Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:11

Тажикстан Сирияда үч жаранын жоготту


Сириядагы согушкерлер. Алеппо, 22-май, 2013-жыл.
Сириядагы согушкерлер. Алеппо, 22-май, 2013-жыл.

Тажик бийлиги өлкөнүн үч жараны Сирияда исламчыл козголоңчулар тарабында салгылашып жатып каза табышканын маалымдашты.

Мындай маалымат ушул аптада Дүйшөнбү шаарында “Улуттук менталитет жана светтик мамлекет: маданияттын жана диний билимдин көйгөйлөрү” деп аталган конференцияда айтылды.

Тажик президенти алдындагы стратегиялык изилдөөлөр борбору уюштурган конференцияда башка маселелер менен бирге улуттук коопсуздук жана Тажикстан жарандарынын чет өлкөдөн диний билим алышынан улам чыккан маселелер талкууланды.

Жарандык согуш жүрүп жаткан Сирияда өкмөттүк күчтөргө каршы күрөштө Тажикстандын үч жараны мерт болгонун ошол жыйында Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин өкүлү Эмом Меликов билдирди.

Сирияга дейре Ооганстан менен Пакистандагы уруштарда тажикстандык он бир жигиттин өмүрү кыйылганын эске салган коопсуздук кызмат өкүлү, четке диний билим алуу үчүн делген максат менен кеткен тажик жаштарын мекенине кайтаруу иши аяктай электигин кошумчалады:

- Президенттин чакырыгынан кийин акыркы жылдары Дин иштери боюнча комитет жана башка компетенттүү органдар чет мамлекеттердин диний окуу жайларында билим алган биздин жарандарды мекенине кайтаруу менен алектенди. Бул аракеттердин натыйжасында 2000ден ашуун жигит Тажикстанга кайтып келишти. Бирок биздин дагы бир миңдей жараныбыз азыр деле чет өлкөлөрдүн бейрасмий диний окуу жайларында окуп жатышат.

Тажик бийликтеринин буга чейинки түшүндүрмөлөрүнө караганда, жаштардын экстремизмге жана терроризмге азгырылганы аларды четтеги диний окуу жайлардан кайтаруунун же ал жакка жибербөөнүн башкы себеби болгон.

Тажик Улуттук университетинин дин маселелерине адистешкен иликтөөчүсү Шухрот Саидов диний билим үчүн четке кетүүнү токтотуунун аргасын өлкөнүн өзүндөгү диний окуу жайлардын сапатын көтөрүүдөн көрөт. Ал “Азаттыкттын” тажик кызматы менен маегинде буларды айтты:

- Өлкө ичиндеги диний билимдин механизмдери эл аралык стандарттарга жооп берип, коомдун муктаждыктарын канааттандыруусу абзел. Бул өз кезегинде диний билимди өлкө ичинен эле алууга, ошол эле учурда улуттук коопсуздукту камсыздоого көмөктөшмөк.

Үч жараны мерт болгон Тажикстандан Сирияга канча киши барганы же алдоо жолу менен алынып кеткени беймаалым.

Радикалдашууну изилдөө боюнча Лондондогу борбор өткөн айда өз эсептерине таянып, Сирияга козголоң тутанган эки жылдан ашуун убакыттан бери 5500ге жакын согушкер барганын билдирген.

Аталган борбордун улук иликтөөчүсү Шираз Мар “Эркин Европа/Азаттык” менен маегинде Сирияга Борбор Азия менен Кавказ өлкөлөрүнөн барган согушкерлер тууралуу март айынын соңуна карата маалыматтарды айткан эле:

- Биз чечендерден он бирди тапканбыз. Казакстандан келген адамдар тууралуу укканбыз, бирок санын билбейбиз. Бешөө Азербайжандан. Өзбекстан, Түркмөнстандан келген согушкерлер тууралуу да кабарлар бар, бирок саны белгисиз. Ошондой эле үч тажик, төрт орусиялык, төрт дагестандык тууралуу маалымат бар.

Демек Сирияга барган тажикстандыктар боюнча өлкө бийликтеринин жана чет элдик уюмдун эсеби окшош чыгып жатат.

Сирияга өтүү ниетинде Кыргызстандан да кеминде жети жигит Түркияга кеткени буга чейин расмий айтылган. Кызыл-Кыя шаарынан айрым ата-энелер атүгүл балдарын издеп Түркияга да барып келишкен.

Улуттук коопсуздук комитети бул аптада Сирияга кетти делгендердин экөө-Кызыл-Кыя шаарынын 29 жана 35 жаштагы жашоочусу артка кайтарылганын маалымдады.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG