Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:33

Небере багуу: баасы жана бактысы


Австралияда пенсионерлердин 40 проценти неберелерин багат.
Австралияда пенсионерлердин 40 проценти неберелерин багат.

Небере баккан чоң ата, чоң апа же таенелердин пенсиясына мамлекет тарабынан кошумча акча берилиши керек деген демилгени британ депутаттары көтөрүп чыкты.

Деги эле небересин баккан пенсионерлердин эмгегин кантип бааласа болот? Алардын үй-бүлө экономикасына кошкон салымы канчалык?

Англияда улгайган адамдар неберелерин карап, жылына 5 миң 610 саат балдарына бекер бала баккыч болуп иштеп берет. Алар неберелерин адатта мектеп жашына чейин багышат. Эгерде ушул маалда ата-энелер балдарын башкаларга акча төлөп карата турган болсо, 25 миң доллардан ашуун каражат коротушмак.

Небере багууга кеткен убактысы үчүн чоң ата, чоң апа же таене, таяталардын пенсиясына мамлекет кошумча каражат бөлүүсү керек деген маселе Британ парламентинде оппозициялык партия тарабынан көтөрүлдү. Бул өлкөдөгү ата-энелердин үчтөн экиси балдарын мектепке баргыча ата-энесине бактырышып, өздөрү ишке чыгат. Болбосо алардын иштеп тапкан акчасынын жарымынан көбү бала бакчага коромок.

2012-жылкы социологиялык изилдөөлөр боюнча Британия Европада бала баккычы эң кымбат өлкө деп табылган. Эгерде Швейцарияда бир үй-бүлөнүн орточо кирешесинин 26,6 проценти бала баккандарга коросо, Британияда бул көрсөткүч 40,9 проценттен ашат.

Испанияда коомдук уюмдар беш жыл мурда пенсионерлерге неберелерин акысыз карап берүүнү токтоткула деген чакырык жасаган. Бирок мындай чакырыкты небере баккан карыялар кабыл албай, улуттук деңгээлдеги талкууга айланган эле.

The Guardian басылмасынын аналитиги Габи Хинслифф көп учурда өмүр бою иштебей, балдарына тарбия берген аялдар картайганда неберелерин багып, бала багуу процессине тынымсыз катышканы үчүн кандайдыр бир деңгээлде эмгеги бааланышы керек деген пикирде. Анткени Америкада бала бакчага же атайын тарбиячы жалдоо үчүн ар бир балага орточо эсептегенде айына 189 доллар коройт. Британияда болсо аптасына 300 фунт стерлингге бала карашат.

Кыргызстанда да бала бактыруу арзан эмес

Эл аралык Pew Research Center изилдөө тобу Америкада бала каратууга жылына орточо 12 миң доллар кетерин аныктаган.

Кыргызстанда да жыл өткөн сайын бала багуучу адистердин баасы улам жогорулап баратат. Маселен, азыр баш калаада мамлекеттик бакчалар жетишсиз болгондуктан, ата-энелер балдарын менчик бала бакчаларга бере баштады. Бирок алардын баасы 5 миң сомдон жогору. Ал эми жеке бала баккыч жалдоо саатына 200 сомдон өйдө.

Кыргыз чоң апа, таенелер болсо неберелерин багып, балдарына каралашуу үчүн мамлекеттен же балдарынан атайын акы талап кылуу маселеси тууралуу ойлонуша да элек.

Көп балалуу Суусар Илязова азыр ардактуу эс алууда. Бош отурбай неберелерин багып жүргөн кези. Балдары анын бул кызматынан канча акча үнөмдөп калып жатканына кызыкпайт деле:

- Эми балдарыбыз ар кайсы жакта иштегени үчүн неберелерибизди жан дилибиз менен багып, болушунча жакшы тарбия бергенге аракет кылабыз да. Биздин балдар жер карап калбасын, иштеп өздөрүн баккыдай каражат таап, каражат топтоп алса деп тилейбиз. Эми небере баккандын акысы канча болот, балдарым андан канча акча үнөмдөп калып жатат санабаптырмын деле. Бирок эң башкысы биздин балдардын жетишкендиги маанилүү да.

Австралияда пенсионерлердин 40 проценти неберелерин багат. Австралия бийлиги, 2012-жылдагы эсеп боюнча, ар бир балага айына 95 доллардан каражат бөлөт. Андыктан небере баккандарга ата-энелери жок дегенде бала багуучуга кеткен чыгымдын жарымын берсе туура болмок деп белгилейт The Smart Money басылмасы.

Ал эми Кыргызстанда пенсионерлердин дээрлик бардыгы неберелерин акысыз эле багып келишет. Мындан ата-энелер канча акча үнөмдөп жатканын эсептөө да кыйын.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG