Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:47

Тажикстан: мечиттеги камоолор


Кармалган адамдардын жакындары
Кармалган адамдардын жакындары

Тажикстанда Рогун шаарынын бир канча тургунун милиция кармап кетти. Кармалгандардын жакындары кечээ аларды бошотуу талабы менен райондук ички иштер бөлүмүнүн алдына топтолушту. Кармоо себеби расмий айтылбаганы менен алар өлкөдө тыюу салынган салафи диний агымына тиешеси бар деген шек менен кармалганы болжолдонууда.

Рогун шаарынан кармалгандар негедир жергиликтүү милицияга эмес, 90 чакырымдай алыстыкта турган баш калаа Дүйшөмбүнүн Фирдавси райондук милиция бөлүмүнө алып келинген. Канча адам кармалганы жана кармоо себептери азырга чейин белгисиз. Бирок жергиликтүү тургундар ондогон адам кармалганын айтышууда. Алар негизинен акыркы төрт күн бою ошол аймактагы мечиттен кармалган.

Кармалгандар арасында Рогундун Калаи Нав конушунун имам-хатиби жана жергиликтүү бир дарыгер да бар. “Азаттыктын” тажик кызматына муну шаар бийлигинин да бир өкүлү ырастап, аталган конуштан жалпысынан 25 адам кармалганын билдирген.

Тажик ички иштер министрлигинин маалымат борборунун башчысы Жалолиддин Садриддин азырынча кандайдыр бир жыйынтык чыгаруу эрте экенин, бирок укук коргоо органдары себепсиз эч кимди кармабашын айтты:

- Булардын кимдир бирөө салафиге тиешеси бар экени далилденсе, жоопкерчиликке тартылат. Тажикстанда бул агымга тыюу салынганын билесиңер. Баарын текшерип аныктайбыз. Бул бир топ убакытты алчу иш деп ойлойм.

Кармалгандарды бошотуу талабы менен топтолгон жакындары аларды тыюу салынган салафи агымынын идеяларын колдойт деген шек менен кармашканын белгилешүүдө. Рогундук Зухра Жураева аттуу аял өз үй-бүлөсүнөн эле үч адам кармалганга токтолду:

- Аларды салафи деп кармап кетишкенин айтышууда. Салафиге алардын эч тиешеси жок. Салафизм эмне экенин биз балдарыбыз менен ушул жерге келип, органдын кишилери менен сүйлөшкөндө гана билдик. Бул эмне экенин билген эмеспиз. Биздин айылда салафилер таптакыр жок. Балдарга жөн гана жалаа жаап жатышат, алардын эч кандай күнөөсү жок.

Нарзигүл Кенжаева деген дагы бир аял бир тууган инисинин бойго жете элек жалгыз уулу кармалганына кейип-кепчип отурат:

- Иним Ысмайыл Кенжаев бойго жете элек. 1997-жылы туулган. Анын араб алиппеси тууралуу түшүнүгү да жок. Үй-бүлөсүндө төрт кыздан кийинки жалгыз уул. Рогун шаарынан кармалган бул тургундардын арасында эң жашы ошол инибиз экен.

Исламдын сөз болуп жаткан салафи агымына Тажикстан 2009-жылы тыюу салган.

Соңку кезде канткен менен бул кошуна өлкөдө диний негиздеги айыптоолор менен кармоолор жана камоолор күчөдү. Тыюу салынган диний уюмга аралашкан деген айып менен бир канча адамдар соттолду.

Буга чейин Тажикстандын Ички иштер министрлиги жаштардын диний-экстремисттик уюмдарга кошулуп кетүүсүнө жол бербеш амалында «Активист» деп аталган топ түзүү демилгесин көтөргөн. Бул топтун мүчөлөрү элге исламдын Борбор Азияда салттуу саналган ханафи- мазхабынын, пайгамбар хадистеринин маани-маңызын түшүндүрүп турары айтылууда.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG