Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:14

Токио-2020: Спорт менен искусствонун айкалышы

Токио Олимпиада оюндарында сууда көркөм сүзүү боюнча мелдештер өтүп жатат. 5-августта спорттун бул түрүнүн эки спортчудан турган мелдештери жыйынтыкталды. Бүгүн командалык жарыштар башталды.

"Дует" мелдешинде жалпы 195,9079 упай алган орусиялык Светлана Ромашина менен Светлана Колесниченко жубу Олимпиада чемпиону болушту. Күмүш байгени кытайлык Хуан Сюэчэнь жана Сунь Вэньянь жубу утуп алса, украиналык спортчулар Марта Федина менен Анастасия Савчук үчүнчү орунду ээлешти.

Көркөм сууда сүзүү боюнча мелдештер бассейнде өтөт. Мында спортчулар музыканын коштоосунда синхрондуу түрдө ар түрдүү кыймыл аракеттерди аткарышат.

Мурун сууда көркөм сүзүү аялдардын гана спорту саналып келген болсо, азыр мелдештерге эркектер да катыша баштады.

16x9 Image

Гүлжан Турдубаева

“Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG