Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:27

“Тойкана” дейт дүк-дүк соккон жүрөгүм


Кимбайке тарткан азил сүрөт. 2010.
Кимбайке тарткан азил сүрөт. 2010.
Коом турмушу күлкү менен таразаланат, азил менен тазаланат эмеспи. Айрым замандаштарыбыздын алеп-желеп болгон жүрөгүн тыңшап күлгөн Тынчтыкбек Чоротегиндин соңку аңгемелеринин бирин окуп коюңуздар.

Бишкек көчөлөрүнүн биринен эски таанышымды учуратып калдым. Көздөрү алаңдап, эки жакты жалт-жалт карап шыпылдап келе жаткан экен. Колтугунда - чакан эсепкер (компүтер).

- Ой, Жаабарсым, жаңы гана аркарга ууга чыккан илбирстей шымаланып кайдан келатасың? – деп тамашага чалдым.

- Ас-салоому алейкум, дос. Каяктагы Жаабарсты айтасың. Чо-очутуп да жибердиң.

- Өңүң боп-боз... Кимдир-бирөө артыңдан түшүп келатабы?

- Э-э, эмнесин айтайын! Келээрки айдын алгачкы ишембиси артымдан качырып келе жатат. Өзүм болсо кыялымдагы ойду кууп келатам.

- Койсоңчу? Мен да салык полициясынан качып келатабы десем. Ха-ха!

- Мунуң андан да жаман.

- Тагыраак айтсаңчы?

- Жүрү, бир аз обочороокто туралычы. Далдааланып... Мен той-торопого чакырыктардан качып жүрөм, тууган! Ар бир айда отуз күн бою той болот. Маянам – болгону он миң сом. Өткөн аптанын жума күнү эки тойго барууга туура келди!.. Дагы жакшы, тойканалары бири-бирине жакын экен – биринен тост көтөрүп, экинчисине чуркап барып тосттон кийинки чучук сугунганына жетишип калып жаттым. Барбай койсом, эки жагы тең катуу таарынчудай. Кошумчамды “батир оңдойм” ден банктан алган карызымдын эсебинен коштум.

Анын аркы күнү, бейшембиде, досубуздун кудасынын жээнинин кыркы болуп, бизди да чакырыптыр. Ага да “Салтанат” тойканасында куран окуттук. Кошунамдан карыздап барып үлүш коштум
, - деп ал үшкүрүнө кетти.

Бул жагдай өз башыбызда деле турганы кылт этип ойго түштү, сыр бербестен суроо узаттым:

- Дүйшөмбү күнү кошмча кылуудан бир аз эс алып калдың го, ээ, анда? Адатта бул күнү үйлөнүү тою өтпөйт эмеспи.

- Аның чын. Бирок аптанын күндөрүнөн эптеп боштукту эле издеп жүргөндөр чачтан көп. Мына, өткөн дүйшөмбүдө бир жарым-жартылай жаңы кыргыз болгон таанышыбыз чоң той берди. Таластыкпы, атбашылыкпы, билбейм, айтор, чет жактагы Тараздан Артышка чейинки шаарлардан бери беш жүздөй конок чакырыптыр.

Анын “жарым-жартылай жаңы кыргыз” дегенинен орто ишкердик менен орто бай болуп калган замандашыбызды айтып жатканын боолголодум. Сыр бербей андан ары сүрөй сурадым:

- И-и, анан...

- “Эмне себептен конокко чакырып жатасыңар?” деп шектене сурасак: “Сюрприз болот, келгенде гана айтабыз” деп койду, чунак. Андайда калпыстык кетпесин деп эки эсе көбүрөөк кошумчалык акча ала барууга туура келет экен.

- И-и, анан эмнеге чакырыптыр?

- Ой, ошону түшүндүрөйүн деп атпаймынбы! Көрсө, ал өзүнүн бузулуп калган эсепкерин өтө арзан баага оңдоткон экен! Эсепкердин мээсинде анын өткөн кылымдын акыркы он жылдыгынан берки карым-катышынын эсеп-чоту бар тура! Сүйүнгөнүнөн чоң той өткөрүп ийиптир.

- Баракелде! Мындайды биринчи угушум. Илгери жаңы алган бут кийимине мактанып, бир тайлык акчага “жууп” бергендер болчу эле.

- Тим эле, “Манас” дастанындагы Көкөтөй хандын ашы бул жакта калды. Өткөндө Өзгөндө да жыйырма миңдей киши чогулган чоң той болду эле, анысы – тиякта калды.

- Себеп?

- Бардык нерсе байгеде болуп жатпайбы! Өзгөндөгү тойдогудай кылып он чакты чет элдик машинени байгеге сайган жок, албетте. “Чет элдик машине” деп койом да, өзүбүздө машине чыгып аткансып каадаланып...

- Сөздү башкага бурбасаңчы, баш байгеси эмне болду!

- Элдин жалындуу сөздөрүнө эрээркеп кетип, тиги байкушум алиги алтынга тете бааланган, оңдолгон эсепкердин өзүн баш байгеге койбодубу! “Билл Гейтсте да мындай компүтер жок” имиш... Анан “баш байгени жеңебиз” деп токсондогу чоң аталардан бери буту-колду шалактатып бийлебедикпи! Кавказдык малкар, карачай, лезгиндин бийине түшкөнү бар, “кара жоргону” какшаткандары бар, ламбада менен жаңы корей бийин мындай таштайлы.

Колтугуна кыскан эсепкер көзүмө чалдыкты да:

- Кээде тойдон деле куру кайтпайт көрүнөсүң?

- Ой, кошкон кошумчамды актап алайын деп күйүккөнчө бийлейт экенсиң да, таптакыр “сеп” этпегендер жана жаштар менен жарышып!.. Анан кээде жолуң да болот, болбой койбойт. Бул жарык дүйнөдө...

Бул – ошол баш байге! Ушул эсепкердеги маалыматты той ээси болгон байкушум өчүрбөй кармата берген экен, түнү менен салыштырып карап чыктым. Төбө ачым тик турду
!

- И-и?..

- Тигил бечара бекер эле орто бай болуп жүргөн экен. Эгерде той-торопого кошкон салымдарын эле санасак, эчак Кыргызстандын тышкы карыздарын жалгыз өзү төлөп салмак экен. Тегаты болсо дүйнөдөгү чириген байлардын тизмесине түшүп, Билл Гейтс ээлеген сапка кыйла караандап бармак экен!

- Эми каякка жол тартсам деп турасың? – десем, демиккени саал басылып, эс алган таанышым ыймандай сырын төктү:

- Эптеп эл көзүнө көрүнбөй турсамбы дейм. Анан берилбей калган кошумчадан үнөмдөлгөн каражатты жыйып, өзүмдү эч ким тааныбаган бир облус борборуна же башка шаарга жылт коюп, бир чо-оң тойкана ачсамбы дейм. “Сарт санаасы менен байыйт” деп ойлоп турасың го, ээ. Ошондо ресторандын ачылышына чакырам, келип берсең...

- Керек болсо, чакырсаң да, чакырбасаң да, Марс планетасына чейин мант берип кеткениңе карабай, изиңди кууп таап барабыз, дос! – деп анын көөнүн көтөрдүм да, ичимден кейип койдум: “Атаганат, тойкана эмес, эсепкер же унаа чыгарган ишкана ачам деген ой бизге качан келээр экен?!.”
XS
SM
MD
LG