Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:35

Бөрү тиштеген мургабдык Бишкекте дарыланды


Иллюстрация
Иллюстрация

Баяман Умарбакиевге карышкыр күндүз эле кой багып жүргөн жеринен кол салган. Койчуман тишин сындыргандан кийин качып кеткен кашабаң түндөсү кайтып келип, короодогу койду четинен кыра баштайт. Ошондо койчулар аны союл менен солойто чаап жайлаган экен.

Мал жандуу мургабчыларды "короого карышкыр тийип, койду кырып кетиптир" деген сөз менен таң калтыра албайсың. Бирок быйыл карышкыр Суранчы аттуу 32 жаштагы койчуга тиш салып, ал алган жараатынан декабрда көз жумду. Бирөөлөр муну бөрүдөн жуккан кутурмадан көрүшсө, башкалар жарааты ириңдеп, ырбап кеткенин айтышууда.

Ал эми 41 жаштагы Баяман Умарбакиев карышкырга колун тиштетип алгандан кийин Бишкекке келип, дарыланып кетти. Бул тууралуу Умарбакиевдин Сокулуктагы жердеши жана бажасы Акрам Насиров Жаңыл Жусупжанга айтып берди.

Маекти бул жерден угуңуз:

Мургапта бөрү тиштеген койчуман Бишкекте дарыланды
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:46 0:00
Түз линк

Мургабдык тургундардын айтымында, жылына 100 коюнун 10ун карышкыр тамактайт. Алар элдин колунда мылтык болбогондуктан, малчылар карышкырга туруштук бере албай жаткандыгын билдиришүүдө.


XS
SM
MD
LG