Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:01

Туризмге көлөкө түшүргөн Таластагы ээнбаштык


Талас облусундагы "Манас ордо" комплекси.
Талас облусундагы "Манас ордо" комплекси.

Талас облустук ички иштер башкармалыгы Kerben Palace мейманканасында ээнбаштык кылган шектүүнү кармады. Белгисиз жаран 11-октябрь күнү таңкы саат төрттөр чамасында Талас шаарындагы мейманкананын каалгасын сындырып, чатак салган.

Ошол күнү окуяга күбө болгон мейманкананын жашоочулары мас болгон киши эки автоунаанын айнектерин кошо талкалаганын социалдык тармактарга жазышкан.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 11-октябрь күнү бул кылмышка шектүү деп Талас шаарынын 38 жаштагы тургунун кармап, ишти тергей баштаганы маалымдалды.

Журналист Авланбек Жумабаев ошол окуядан эки күн мурда Таласка барып, чыр чыккан мейманканада түнөгөн экен. Ал өз байкоолору тууралуу мындай деди.

"Мейманканадагы аялзатына чейин ороңдоп, чуу чыгарган. Ошол жерде жаткандар таңкы саат 4тө эшикке чыгып кетүүгө мажбур болушкан экен. Конок болуп баргандар милицияга чалгандан кийин, алар 40 мүнөттөн кийин келген. Мен өзүм окуяга күбө болгон жокмун, ошол окуядан эки күн мурда барып иш-чара өткөргөнбүз. Бизден кийин да иш-чара өткөрө тургандар келген. Ошолор ушул окуяга күбө болуп отурат. Мейманкананын менежменти жакшы иштебейт экен, коопсуздук кызматы жок".

Таластагы Kerben Palace мейманканасынын администратору Мирада Азранова "конок үйүндө коопсуздук сакталбайт" дегенди четке кагууда. Ал күзөтчүнүн мас болгон адамга алы жетпей койгонун айтты.

"Сырт жактан мас адам эшикти талкалап кирип кетиптир. Күзөтчүнүн алы жетпей калыптыр. Сырткы эшикти талкалап жатканда колунан жараат алган экен. Канжалаган колу менен эл жаткан бөлмөлөргө кирип кеткен. Дубалдардын баары кан болуптур. Ага чейин эшиктеги эки автоунаанын айнегин талкалаптыр. Камерабыз бар, бирок убактылуу иштебей турган. Милицияга чалдык, бизде жаткан кардарлар да чалып жатышты. Трубканы көптө барып алышты".

Акыркы жылдары аймактарда ички туризмди өнүктүрүүгө аракет жасалып келет. Бирок Таласта башка облустан же чет өлкөдөн келгендерди конок катары сыйлабай, орой мамиле кылган учурлар көп кездешет.

Жарандык активист Саидрахман Шарипов жарым ай мурда Таласка биринчи жолу барып, бир топ басынтууларга дуушар болгонун айтып отурду.

"Таласта эки күн болдум. Биринчи жолу, атайын "Манас-Ордо" комплексине зыярат кылуу үчүн бардым. Мен барганда шаарда свет өчкөн экен. Телефонумдун кубаты түгөнүп калды. Жөө кыдырып мейманкана издедим. Шаар ичинде тургундар таксиге 20 сомдон берет экен. Айдоочу менден 50 сом алды. Жанымдагылар 20 сомдон берсе, менин 50 сом берип жатканыма башка жүргүнчүлөр да таң калды. Кеп тыйында эмес дечи. Бир мейманканага жатып, түнү менен кудай деп таң атырдым. Үстүңкү кабатта бирөөлөр улам сөгүнүп-сагынып, кирип-чыгып жатышты. Корктум. Эртеси кечинде паркка бардым сейилдеп. Үч бала сыра ичип отурган экен. Алар "кайдан келдиң, кимсиң?" деп сайылды. Базарда жүрсөм, бир байке "тантырабай кыргызча сүйлө" деп басынтты.

Ички туризмди өнүктүрүүгө бел байлаган активист Саидрахман мындай көрүнүш бир эле Таласта эмес, ар бир облуста кездешерине токтолду. Облус жетекчилиги, күч кызматтары сырттан келгендердин коопсуздугун сактап, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү керектигин белгиледи.

Жаш активист Азамат Асейин уулу Таластагы конок үйлөрдүн туристтерди тосуп алуу жөндөмү башка облустарга салыштырмалуу аксап жатканын айтууда. Ал мунун себебин аймакта туризмдин өнүкпөй жатканына байланыштырды.

"Эң биринчи кезекте инфратүзүмдөргө маани берүү керек. Туристтерге жаккандай шарт түзүү жергиликтүү бийликтин колунда. Андан кийин тейлөө маданиятын жакшыртуу керек. Тагыраагы, конокту тосуп алуудан баштап тамактандыруу, конок үйгө жайгаштыруу, гиддерди дайындоо, кайра узатууга чейин. Облус аймагындагы туристтерди кабыл алуучу тараптардын баарын окутуудан өткөрүү абзел. Облустук бийлик бул багытта координациялык кеңеш түзүп, жыл ичинде кеминде төрт ирет атайын окууларды өткөрүү керектигин убакыт көрсөтүп жатат. Жөнөкөй адистен баштап жетекчилерине чейин окутуу керек".

Талас облустук администрациянын региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казбек Медетбеков мейманканадагы ыплас көрүнүштөргө же алардын алдын алууга облустук бийлик жооптуу эмес деген пикирин ортого салды.

"Ушундай профилактикалык иштерди жүргүзгүлө же мындай кылгыла деген биздин функционалдык милдетибизге кирбейт. Биз Туризм департаментинен келген маалыматтарды гана жеткиребиз. Анан облустагы туризмди өнүктүрүү боюнча концепциябыз бар. Ал жерде туристтик маршруттарды түзүү, инфратүзүмдү жакшыртуу, туристтик белгилерди коюу боюнча иштерди жүргүзөбүз. Анан ар бир мейманканага барып, алардын ар бир кардарынын жүрүм-туруму же этикага туура келбеген иш-аракеттери боюнча биз иш алып барбайбыз".

Туристтерди качырбаш үчүн эмне кылуу керек?

Ал эми ишкер Жоодар Сайдилкан Таластагы ички туристтерге орой мамилени эки тараптуу кароого чакырды.

Жоодар Сайдилкан.
Жоодар Сайдилкан.

"Кыргызстандын көп аймактары чет элдик туристтер менен иштегенди үйрөнүп калды. Башка облустарда туристтер көп барганы үчүн жергиликтүү калк алардын эсебинен киреше тапканга ыңгайлашып, сапаттуу кызмат көрсөткөндү өздөштүрдү. Талас өрөөнү буга чейин кирешесин башка секторлордон, мисалы төө буурчактан тапканы үчүн туризмге анча көнгөн эмес. Дагы бир маселе, Кыргызстанда жергиликтүү сектор ички туристтерге караганда сырттан келгендерге басым кылышат. Аларга сый менен мамиле кылат. Анткени чет өлкөлүктөр өзүн маданияттуу, сылык-сыпаа алып жүрүшөт. Ал эми ички туристтер өзүнө сый менен мамиле кылгандай деңгээлге жете элек. Сырттан келген туристтер жаратылышка чыкса таштанды таштабайт, ызы-чуу чыгарбайт. Ал эми ички туристтер бир жакка барса, отурган жерин булгап кетет. Ошол себептен да ички туристтерге сый жакшы болбой жатышы мүмкүн. Маселеге ушул жагынан да караш керек".

Ишкер Таласка чет элдик туристтерди тартса болорун, бирок бул ишти коңшу мамлекеттер менен чогуу иш алып баруу керектигин белгиледи.

"Таластагы "Манас-Ордо" ички туристтерге кызык, кыргыздар үчүн маанилүү. Бирок сырттан келгендер үчүн анча деле маанилүү эмес. Чет өлкөдөн бизге келгендер негизинен тарыхый мурастарды эмес, кооз табиятты көрүү үчүн келет. Таласта кытайлар менен арабдардын эң чоң согушу (Атлах салгылашуусу) болгон тарыхый жер бар. Ошол согуштан кийин түрк уруулары мусулман болгон деген уламыш айтылып жүрөт. Бул жер бизге анан Жакынкы Чыгыштагы туристтерге кызык болушу мүмкүн. Бирок биз ошол мусулман өлкөлөрүнөн келген туристтер менен да иштегенди үйрөнө элекпиз. Аларга адал тамак жасап берүү керек. Алар спирт ичимдиктерин саткан жерге барбайт. Таза дааратканалар курулушу зарыл. Эл аралык стандартта гигиена шарттары өтө маанилүү. Келген конок таза жерде уктап, жуунганга душу бар жерге конгусу келет. Экинчиден, биздеги туризмди Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен чогуу өнүктүрүү натыйжалуу болмок. Кыргызстандын жаратылышы, Казакстандын заманбап шаарлары, Өзбекстандын тарыхый аймактары бар. Бизге келген киши ошонун баарын көрө тургандай турпакет уюштуруп, коңшулар менен туристтик маршруттарды түзсөк болмок".

"Атлах" салгылашуусу 751-жылы Талас дарыясына жакын Атлах шаарынын жанында өткөн жана ал дүйнөлүк 10 чоң салгылашуулардын бирине кирет. Анда Кытайдын Тан династиясы менен Араб халифатынын аскерлеринин согушу болгон. Жыйынтыгында Тан династиясы жеңилип, Араб халифаты жеңишке жетишкен. Борбор Азияда ислам дининин жайылышына дал ушул салгылашуунун орду чоң экени айтылат.

Таластагы өкмөттүн өкүлчүлүгү берген маалыматта облуста 50гө жакын туристтик фирма каттоодон өткөнү көрсөтүлгөн. Алардын ичинен 11 фирма гана туристтерди тосуу менен иш алып барат. Облус аймагында 15ке чукул мейманкана бар. 2021-жылы тогуз ай ичинде туризмден түшкөн киреше 13 млн. 626 миң сомду түзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG