Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Түрк-күрт жаңжалына чекит коюлабы?


Диярбакирде Өжаландын кайрылуусун угууга чогулган күрддөр. 21-март, 2013-жыл.
Диярбакирде Өжаландын кайрылуусун угууга чогулган күрддөр. 21-март, 2013-жыл.

Түркияда күрттөрдүн абактагы жол башчысы ок атышууну токтотууга чакырды. Абдулла Өжаландын кайрылуусу коомчулукка Нооруз күнү жасалды. Бул Күрт Жумушчу партиясынын Түркия менен дээрлик отуз жылга созулган согушуна чекит коюлат дегенди туюндурабы?

Соңку он төрт жылдан бери катуу кайтарылган абакта олтурганы менен тыюу салынган Күрт Жумушчу партиясынын али атасы деп саналган Абдулла Өжаландын кайрылуусун ачык асман алдында угуу үчүн бейшембиде Диярбакир шаарында 200 миңдей киши жыйналды. Түркиянын күрттөр жашаган түштүк-чыгышынын дагы башка шаарларынан да кайрылууну оң миңдеген адамдар угушту.

Өжалан кайрылуусунда Түркияда демократиялык жараянга каалга ачылып жатканын, “эми мылтыктардын үнү басылып, саясат үстөмдүк кылуучу” мезгил келгенин белгилеген.

Түрк парламентинин күрт депутаты Сирри Сурейа Өндер Өжаландын кайрылуусун окуп жатып, мындай деди:

- Биздин куралдуу күчтөр Түркиянын чегинен чыгарыла тургандай баскыч жетишилди. Бул жаңы доордун бүтүшү эмес, башталышы.

Өжаландын кайрылуусунан кийинки кадам катары АКШ, Еврошаркет да террорчу уюм катары санаган Күрт Жумушчу партиясынын согушкерлери Түркиянын аймагын таштап, Түндүк Ирактын тоолорундагы базаларына кайтып баруусу керек.

Күрт Жумушчу партиясынын өлкө аймагындагы согушкерлеринин саны 3,5 миңдин тегерегинде эсептелет.

Талаптар

Өжалан ок атышуунун токтошу үчүн кандайдыр бир шарттарды койгон жок. Бирок Лондондогу “Chatham House” иликтөө уюмунун Түркия боюнча эксперти Фади Хакура “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде анын талаптары мурдагы билдирүүлөрүндө айтылып жүргөнүн эске салды:

- Абдулла Өжалан башкы үч талабын ачыктаган. Алардын бири - Конституциядагы түрк иденттүүлүгүн кайра кароо, этникалык негиздеги аныктамадан, бир топ бейтараптуурак, кеңирирээк аныктамага ыктоо. Экинчи талабы, студенттер күрт тилинде билим алышына мүмкүндүк берүү. Үчүнчүсү, балким эң татаалы, оорурагы жергиликтүү муниципиалиттердин бийлигин кеңейтүү.

Демек күрт улутчулдарынын бул талаптарын түрк бийликтери кабыл алууга макул болдубу?

Абдулла Өжалан, 1999-жылы түрмөдө тартылган сүрөт.
Абдулла Өжалан, 1999-жылы түрмөдө тартылган сүрөт.
Расмий Анкара болочок сүйлөшүүлөр боюнча милдеттемесин азырынча коомчулукка ачык айта элек.

Бирок премьер-министр Режеп Тайып Эрдогандын өкмөтү 2002-жылы бийликке келгенден бери эле күрт маселесинде, атап айтканда бул улуттук азчылыктын маданий жана тил боюнча укуктарын кеңейтүүдө либералдык багытты карманган. Мындай жагдай, күрт азчылыгына алардын жикчил маанайын биротоло жок кылгыдай укуктардын берилиш мүмкүнчүлүгүн ишара кылууда.

Эмне үчүн азыр?

Премьер-министр Эрдоган Күрт Жумушчу партиясы менен тынчтыкка жетишүүгө эмне үчүн азыр умтулду деген да суроо чыгат.

Лондондогу Chatham House иликтөө уюмунун Түркия боюнча эксперти Фади Хакура:

- Премьер-министр Эрдоган Түркияда президенттик башкаруу системасын киргизүүнү, башкача айтканда премьер-министрдин, парламенттин ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн Франция жана Орусия сындуу президентке берүүнү көздөөдө. Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн ал оппозициячыл партиялардын биринин колдоосуна муктаж. Андыктан бул иште парламенттин Күрт Жумушчу партиясы менен байланыш бар депутаттарынан колдоо алуу мүмкүнчүлүгү бардай.

Байкоочулардын баамында, 40 миңдей кишинин өмүрүн алган жаңжалдан кийин Түркия менен Күрт Жумушчу партиясынын тынчтыкка жетишүүсү үчүн мерчемделген кадамдар ийгилик табар-таппасы быйыл эле билинет.

Түркиялык айрым талдоочулар абактагы күрт лидери Өжаландын кайрылуусун аны өзү сыяктуу эле “тарыхый” деп мүнөздөшсө, экинчилери пост-конфликттик мезгил жеңил кетпей турганын, узакка созуларын айтышууда.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG