Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Тарыхчыларды сүйүнткөн жаңы демилге


Археологиялык изилдөө учурунда тартылган сүрөт.
Археологиялык изилдөө учурунда тартылган сүрөт.

Түрк тарых коому (Türk Tarih Kurumu) уюму Кыргызстанда бардык тилдердеги тарыхый материалдар сакталган китепкана ачууга кызыкдар экенин жарыялады. Кыргызстандык тарыхчылар бул жаңылыкты кандай кабыл алышты?

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев 2-мартта Түрк тарых коомунун башчысы профессор Бирол Четинге жолуккан.

Элчи анда тарых жана археология жаатында биргелешкен илимий изилдөө иштерин жүргүзүү жөнүндө сөз болгонун билдирди.

Кубанычбек Өмүралиев.
Кубанычбек Өмүралиев.

«Түрк коому биринчиден, археологиялык казуу иштерине жардамчы болуу ниетин билдирди. Бул жаатта тажрыйба алмашуу боюнча көптөгөн археологдор, илимпоздор иштейт экен. Экинчиден, тарыхый китепкана курууну сунушташты. Алардын мындай китепкана ишмердигин жүргүзүп келгени купулума толду. Ар бир элдин бай тарыхы бар, ошондуктан Кыргызстанга да маалыматтар сакталган китепкана керек деп ойлойм».

Аталган коом менен Кыргызстандын тийиштүү уюмдарынын ортосунда кызматташтык жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүү маселеси да талкууланган.

1996-жылы Улуттук илимдер академиясындагы окумуштуулар менен бирге тарыхчы, журналист, публицист Тынчтыкбек Чоротегин баштаган делегация Түрк тарых коому уюштурган конгресске катышкан.

Алардын катарында болгон тарыхчы, археолог Кубат Табалдыев жети жылдай биргелешкен илимий изилдөөлөр жемиштүү болгонун айтты.

«Биздин элчи менен Түрк тарых коомунун ортосундагы сүйлөшүү бышыкталса, биз ошол биргелешкен жемиштүү экспедициянын китебин чыгарууга даярданышыбыз керек. Негизинен маалымат булагы болгон кол жазмалар бизде даяр. Китепкананын ачылышы – бул маданий байланыш, негизи эле илим-билим жаатындагы алаканын биз үчүн мааниси абдан зор. Эгерде Түрк тарых коому аркылуу биз өзүбүздүн археологиялык талаадагы изилдөөлөрүбүздү жандандырсак, анда жаңыча иштегенге да даярбыз. Андан ары бир нукка түшүп, биргелешкен ишибиз улана бермек».

Табалдыев Түрк тарых коому кура турган китепканада илимий изилдөө иштери да жүрсө деген пикирин кошумчалады.

Түрк тарых коому менен биргеликте 1995-жылдан 2002-жылга чейин Соң-Көл, Кочкор, Алай жергесинде археологиялык изилдөөлөргө катышкан белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов китепкана ачыла турган болсо, жамы түрк тилдүүлөр үчүн баалуу мурас болмок деп эсептейт.

Молдокасымов буга кошумча биздин өлкөдө илимий изилдөөлөргө каражат бөлүнбөй келген көйгөйгө токтоло кетти.

Кыяс Молдокасымов.
Кыяс Молдокасымов.

«Акыркы жылдары Кыргызстанда тарыхка арналган китептер чыкпай калган учурда да, Түркияда жыл сайын ондогон китептер чыгып турду. Мына ошол китептер түрк тилинде эле эмес, башка тилдерде да басылды. Ошол китептер кыргызстандык тарыхчылар үчүн жеткиликтүү болуш үчүн китепкана курулса өтө жакшы болмок. Мисалы, тарыхыбызды изилдеп келсек жаңы маалыматтар табылууда. Биз кыргыз улутунун тарыхы 2200 жыл деп келгенбиз. Кытай изилдөөчүлөрү белгилүү маалыматтардын негизинде кыргыз элинин тарыхы 3000 жыл экенин аныктап чыгышты. Ушундай архивдик маалыматтар табылып, изилдөөбүздү уланталы десек, баягы эле каражат жагы жарга такап турат».

Кыргыз тарыхчылары айрым бир маалыматтарды тактоо үчүн коңшу мамлекеттердин же Орусиянын архивдерине барганы айтылып келет. Бирок тарых факультетинде билим алган студенттерде мындай мүмкүнчүлүк жок.

Улуттук университеттин студенти Өмүрхан Керимов тарыхый табылгаларды изилдегиси келерин, бирок маалымат аз болуп жатканына токтолду:

«Мен тарыхка кызыгып ушул кесиптин ээси болууну чечкем. Алдыда менин жана мага окшогон жаштардын максаты – илимий, тарыхый изилдөө жүргүзүү эмеспи. Тилекке каршы, бизде тарыхый маалыматтар сакталган жайлар жокко эсе. Бизге керектүү маалыматтар көбүнчө чет өлкөнүн архивинде сакталган болуп чыгат. Тарыхый китепкана ачылса, ириде биздей жаш тарыхчылар үчүн чоң ачылыш болмок».

2016-жылы Түркиянын ТИКА уюму эки тараптуу макулдашуунун негизинде Бишкектеги мамлекеттик тарых музейин оңдоп бермей болгон. Ага 15 миллион АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлөрү айтылган.

Кийин мурдагы премьер-министр Сапар Исаков президенттик аппаратты жетектеп турганда музейди оңдоону 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтүрүүнү талап кылганы үчүн Түркия тарап жумушту улантуудан баш тартканы белгилүү болгон.

Башкы прокуратура 2018-жылы Улуттук тарых музейиндеги мыйзамсыз иштер ачыкка чыкканын кабарлап, оңдоо иштеринде мамлекетке 101,6 миллион сом зыян келтирилгенин аныктаган.

2020-жылы 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткан экс-премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга эркинен ажыраткан.

Дагы бир айыпталуучу, президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаевага 260 миң сом айыппул салынган.

Бирок 2020-жылдын 7-декабрында Жогорку сот жогорудагы иштер боюнча эки инстанциянын өкүмүн жокко чыгарган.

Анткен менен Тарых музейи ушул күнгө чейин ачыла элек. Экс-президент Роза Отунбаева 11-мартта Бишкектин чет жакасындагы “Супара” этнокомплексинде өткөн интерактивдүү музейдин ачылышында ушул маселеге токтолду.

«Тарых музейи ачылса туура болот эле. Мен эки жыл мурда эле сунуш киргизгем, дагы бир ирет баса белгилеп кетейин. Музейлер - биздин тарыхыбыздын бир бөлүгү. Фрунзе музейине этнографиялык музей макамын берип, Тарых музейинин бир бөлүгү кылып бириктирип койсок туура болмок».

Түрк тарых коому 1930-жылы түптөлгөн. Коомдун максаты - түрк тилдүү элдердин жана Түркиянын тарыхын изилдөө. Китепканасында 250 миңдей китеп катталган коом эл аралык 220, жергиликтүү 60 мекеме жана уюмдар менен кызматташат.

Мекеменин мүчөлөрү эл аралык конгресстерге жана семинарларга катышып, баяндамаларды окуп турат.

1995-жылы Түрк тарых коомунда орток түрк тарыхын жазуу долбоору даярдалган.

  • 16x9 Image

    Максат Жангазиев

    "Азаттыктын" кабарчысы. 2015-жылы КУУнун филология факультетин, 2020-жылы КМЮАнын башкаруу жана укук факультетин аяктаган. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты. "Жүрөк үнү" аттуу ыр жыйнактын автору.

XS
SM
MD
LG