Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Тажикстанда "сыйкырчы молдо" соттолду


Асадулла Ибрагимов сот залында. Дүйшөмбү шаары, 24-октябрь, 2013.
Асадулла Ибрагимов сот залында. Дүйшөмбү шаары, 24-октябрь, 2013.

"Сыйкырчы молдонун" аялы күйөөсү акыйкатсыз кесилди деп эсептейт. Ушул бейшембиде Тажикстанда райондук сот молдо Асадулло Ибрагимовду жети жылга кескенден кийин, аялы Бубукалон журналисттерге күйөөсүнө «ак жерден жалаа жаап» коюшканын билдирди.

Сексуалдык асылуу боюнча айыпталган Асадулла Ибрагимов күнөөлүү деп табылып, жети жылга кесилди жана диний ишмердүүлүгүнө беш жылга тыюу салынды.

Баш калаа Дүйшөмбүдөгү Сино район сотунун өкүмүнө ылайык, аялдарды дарылаган Асадулло Ибрагимов көз боёмочулук жана сексуалдык мүнөздөгү зордукчул аракеттерге барган деп табылды.

24-октябрь күнү соттун өкүмү чыгардын алдында Асадулло Ибрагимов өзүн Алланын алдында гана айыптуу деп эсептей тургандыгын билдирген:

- Мен өзүмдү Алланын алдында күнөөлүү деп эсептейм. Өмүрүм өткөнчө Алладан менин күнөөмдү кеч деп тилеп өтөм. Бирок мамлекеттик мыйзамдын алдында мен өзүмдү күнөөлүү деп эсептебейм.

Эл арасында «сыйкырчы молдо» атыккан Ибрагимовдун соттолушуна интернетте таркап кеткен видео-роликтер түрткү болду.

Аларда ооруларды эмдөө сеанстары көрсөтүлгөн. Алардын биринде дарыгер эркек менен оорулуу аял көрсөтүлөт. Дарыгер Курандан сүрө окуп, бир эле мезгилде аялды сыйпалап, сексуалдык мүнөздөгү кыймыл-аракеттерине жол берет.

Ибрагимов сегиз баласы бар экендигин жана ден соолугу начардыгын эске алуу менен соттон өзүн камабоону суранган.

Журналисттер аныктагандай, 46 жаштагы Ибрагимов белгилүү диниятчынын баласы. Анын камакка алынганы сентярбь айында маалым болгон.

Социалдык тармактарда молдонун куранды сексуалдык суроо-талабын канааттандыруу үчүн колдонгондугун сындап жатышат.

Ал эми Ички иштер министрлиги өз сайтында анын «дарыланганы келген аялдын (психологиялык жактан) алсыз абалынан пайдаланып, анын өз үйүндө сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге жол берген» деп айтылат.

Бирок соттолгон молдонун адвокаты "чындыгында ал ага күйөөгө тийип алгысы келген аялдын курмандыгы болуп калды" деп эсептейт.

Ибрагимов соттун өкүмүн апелляцияга бергени жатат.

XS
SM
MD
LG