Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Сирия режиминин жүрөгүнө урулган сокку


Сүрөттө: Генерал Ассеф Шавкат (солдо) менен коргоо министри Дауд Ражха (ортодо) набыт болушту, ички иштер министри Ибрагим ал Шаар жарадар болду.
Сүрөттө: Генерал Ассеф Шавкат (солдо) менен коргоо министри Дауд Ражха (ортодо) набыт болушту, ички иштер министри Ибрагим ал Шаар жарадар болду.

Дамаскта жанкечтинин жардыруусунан өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн үч башчысы курман болуп, бир нечеси жаракат алды. Президент Асаддын режимине каршы козголоңчулар муну жеңиш катары сыпатташууда.

Шаршембидеги жардырууда Сириянын коргоо министри Дауд Ражха курман болду. Президент Асаддын күйөө баласы, коргоо министринин орун басары Асеф Шавкат да ооруканага бараткан жерде көз жумду. Кийинчерээк маалым болгондой, кризистик менежер Хассан Туркомани да өлгөн.

Андан сырткары ички иштер министри Ибрагим ал-Шаар оор абалда ооруканага жеткирилди. Чалгын кызматынын башчысы да жарадар болду. Президент Асад бул жерде өлкөнүн күч органдары менен жолугушмак.

Азыр эми жаракат алган чиновниктер жаткан оорукананы президенттик сакчылар кайтарууга алганы кабарланууда.

Reuters маалымат агенттигинин кабарына караганда, Асаддын жакын чөйрөсүнүн эле ичинде жогорку кызматтагылардын биринин удайчысы жанкечти болуп чыккан жана дал ошол киши өзүн-өзү жардырып жиберди.
Дамаскта атышуулар жекшембиден бери уланып жатат, 18-июль, 2012
Дамаскта атышуулар жекшембиден бери уланып жатат, 18-июль, 2012
Азыр эми өлкөнүн жаңы коргоо министри болуп генерал Фахад Жассим ал-Фрейж дайындалды. Ал мамлекеттик телеканал аркылуу сүйлөгөн сөзүндө:

- Биз мамлекетибиздин сакталып калышы жана анын ар намысы үчүн өлгөн кишилерди азапкөй деп эсептейбиз. Биздин куралдуу күчтөрүбүз элибиздин коопсуздугуна коркунуч туудурган кылмышкерлерди таап, ар биринин колун кесет. Бүгүнкү террор чабуулу аларды мындан токтотуп кое албайт деп ишенимдүү тастыктай алабыз.

Расмий Дамасктын азыркы кырдаалда эң эле маанилүү тиреги армиянын жетекчилигинде мындай жоготуунун болушу жалпы өлкөдө 16 айдан бери созулуп жаткан согуштун тезирээк бүтүшүнө канчалык салым кошо алат?

"Жеңиш же өлүм"

Франциялык аналитик, Сирия боюнча эксперт Фабрицие Баланш биздин радиого сүйлөп жатып, соңку жардыруу “козголоңчулар сырттан колдоо алып жатышканын билдирет” деди.

"Азыр өкмөт да, оппозиция да жаңжалды тынч жол менен чечүүгө аракет кылышкан жок, - дейт аналитик. - Улуттар Уюму менен Арап лигасынын атайын чабарманы Кофи Аннандын планын эч кимиси колдогон жок. Алар азыр өлгөнгө чейин күрөшкөнгө даяр. Эч кандай сүйлөшүү жок, кайсыл бир тарап жеңгенге чейин атыша беришет".

Соңку чабуулду азыр эки башка топ “биз жасадык” деп жатат. Бири “Лива ал-Ислам” же “Ислам бригадасы”, экинчиси оппозициянын "Эркин Сирия" армиясы. Азырынча чабуулду ким жасаганы тактала элек.

Бул окуя Сириядагы өкмөттүк аскерлер менен куралчан оппозициянын баш калаа Дамаскта айыгышкан атышуулары башталганына төрт күн дегенде болду.

Өкмөттүк аскерлер оппозицияны танктар, ракеталар жана аскерий тик учактар менен аткылап жатышат. Оппозициянын куралчан армиясы да борбор калаадагы атышууларга бүт күчүн жумшап, аны “Дамаск вулканы” деп атады. Сириянын Эркин армиясынын өкүлү шаршембидеги жардыруу жөнүндө журналисттерге сүйлөп жатып, “биз дал ушул вулканды айтканабыз” деп билдирди.

Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг “азыр Сирия такыр кыйроо алдында, толук хаос коркунучунда турат, өлкөдө өткөөл өкмөттү түзүү үчүн азыр Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинен күчтүү резолюция керек” деди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG