Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Тажик студенттери "Улут көсөмү" дарсын угууда


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жаңы телеканалдын ачылышында, 1-март, 2016-жыл.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жаңы телеканалдын ачылышында, 1-март, 2016-жыл.

Тажикстандын айрым жогорку жайларында жакында “Улут көсөмү” наамын алган президент Эмомали Рахмон тууралуу дарс өтүлө баштады.

“Эмомали Рахмон - жаңы тажик мамлекетинин негиз салуучусу” деп аталган жаңы курстук окуу февраль айынан тарта Тажик Улуттук университетинин айрым факультеттеринде окутула баштады. Биринчилерден аны тарых факультетинин студенттери угууга киришти.

Аталган факультеттин окутуучусу, бул дарсты окуп жаткан Нажимиддин Тожов “Азаттыктын” тажик кызматына бул окуулар президент Рахмондун ишмердигине арналганын айтты:

- Дарс үчүн “Улут көсөмү” - президент Рахмондун ишмердигине байланышкан бардык материалдарды топтодук. Ал СССР ыдырагандан кийин, 1992-жылы тажик парламентинин Рахмонду президенттикке шайлаган 16-сессиясынан тарта азыркы убакытка чейинки аралыкты камтыйт. Ошондой эле президенттин өлкөдөгү жарандык согушту токтотуп, тынчтык орнотуу жараянындагы ролу тууралуу сөз болот. Мындан тышкары Рахмондун буга чейин жазган китептеринин маани-мазмуну тааныштырылат. Сабак 32 дарстан жана 32 семинардык окуудан турат. Студенттер бул сабакты кызыгуу менен кабыл алып, көптөгөн суроолорду жаадырып жатышат.

Тажик Улуттук университетинин тарых факультетинин деканы Саймуддин Ражабов бул курстук окууда “Улут көсөмү” тууралуу мыйзам боюнча да түшүндүрмө берилип жатканын белгиледи:

- Жаңы дарста биз былтыр декабрда кабыл алынган “Тынчтык жана биримдикке негиз салуучу - Журт башы жөнүндөгү” мыйзамдын маани-маңызын да түшүндүрөбүз.

Саймуддин Ражабов азыр Билим берүү жана илим министрлиги менен келечекте бул лекциялар курсун өзүнчө сабак катары киргизүү маселеси да талкууланып жатканын кошумчалады.

Өлкөнүн жогорку окуу жайлары менен орто мектептеринде “Улут көсөмү” тууралуу дарстарды окутууну мындан эки айдай мурда Тажик мамлекеттик соода университетинин укук кафедрасынын окутуучусу Сиевуш Наботов сунуштап чыккан эле. Тажикстандын “Ховар” маалымат агенттиги анда окутуучу өлкөдөгү жарандык согушту көрбөй калган жаш муун бул согуш дал ошол “Улут көсөмү” Эмомали Рахмон тарабынан токтотулганын билиши зарыл деп эсептерин жазган.

Тажик президенти Эмомали Рахмон былтыр жыл соңунда "Тынчтык жана биримдикке негиз салуучу – Журт башы жөнүндөгү” мыйзамга кол коюп, өзүнө “Улут көсөмү” макамы ыйгарылышына макул болгон.

Өлкөдөгү айрым саясатчылар бул кадамды демократияны мазактоо катары баалашкан. Канткен менен оппозицияга карата басым-кысым жана куугунтуктоолордон улам тажик коомчулугунда азыр бийликтин соңку кадамдарын ачык сындагандар жокко эсе.

Ушул айда тажик парламенти Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик референдумду 22-майга белгиледи. Бул өзгөртүүлөр Эмомали Рахмонго “Улут көсөмү” катары кийинки президенттик шайлоого чектөөсүз катышуусуна жол ачат. Азыркы Конституциянын талабына ылайык, ал 2020-жылкы шайлоого катыша албайт.

64 жашка караган Эмомали Рахмон бул кошуна өлкөнү бийлеп жатканына чейрек кылымга жакындап калды. Совхоз деректирлигинен кийин эле президент болгон Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келатат.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG