Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Түрк премьери пайгамбардын карикатурасын сындады


"Жумхуриет" гезитинде карикатуралардын жарыяланышына каршы нааразылык акциясы. Стамбул, 14-ноябрь, 2014-жыл.
"Жумхуриет" гезитинде карикатуралардын жарыяланышына каршы нааразылык акциясы. Стамбул, 14-ноябрь, 2014-жыл.

Түркиянын премьер-министри Мухаммед пайгамбардын карикатуралары Түркияда кайра жарыяланышын айыптады.

Мунун алдында “Жумхуриет” гезити кол салууга кабылган француз журналы – “Шарли Эбдонун” атайын санынан алынган карикатураларды баскан эле. Ал эми сот Мухаммед пайгамбардын француз журналынын сырткы бетиндеги карикатурасын жарыялаган интернет сайттарды тосмолоого көрсөтмө берген болчу.

Түрк премьери Ахмед Давутоглы бейшембиде Анкарада сүйлөп жатып, Мухаммед пайгамбардын карикатураларынын кайра басылышын “чагым” деп атоо менен буларга токтолду:

- Сөз эркиндиги бирөөгө акарат келтирүүнү билдирбейт. Биздин адамдык баалуулуктарыбыздан жогору мааниге ээ жана бүткүл аалам үчүн эң кадырлуу пайгамбарга акарат келтирилип жатса, ал накта сөз эркиндигине каршы келет. Дүйнөдөгү 1,5 миллиард адам ишенген, диний лидер катары сыйлаган пайгамбарга акарат келтирүүнү сөз эркиндиги деп атай албайбыз. Бул Түркиядагы көп адамга оор тийиши мүмкүн. Биз кайсы бир адамдын абийирине шек келтирүүгө каршы болгон сыяктуу эле, пайгамбарга да шек келтирүүгө каршыбыз. Биздин бул боюнча позициябыз ачык жана туруктуу. Париждеги террордук чабуулга кандай чечкиндүү каршылык билдирсек, Азирети пайгамбарыбыздын кадыр-баркын коргоо боюнча да ошондой чечкиндүүлүккө барабыз.

Ахмет Давутоглы.
Ахмет Давутоглы.

Ахмед Давутоглы бул сөздү Түркияда секулярдык принциптерди колдогон оппозициячыл маанайдагы “Жумхуриет” басылмасы жана айрым интернет сайттар өткөн аптада кол салууга кабылган француз сатиралык журналы - “Шарли Эбдонун” шаршембидеги атайын санына чыккан карикатураларды жарыялагандан кийин айтты. Маселен, “Жумхуриет” “Шарли Эбдонун” атайын санынан алынган карикатуралар менен материалдарды өзүнүн төрт бетине баскан.

Муну менен түркиялык гезит “ал-Каида” террордук уюму менен байланышы бар эки бир туугандын кол салуусуна кабылган француз журналына тилектештик көргөзгөндөй болду. "Жумхуриеттин” башкы редактору Утку Чакырөзөр мындай деди:

- Биз муну жөн эле сөз эркиндигине колдоо көргөзүү үчүн жарыялап жатабыз. Биз муну ой-пикир билдирүү эркиндиги сакталышы керектиги, сөз эркиндигин террор эч убакта чектей албоосу үчүн жасадык.

“Жумхуриет” басылмасынын шаршемби күнкү санын түрк полициясы басмаканадан текшерип, анда Мухаммед пайгамбардын француз журналынын сырткы бетиндеги карикатурасы жоктугуна ынангандан кийин гана сатыкка чыгарууга уруксат берген.

Cтамбулдун тургуну "Жумхуриет" гезитинин "Шарли Эбдонун" карикатуралары жана материалдары басылган санын окуп жатат. 14-январь, 2015-жыл.
Cтамбулдун тургуну "Жумхуриет" гезитинин "Шарли Эбдонун" карикатуралары жана материалдары басылган санын окуп жатат. 14-январь, 2015-жыл.

Түркиянын Журналисттер союзу полициянын аракетин “цензура” деп атап, сынга алды. Ага катар Түркия сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде 154-орунга түшүп калганын эске салышты.

"Шарли Эбдонун” үч миллион нуска менен чыккан атайын санынын сырткы бетинде Мухаммед пайгамбардын “Мен Шарли” деген жазууну кармап турган карикатурасы басылган. Карикатуранын үстүндө “Баары кечирилди” деген да жазуу бар.

Түркиянын чыгышындагы Диярбакыр шаарынын соту “Шарли Эбдонун” ошол сырткы бетиндеги карикатураны жарыялаган интернет сайттарды тосмолоого көрсөтмө берди.

"Шарли Эбдонун" жаңы саны Францияда абдан тездик менен сатылып кетти. Париж, 14-январь, 2015-жыл.
"Шарли Эбдонун" жаңы саны Францияда абдан тездик менен сатылып кетти. Париж, 14-январь, 2015-жыл.

Сотко доо арыз менен кайрылган жергиликтүү адвокат "бул коомдук тартиптин бузулушуна алып барышы мүмкүн" деп жүйө келтирген.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Батыштын Париждеги террордук чабуулга реакциясына исламофобия “аралашып кетти” деп сынга алган эле. Ал жалпысынан 17 адамдын, анын ичинде сегиз журналисттин өмүрүн алган, “ал-Каиданын” Йемендеги канаты жоопкер болгон чабуулдун алдын албаганы үчүн француз коопсуздук күчтөрүн күнөөлөгөн.

Бул аралыкта бүгүн француз президенти Франсуа Олланд Париждеги Араб дүйнөсү институтунда сүйлөп жатып, анын өлкөсү бардык диндерди коргорун убада кылды. Мусулмандар “фанатизм менен фудаментализмдин, жек көрүүчүлүктүн” курмандыгы болуп жатканын белгиледи.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG