Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:01

Денис Петрашовдун эки алтыны. Сууда сүзүүгө эмнеге көңүл бурулбайт?


Денис Петрашов.
Денис Петрашов.

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Денис Петрашов Филиппинде өтүп жаткан Азия чемпионатында катары менен эки алтын медал утуп, жеке рекордун жаңылады.

Спортчу брасс ыкмасы менен 200 метрге жана 50 метрге сүзүүдө алтын медал утту. Муну менен ал Азиянын төрт жолку чемпиону болду.

29-февралда Денис Петрашов брасс ыкмасы менен 200 метрге сүзүүдө финалда 2 мүнөт 12,89 секундада келип, алтын медалга ээ болду. Бул аралыктагы мелдешке сегиз суучул катышты. Экинчи орунду вьетнамдык Бао Пхам (2 мүнөт 13,86 секунда), үчүнчү орунду малайзиялык Пиёнг Велл Хи (2 мүнөт 20,68 секунда) ээледи.

Петрашов 27-февралда да брасс ыкмасы менен 50 метрге сүзүүдө финалда 27,67 секундада келип, алтын медалга ээ болгон.

Денис Петрашов сууда сүзүүнүн брасс стилинде машыккан спортчу. Ал брасс ыкмасы боюнча 50, 100 жана 200 метр аралыкта бир нече жолу Кыргызстандын рекордун жаңырткан. 2017-жылы 100 метрге сүзүүдө, 2019-жылы 200 метрге сүзүүдө Азия чемпиону болгон.

Спортчу “Азаттыкка” курган маегинде Азия чемпионатында атаандаштык курч болгонун айткан.

"Бул Азия чемпионатында эки жолу чемпион болдум. Атаандаштар Азиянын бардык өлкөлөрүнөн келиптир. Мелдеш өтө курч атаандаштыкта өттү. Негизи эле дүйнөдө сууда сүзүүдөн Кытайдын, Жапониянын спортчулары өтө күчтүү", - деди ал.

Денис Петрашов учурда 24 жашта. Ал жети жашында сууда сүзүү менен алектенип, 14 жашынан тартып эл аралык мелдештерге чыга баштаган. 16 жашында Рио-де-Жанейродо (2016-жылы) өткөн Олимпиадага катышкан.

2018-жылы Аргентинада өткөн үчүнчү жаштар арасындагы олимпиада оюндарында 100 метр брасс стилинде сүзүп, күмүш байгенин ээси болгон. Ошол эле жылы Индонезияда өткөн жайкы Азия оюндарында 5-орунду ээлеген. 2021-жылы Токиодо өткөн Олимп оюндарына жолдомо алып, экинчи жолу Олимпиадага катышкан. Мында ал 18-орунду ээлеген.

Денис Петрашов Токиодо өткөн олимпиаданын ачылуу аземинде Кыргызстандын желегин көтөрүп бара жатат. 23-июль, 2021-жыл.
Денис Петрашов Токиодо өткөн олимпиаданын ачылуу аземинде Кыргызстандын желегин көтөрүп бара жатат. 23-июль, 2021-жыл.

2022-жылы Түркияда өткөн V Ислам шериктештиги оюндарында бир алтын, эки коло байге уткан.

Ал быйыл Олимпиада оюндарына үчүнчү ирет катышканы турат. Париж олимпиадасына лицензияны спортчу 2023-жылы сентябрда Жапонияда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпионатында утуп алган.

Денис Петрашов акыркы жылдары Америкада окуп, машыгып жүрөт. Спортчу Олимпиадага даярдыгы тууралуу учкай маалымат берип, Кыргызстанда сууда сүзүү спортуна жакшы көңүл бурулбай жатканына токтолду.

"Учурда Америкада окуп жатканыма байланыштуу олимпиадага даярданып, машыгууну ал жакта өткөрүп жатам. Олимпиадага жакын үйгө, Кыргызстанга кайтам. Анан машыгуумду Ысык-Көлдө улантам. Андан кийин Европадагы мелдешке катышып, андан ары машыгып анан Олимпиадага барам. Албетте, Кыргызстанда олимпиадалык стандарттагы бассейн жок. Акыркы 10 жылдан бери бассейн курабыз деп сөз берип келет. Ошондон бери курула элек. Анын курулбай жатканын башкы себеби бизде сууда сүзүү спорту өтө популярдуу эмес. Анан албетте мамлекет тараптан сууда сүзүүгө жакшы көңүл бурулбай келет", - деди спортчу.

Петрашов: Париж олимпиадасына катуу даярданып жатам
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

Кыргызстанда сууда сүзүү спорту анча популярдуу эмес. Андан сыткары олимпиадалык талаптарга жооп берген басссейндер жокко эсе.

Болсо да жеке менчик бассейндер. Бирок буга карабай Кыргызстан сууда сүзүүдөн Олимпиада оюндарына такай жолдомо утуп келет.

Денистин атасы Евгений Петрашов сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын спорт чебери. Үч жолу олимпиада оюндарына катышкан. Учурда ал улуттук кураманын башкы машыктыруучусу. Ал Париж олимпиадасына сууда сүзүүдөн дагы бир жолдомо алууга мүмкүн экенин айтууда:

Евгений Петрашов уулу Денис Петрашов менен.
Евгений Петрашов уулу Денис Петрашов менен.

"Бул Азия чемпионатына Кыргызстандан алты спортчу катышты. Алар Денис Петрашов, Амир Кадырмаев, Даниэль Насирдинов, Тимур Аргынов жана кыздардан Дениз Акманбаева менен Айымкыз Айдаралиева. Балдар абдан жакшы жыйынтык көрсөттү. Денис эки алтын байге утса, калгандары өз көрсөткүчтөрүн кыйла жакшыртты. Биз азыр пландап жатабыз. Дагы бир кызыбыздын Париж олимпиадасына жолдомо утууга мүмкүнчүлүгү бар. Буюрса июнь айында билинет", - деди ал.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт департаменти жыл сайын сууда сүзүү федерациясына 5 миллион сом каражат бөлөт. Бул спортчулардын эл аралык мелдештерге катышуусуна, окуу-машыгууларына жана өлкө ичинде жергиликтүү жана эл аралык мелдештерди өткөрүүгө жумшалат.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын кызматкери Айгерим Мамеева быйыл ал каражат көбөйтүлгөнүн айтты:

"Быйыл олимпиадалык жыл болгондуктан ага даярдануу үчүн сууда сүзүү федерациясына каражат 5 миллион сомдон 7 миллион сомго көбөйтүлдү. Улуттук курамада 20 спортчу бар. Алардын баары Бишкекте Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт департаментине караштуу, эл аралык талапка жооп берген бассейндер жок болгону үчүн жеке менчик бассейндерде машыгат. Ал эми окуу-машыгуулары үчүн Ысык-Көлдө 50 метрлик бассейн бар. Ошол жакта ири мелдештерге даярданат. Денис Петрашов да ошол жакта машыгат. Бирок ал көбүнчө ири мелдештерге даярдануу үчүн чет өлкөдө машыгат. Анын баарын мамлекет каржылайт", - деди ал.

Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан сууда сүзүү спорту боюнча кыйла алдыга кеткен. Филиппиндин Нью-Кларк-Сити шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында казакстандык спортчулар 20 алтын, 11 күмүш, беш коло байге утушту. Буга чейин февралдын башында спорттун суудагы түрлөрү боюнча Катарда өткөн дүйнө чемпионатында казак спортчулары Эдуард Ким менен Наргиза Болатова синхрондук сууда сүзүүдө алтын медал тагынышты.

Казакстанда сууда сүзүү спортуна мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулушуна суучул Дмитрий Баландиндин Олимпиада оюндарындагы жеңиши себеп болду дейт казак журналисти Шамкен Байырбек:

Шамкен Байырбек.
Шамкен Байырбек.

"Кыргызстанда сууда сүзүү спорту кандай өнүгүп жатканын жакшы билбейм. Анткени Кыргызстан күрөшкө көбүрөөк басым жасайт эмеспи. Казакстандагы сууда сүзүү спортуна токтоло турган болсок, анын өнүгүшүнө 2016-жылы Рио олимп оюндарында Дмитрий Баландиндин чемпион болгону себеп. Ошол чак түштө түшкөн чагылгандай болду. Анын жеңишинен кийин Казакстанда көпчүлүк ата-энелер балдарын сууда сүзүү спортуна бере баштады. Дмитрий Баландиндин эффектисинин артында сууда сүзүү боюнча секциялар көбөйдү. Мамлекет да, эл да сууда сүзүү спортуна көңүл бура баштады. 2016-жылга чейин Казакстанда олимпиадалык стандарттагы басейндер жок болчу. 2016-жылдан кийин Талды-Коргондо 50 метрлик бассейни бар сууда сүзүү боюнча спорт комплекси курулду. Ошондон бери казак спортчулар Азия жана дүйнө чемпионаттарынан байгелүү кайтышууда. Азыркы Азия чемпионатынан жалаң жаштар байге алып келди. Бул дал ошол Дмитрий Баландиндин жеңишинен таасирленген өспүрүмдөр десек болот", - деди Шамкен.

Филиппиндин Нью-Кларк-Сити шаарында өтүп жаткан Азия чемпионаты 26-февралда башталган. Мелдеш 9-мартта жыйынтыкталат. Учурда сихрондук сууда сүзүү жана бийиктиктен сууга секирүү боюнча мелдештер өтүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG