Бирок кийин эле кээ бирлери дүнүйөгө кызыгып кетет же саясатка аралашат.

Чынында кийинчерээк дүйнөгө, саясатка кызыгып кетиши ал топтордун баштапкы миссиясына туура келбейт. Туура келбесе да ошол жакка оой беришет. Ушинтип бара-бара өз вазийпасынан алыстайт.

"Азаттык": Түркиядан келип, Кыргызстанда иш алып барып жаткан топтор жөнүндө айтып берсеңиз. Азыркы учурда бизде түбү Түркияга барып такалган кайсы топтор бар?

Хатем Календер: Сиз өзүңүз жогоруда атап кеткендей "нуржулар", "сулайманчылар", "гүленчилер" бар. Ошондой эле кээ бир тарикаттар кездешет. Керек болсо эки жыл мурда "мавлеви тарикатынан" бир киши менен жолугушуп калганым бар. Алар өздөрүнө жараша зикирлерин чалып турат экен.

Советтер Союзу тарагандан кийин Кыргызстанда чоң бир руханий боштук, башкача айтканда вакуум пайда болгон. Чет өлкөдөн ар түрдүү диний топтор келип ушул вакуумду толтуруп жатты. Эл анын ичинен өзүнө жакканын тандап алды. Адам баласы дайыма аалам сырларына кызыгып, "Бул дүйнөнү ким жаратты?", "Биз эмне кылып жүрөбүз?", "Эмне кылышыбыз керек?", "Каяктан келдик, каякка баратабыз?" деген суроолорго жооп издейт. Анан кайсынысы жагып калса, диндин кайсыл чечмеленишин туура деп эсептесе, ошол топту же диний ишмерди ээрчип, китептерин окуй баштайт. Ошентип Кыргызстанда деле диний топтор, жамааттар, агымдар өз тарапташтарын таап, жайылып кетти.

"Гүленчилер" менен "нуржулардын" айырмасы

"Азаттык": Түркиядан келгендерди жактырып, ошолордун пикирин, идеологиясын ээрчигендер көбөйдү. Түркияда эң чоң жамааттар катары "сулайманчылар", "нуржулар", анан "гүленчилер" белгилүү. Бизде кайсынысы жандуу иштеп жатат?

Хатем Календер: Эң жигердүүсү, маалымат булактарда айтылгандай эле, "гүленчилер" болуп эсептелет. Эң таасирдүүсү да ошолор. Алардын өлкөдө мектептери, университеттери, медиа уюмдары жана башкалары бар.

"Азаттык": "Гүленчилер" кандайча пайда болгон, башаты каякка барып такалат? Фетхуллах Гүлен жөнүндө эмне айтса болот, булардын нуржулар менен болгон мамилеси кандай?

Хатем Календер: XX кылымдын башында Бедиуззаман Саид Нурси деген аалым исламды жана Куранды заман талабына жараша, кайрадан ой жүгүртүү жолу менен чечмелеп бергенге аракет кылган. Бул аракетинин аркасында Түркияда чоң сыйга ээ болгон.

Саид Нурси «Рисале-и Нур», башкача айтканда «Нурдуу жазмалар» деген жыйнакты жазган. Анын чыгармаларын окуп, жактыргандардын катары көбөйүп, натыйжада "нуржулар" деген диний топ түзүлгөн. Бул аалымдын айланасында өзүнчө жаамат калыптанган.

"Дүйнө иштеринен алыс болобуз, ыйманга, акыйкатка, Куранга кызмат кылабыз, дүнүйө, мал-мүлк, саясат менен алек болгонго убактыбыз жок" дешкен. Бул топ Саид Нурсинин китептерин таратууга, анын акыл-насыяттарын элге жеткиргенге бел байлаган.

Гүленчилер ушул "нуржулардан" бөлүнүп чыккан. Бирок бул топтун лидери катары белгилүү болгон Фетхуллах Гүлен эч качан Саид Нурси менен жолуккан эмес. Бирок Фетхуллах Гүлендин жазган китептеринен Саид Нурсинин жазгандарын табууга болот. Башка сөздөр менен айтып, Нурсини туураганы байкалып турат. Ушул жактан караганда Гүлен "Рисале-и Нурду" улантууга аракет кылганы айтылат.

"Азаттык": Сиз ошондой пикирге кошуласызбы?

Хатем Календер: Жок, мен Фетхуллах Гүлендин окуусун Саид Нурсинин окуусунун уландысы деп эсептебейм. Менин оюмча бул плагиатка окшошуп турат, тагыраак айтканда, башканын пикирин алып, өзүнүн пикириндей сунуштап жатат.

Бул эки топтун айырмаланып турган жери мындай: "нуржулар" "дүйнө иштери менен, саясат менен алек болбойбуз, ыйман үчүн кызмат кылалы, ыйманыбызды бекемдешибиз керек" деп акырет үчүн иш алып барышкан.

Ал эми Фетуллах Гүлендин жамааты саясатка кирип, мамлекеттик жана укук коргоо органдарын колго алганга аракеттенген. Мисалы, алар Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен тирешип калганда "Биз жөнүндө эмне деп айтсаң өзүн бил, биз аркы дүйнөнүн иштерине берилгенбиз, саясат да кызыктырбайт, сени менен бөлүшө албаган эч нерсебиз жок" деп айта алышпады.

Тескерисинче, алар оппозиция, саясий күч катары тирешти. Эрдогандын бийлигин күнөөлөп, анын иштерине кийлигишти.

Эрдоган менен Гүлен жамаатынын ортосундагы тиреш болуп жатканда мен түрк президентинин айткан сөздөрүнө анча көңүл бурган жокмун. Мен көбүнчө Гүлендин жамаатынын жүрүш-турушуна, Эрдоганга карата мамилесине көңүл буруп, ушундай жыйынтыкка келип отурам. Гүлен жамааты ошончо болду саясий партия катары эле чыкса болмок. Ушундай жагдайда "гүленчилер" "нуржулардан" айырмаланып турат.

"Азаттык": Түркиядан келген топтордун дагы бири "сулайманчылар" эмеспи. Бул топ Түркияда кандайча пайда болгон жана Кыргызстанда кандай иштерди алып барууда?

Хатем Календер: Динге канчалык көп басым жасалса деле, бийлик динге тыюу салса деле диний топтор пайда болуп, бекинип алып өз иштерин жүргүзө берет экен. Мустафа Кемал Ататүрктүн убагында Куранга тыюу салынган, азандын сөздөрү түркчөгө алмаштырылган, мусулмандардын жолу торолгон. Ошондо Сулейман Хилми Тунахан деген аалым чыгып «Куранды унуттурганга аракеттенип жатышса, мен элге Куран үйрөтөм» деп аракет кылган. Кичинекей балдарга, жаштарга Куранды үйрөтүүгө басым жасаган. Ошонун натыйжасында Сулейман Хилми Тунахан чоң диний лидер катары таанылган. Айланасында белгилүү бир жамаат пайда болгон.

Ал эми бул жамааттын Кыргызстандагы ишмердүүлүгү жөнүндө айтсак, бардык мусулмандардай эле кыргыз эли да Куранды үйрөнгүсү келет эмеспи. Эгемендүүлүктөн кийин кээ бир жарандарыбыз түрктөр менен, анын ичинде "сулайманчылар" жамааты менен мамиле түзүп, "жаштарыбызга Куранды үйрөтөлү" деп чогуу иштеп калышты. Ошентип сулайманчылар бул жерге келип жаштарга жатаканаларды салып, Куран үйрөтүүчү окуу жайларын ачышты.

Диний топтордун саясатка аралашпаганы оң

"Азаттык": Түркиядан келген бул топторго карата түрк бийлигинин азыркы учурдагы мамилеси жөнүндө да айтып берсеңиз...

Курман айт. Бишкек. 21-август, 2018-жыл.
Курман айт. Бишкек. 21-август, 2018-жыл.

Хатем Календер: Түрк бийлиги дүйнөбий өлкө болгондуктан бардыгына бирдей караганын, бирдей мамиле кылганын, бирдей аралыкта болгонун көрүп турам. Жамааттардын арасында "гүленчилерге" гана мамилеси башкача. Себеби, алар оппозициялык кадамга барып, саясатташып кетти. Бийлик "гүленчилерге" алар саясатка аралашпай турган учурда, тагыраагы 2014-жылга чейин башка диний жамааттарга жана топторго мамиле кылгандай эле мамиледе болгон. Керек болсо колдоп турган.

Бирок кийинчерээк мамилеси аябай эле өзгөрдү. Гүлен жамаатынын өзүнө караштуу медиа каражаттары, радио-гезиттери бар эле. Алар аркылуу саясий үгүт иштерин жүргүзгөн "гүленчилерге" түрк бийлиги "эгер оппозиция болом десең партия түз, болбосо диндин артына бекинип алып оппозиция болгонуң туура эмес" деп "гүленчилер" менен тиреше баштады.

"Азаттык": Азыркы учурда Кыргызстандагы бийлик бул топторго бирдей мамиле кылып жатканын байкоого болот. "Сулайманчылар" өз медреселерин, балдардын жатаканаларын ачып, динди үйрөтүп жатат. "Гүленчилер" деле кенен-кесир иш-аракеттерин улантып, айрымдары бизнеси менен алек. "Нуржулар" деле ошондой ээн-эркин ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат да?

Хатем Календер: Бир чети бийликтин ошондой мамилеси эле жакшы деп ойлойм. Бирок диний жамаат жана топтор да өз иши менен, тагыраак айтканда диний агартуу менен алек болушу керек. Диний уюм, топ же агым болгондон кийин ошого жараша иш жүргүзүп, адеп-ахлакты, диний баалуулуктарды үйрөтүп, жаштарды тарбиялашы абзел. Ушундай максатка ээ болуп туруп бирок саясатка кийлигишсе, өз кишилерин күч түзүмдөрүнө орноштура баштаса же бийликтин бир бутагын тымызын жолдор менен колго алганга аракет кылса, анда ар бир эле бийлик чара көрөт деген пикирдемин.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

XS
SM
MD
LG