Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:08

Сүлүктү: Салыктан качкан "көмүр мафиясы"


Сүлүктү: Көмүр кендерин ээлеп алган аткаминерлер
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:36 0:00

Сүлүктү: Көмүр кендерин ээлеп алган аткаминерлер

"Азаттык" салыктан качкан ишканалардын депутаттар, мурдагы аткаминерлер менен байланышын жана кара алтындын чордону Сүлүктүдөгү "көмүр мафиясын" иликтеп көрдү.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Сүлүктүдө көмүр казган айрым ишканалардын сатуу жана экспорттоодогу коррупциялык схемасы аныкталганын 10-ноябрда жарыялады. Атайын кызмат текшерүүнүн жыйынтыгында ондой ишкананын салыгы кайра эсептелип, 250 миллион сомдой салыктын 80 миллион сомдон ашыгы өндүрүлгөнүн билдирди.

Баткен - Кыргызстандагы эң алыскы жана шарты оор облустардын бири. Бул аймакта кыш мелүүн болгону менен, кышкысын көмүр жагылат. Баткенде көмүр кендери көп, ошол эле кезде анын баасы аймакта эң кымбат болгондуктан ар кыш сайын кара алтын маселеси көтөрүлөт.

Казынага түшпөй калган миллиондор

Көмүр сатуу жана экспорттоодо коррупциялык схема түзгөн деген ишканалардын кожоюндары жөнүндө ачык булактардагы маалыматтарды анализдеп, алардын көпчүлүгү мурдагы аткаминер, азыркы депутат сыяктуу таасирдүү адамдардын жакындары экени аныкталды.

Алгач Улуттук коопсуздук комитетинин расмий маалыматына токтололу.

УКМК акыркы 6 жылдагы Сүлүктүдө көмүр өндүрүү, сатуу жана экспорт менен алектенген 29 ишкананын салык жана каржы ишмердигине текшерүү дайындаган. Атайын кызматтын кабарлашынча, Салык кызматы текшерүүнүн жыйынтыгы менен 11 ишкананын кайра эсептөөдөн кийинки салыктарынын суммасын 216 млн 809 миң 62 сом (кошумча айыптарды эске албаганда) деп аныктады.

УКМК аталган ишканалардын аталыштарын дагы жарыялады:

  • 1. “Нур” - 63 376 640 сом.
  • 2. “Нуркен” - 11 922 801 сом.
  • 3. “Рио Групп” - 27 608 456 сом.
  • 4. “Кен Ордо” - 21 823 091 сом.
  • 5. “Ахмат Кен” - 5 759 095 сом.
  • 6. “А.А.Мадаминов” - 3 140 396 сом.
  • 7. “Асанов Б.Б.” - 9 780 545 сом.
  • 8. “Али-Экспо” - 6 068 950 сом.
  • 9. “Ак-Булак Көмүр” - 16 987 762 сом.
  • 10. “Халил-Имран” - 16 617 857 сом.
  • 11. “Имамидин Экспорт” - 7 174 727 сом. Акыркы ишкана боюнча кошумча текшерүү жүргүзүлүп, дагы 26 783 030 сом салыкты эсептелген.
Сүлүктүдөгү көмүр кендердин бири. УКМК тараткан сүрөт.
Сүлүктүдөгү көмүр кендердин бири. УКМК тараткан сүрөт.

Жогорудагы ишканалардан 9-ноябрга карата мамлекеттик казынага 87 млн 169 миң 537 сом салык өндүрүлдү. Алар:

  • 1. “Рио Групп” - 48 275 171 сом;
  • 2. “Имамидин Экспорт” - 4 804 664 сом;
  • 3. “Ахмат Кен” - 8 925 063 сом;
  • 4. “Кен Ордо” - 21 818 089 сом;
  • 5. “ЖИ Мадаминов” - 3 346 000 сом.

Атайын кызмат учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу улантылып жатканын кабарлады.

"Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары таза эмес иштеген ишканалардын узак убакыт бою бажы жана салык органдарынан көмүр казып алуудан, аны коңшу өлкөлөргө төмөн баада экспорттоодон келип түшкөн ашыкча пайдасы боюнча маалыматты жашыруусуна колдоо көрсөтүп келгени тууралуу төгүндөлгүс далилдер алынды”, - деп билдирди УКМК.

УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Экс-мэр жана депутаттардын ишканалары

Коррупциялык схема менен салыктан качкан ишканалар жалаң таасирдүү, мурда-кийин чоң кызматты ээлегендерге жана алардын жакындарына таандык экенин аныктадык. Эми алар кимдер экенин айтып берели.

Атайын кызмат кылмыш ишин козгоп, казынага салык төктүргөндөрдүн арасында эң көп каражат (48 275 171 сом) төлөгөн “Рио Групп” ишканасы бар.

Ачык булактарда бул көмүр казган фирманын ээси - Макамбаева Асилхан Файзуллаевна. Асилхан Макамбаева 59 жаштагы Ильяскожо Ажибаевдин аялы экенин аныктадык. Алардын уулу - Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев.

Парламентте Ажибаев коррупцияга каршы жазаны күчөтүүнү сунуштап жүргөндөрдүн бири.

“Коррупция боюнча жазаны күчөтүш керек болуп калды. Мисалы, мамлекеттен 100 млн жеп, 50 млн төлөп чыгып кетип жаткандар көп болуп жатат”, - деген Ажибаев.

Интернетте тараган сүрөт. Автору белгисиз.
Интернетте тараган сүрөт. Автору белгисиз.

Интернетте тараган бул сүрөттөрдө атайын операцияда өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жанында турган ак футболка, көк чолок шым кийип турган киши - Ильяскожо Ажибаев. Көлбаев менен Ажибаевди кандай байланышта болгону беймаалым.

Парламент депутаты Чыңгыз Ажибаев жакындарынын ишканасы жана Көлбаев боюнча мындай жооп берди.

- Республикалык салык кызматынан жыл сайын ошол жердеги ишканаларды текшерип турчу. Ошол жерде аныкталбай, азыр аныкталып жатканы дагы өзүнчө суроо жаратат. Эмне себептен салык кызматынын кызматкерлери аныктаган эмес? Мен сурасам, "болгонун болгондой тапшырып жүргөнбүз" дейт. Мен ал жакка барып дагы көргөн эмесмин.

- Көлбаев менен кандай байланышыңыздар бар?

- Менин Көлбаев менен байланышым жок. Үй-бүлөмдүн дагы байланышы жок. Бирок отуз жылдан ашык мурун биздин абабыз Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынан үйлөнгөн. Ошого эле "куда-куда" деп байланыштырат. Бирок менин мамилем жок.

- Интернетке чыгып кеткен сүрөтчү?

Чыңгыз Ажибаев
Чыңгыз Ажибаев

- Мен дагы интернет булактарынан көрүп, сурадым. Бирок бир дагы расмий сайт чыгарган жок. Ошол чыгарган адамдарды аныктай албай жатабыз. Эми ал жердеги сүрөттө кылмыш жасалып жаткан жок. Бир туугандарым, атамдан сурасам, Дзюдо федерациясынын президенти спорт комплекс салынып жатат деп көрсөткөн жеринен түшүп калган экен.

- Сиздин атаңыз Сүлүктүдө ишкер болсо, спорт комплекске эмнеге барган?

- Ал жерде Дзюдонун Баткен облусунун президентти дагы жүрөт. Ошол кишилер менен барып калыптыр.

УКМКнын тизмесинде ири суммадагы каражат (21 818 089 сом) төлөгөндөрдүн дагы бири - “Кен Ордо” ишканасынын расмий кожоюну Набиев Азамат Бурканович. Ал башкы прокурордун мурдагы орун басары, буга чейинки чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган Нуркамал Набиевдин тууганы. Нуркамал Набиев Баткен облусунун прокурору болуп турган учурда Лейлектеги жер чырына байланыштуу кызматтан алынган.

Дагы бир кызыктуу жагдай, жогоруда кеп кылган депутат Чыңгыз Ажибаев Нуркамал Набиевдин күйөө баласы экенин белгилүү болду. Тактап айтканда, депутат Ажибаев экс-прокурор Набиевдин кызына үйлөнгөн.

УКМКнын тизмесиндеги каржылык ишмердиги шек жараткан ишканаларга ээлик кылган Сүлүктүнүн мурдагы мэрлери, азыркы жергиликтүү кеңештин депутаттары бар.

Интернетте тараган сүрөт. Халбеков оң жактан биринчи турат.
Интернетте тараган сүрөт. Халбеков оң жактан биринчи турат.

Бул сүрөт эсиңизде болсо керек. Кримтөбөл Көлбаевдин жанында турган Абдысамат Халбеков - Сүлүктүнүн экс-мэри. Ал баштап барган “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын шаардык кеңеште жети депутаты бар. Азыр ал “Ак-Булак Көмүр” ишканасынын ээси. Көлбаев менен анын кандай тиешеси бар экенин сураганыбызда, кыскача мындай жооп берди.

“Эч кандай байланышым жок. Мен Баткен облусу боюнча Дзюдо федерациясынын жетекчисимин. Жолдошбек (Камчы Көлбаевдин бир тууган иниси, Жолдошбек Көлбаев, Кыргызстандын дзюдо федерациясынын президенти - ред.) менен иштешем. Сүрөткө элдин баары эле түшүп жатпайбы”, - деди.

Халбеков атайын кызматтын айыптоосун четке какты. 2021-жылы Халбеков мэр болуп турган учурда аткезчилик жол менен көмүр алып баратып оодарылып кеткен КамАЗ анын фирмасына таандык экени белгилүү болгон. Учурда анын тууганы Халбеков Абдугафар - Сүлүктү шаардык кеңешинде депутат.

Дагы бир экс-мэр жана жергиликтүү кеңештин депутаты Рахманберди Абдыназаров - “Нур” ишканасынын ээси. Журналисттер Абдыназаров мэр болуп турган учурда көп киреше тапкан аткаминерлердин катарында экенин аныкташкан.

Рахманберди Абдыназаров.
Рахманберди Абдыназаров.

Көмүр казган “Нур” ишканасынын кожоюну Рахманберди Абдыназаровдун баласы Нурбек Абдыназаров дагы Сүлүктү шаардык кеңешин депутаты болгон. Бирок кийин мандатын тапшырганы белгилүү болду. Ал азыр ишкана жетекчиси. Ири ишканаларга ээ болгон депутат ата-баланын көмүр фирмасынын УКМКнын текшерүүсүнөн кийинки салыктарынын суммасы 63 млн. сомду чапчыйт.

Ошондой эле жергиликтүү кеңештин дагы бир депутаты Бактыбек Абдуназаровдун “Ахмат Кен” деген ишканасы УКМК текшергендердин арасында аты аталган.

2017-жылдары кылмыш иши козголгондон кийин өлкөдөн качып кеткен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин иниси Замирбек Шадиевдин дагы “Нуркен” ишканасы атайын кызматтын текшерүүсүнө кабылгандардын арасында. Замирбек Шадиев жоюлуп кеткен Каржы полициясынын Сүлүктүдөгү бөлүмүндө иштеген.

Жогоруда санап өткөн Сүлүктүдөгү көмүр ишканаларын УКМК мындан туура эки ай мурда текшере баштаганын жарыялаган. Анда Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде иш козголуп, беш киши кармалганын, алар Кызыл-Кыядагы өткөрмө бекетинин эки инспектору, Соода-өнөр жай палатасынын Баткендеги бөлүмүнүн башчысы жана жергиликтүү эки ишкер экенин кабарлаган.

Атайын кызмат Сүлүктүдөгү бул көмүр ишканалары сатуу жана коңшу өлкөлөргө экспорттоодо айрым мамлекеттик кызматкерлер аркылуу коррупциялык схема түзүп, кирешеге туйтунушканын белгилеген.

Сүлүктү шаары Кыргызстандын эң четки шаарларынын бири. Борбор калаа Бишкектен 1000 чакырымдай, ал эми облус борбору Баткен шаарынан 150 чакырымдай ыраакта жайгашкан.

25 миңден ашуун калкы бар Сүлүктү шаары жайгашкан аймак көмүр казууга гана ылайыкташкан. Айыл чарбасы жана мал чарбасы менен жан багууга мүмкүн эмес. Тургундар көмүр ишканалары менен гана жан сактайт. Буга чейинки Сүлүктү шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча шаар аймагында жалпысынан каттоодон өткөн 43 шахта бар. Учурда алардын 32си иштейт. Жылына орто эсеп менен 300 миң тонна көмүр казылат.

Совет мезгилинде Сүлүктү шаары “Орто Азиянын кочегары” деп аталган. Ал кезде жылдык көмүр казып алуу 900 миң тоннага чейин жеткен учурлар болгон. Ачык маалыматтарда Сүлүктүдө жер астындагы “кара алтындын” запасы 180,0 млн. тоннаны түзөрү айтылат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG