Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Төрт тажик чек арачы талиптерден бошотулду


Тажик-ооган чек арасы
Тажик-ооган чек арасы

“Талибандын” барымтасындагы тажикстандык 4 чек арачы бошотулду. Алты айдан бери Ооганстандагы согушкерлердин колунда туткунда жүргөн чек арачылар Катар бийликтеринин кийлигишүүсү менен боштондукка чыккан.

Өткөн жылдын декабрь айынан бери Ооганстандын түндүк тарабында “Талибан” кыймылынын согушкерлери тарабынан туткундалып жаткан 4 тажик чек арачысы Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Оли-Сандын ортомчулугу менен куткарылды.

Катардын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, тажик аскерлерин бошотууда Доха дипломатиялык мүмкүнчүлүктөрүнүн баарын колдонуу аркылуу гана ийгиликке жетишкен. Тажик аскерлеринин боштондукка чыкканын Тажикстандын бийликтери да тастыктады.

Ооганстан менен чектеш жайгашкан Тажикстандын Хатлон облусунун Панч районунун жетекчиси Абдужон Таввакалзада “Азаттыктын” тажик кызматына буларды билдирди:

- Ооганстандын Кундуз провинциясында туткунда жүргөн төрт тажик чек арачы аскер Катардын жардамы аркылуу бошотулду. Аларды талиптер Ооганстандан Катарга өткөрүп беришти. Аскерлерди жакын арада Тажикстанга алып келишет.

Чек арачыларды бошотуп алууда Катардын данакерлиги жөн жерден эмес. 2012-жылдан бери бул өлкөнүн аймагында “Талибан” кыймылынын саясий кеңсеси жайгашкан.

Буга чейин тажик бийликтери менен талиптердин бир нече жолку сүйлөшүүлөрүнөн жыйынтык чыккан эмес. “Талибан” кыймылы барымтадагы тажик аскерлеринин ордуна Тажикстанда камалып жаткан “Талибан” жана “ал-Каида” уюмдарынын мүчөлөрүн бошотууну талап кылып келген. Ал тургай талиптер чек арачылар үчүн 9 миллион доллар кун сурап жатат деген маалыматтар айтылган. Катардын ортомчулугунда өткөн бул жолку сүйлөшүүдө талиптер кандай талап коюшканы азырынча белгисиз.

Тажикстандык Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы кененирээк кабарды эми таратарын билдирүүдө.

Чек арачылар Фарход Калонов, Сирож Давлатов, Тойчибой Нурбоев жана Мехрож Шодиевдин бошотулганы боюнча алардын ата-энелери да кабар алган.

Шодиевдин атасы Фатхулла Шодиев баласы бошотулганын ал өткөн жума күнү укканын айтат:

- Азыр балдарыбыз кай жерде экенин так билбейбиз. Катарда болушу мүмкүн, балким Дүйшөмбү шаарына да алып келиштиби, так маалымат жок. Бирок балдарыбыз “Талибандын” колунан бошотулганы ырас. Биз ушуга эле аябай ыраазыбыз.

Тажик чек арачылары куралсыз, отун жыйнап жүргөн жеринен өткөн жылдын 19-декабрь күнү Ооганстандагы белгисиз топ тарабынан уурдалган эле. Буга байланыштуу Хатлон облустук прокуратурасы аскерлер кызмат өтөгөн бөлүктүн командири Аймухаммад Додохалоновго шалаакылыгы үчүн айып таккан. 6-апрель күнү Додохалонов сегиз жарым жылга эркинен ажыратылган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG