Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Мандат үчүн ат салышкан спортчулар


Алыш күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спортчусу Нурбек Аканов сыйлык алуу учурунда. 17-январь, 2015-ж.
Алыш күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спортчусу Нурбек Аканов сыйлык алуу учурунда. 17-январь, 2015-ж.

Күзгү парламенттик шайлоого аттанган талапкерлер арасында спортчулар көп. Алар депутат болууну көксөп тизмелерге кириштиби же бул партияларга добуш чогултуп берүү аргасыбы?

Шайлоого аттанган жети партиянын катарында атактуу спортчулар, спорт ишмерлери, машыктыруучулар, федерация президенттери бар.

Спорт тармагынан партия тизмесине кирген талапкерлердин эң жашы бел күрөш чебери, Алыш бел боо жана бел боо күрөшү боюнча дүйнөнүн жана Азиянын бир нече жолку чемпиону Нурбек Аканов. Ал учурда 28 жашта, “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясында 31-орунда шайлоого аттанууда. Аканов спорттогу жетишкендиктери үчүн быйыл "Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери" наамын алды. Ал күчкө толуп турган кезинде шайлоо даярдыгынан улам жакында эле Иранда болгон Азия чемпиондугуна барбай калды. Чоң спортту таштап, саясатка аттануусун Аканов төмөнкүдөй түшүндүрөт:

- Менин талапкерлигимди көпчүлүк колдоп спортчулардын атынан партия тизмесине катталдым. Спортчулардын чечилбеген арбын маселелери бар. Эгер шайлоодо өтүп Жогорку Кеңешке депутат болуп калсам, спортчулардын кызыкчылыгын жогорку бийлик органында коргоого болгон аракетимди жумшайм. Машыгууну таштабай Кыргызстандын чемпиондугуна да катышып, эгер утсам эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргой берем. Эң негизгиси спорт тармагын өнүктүрүү үчүн спорт өкүлдөрү Жогорку Кеңешке келсе өнүгүү болот эле деп ойлойм.

"Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партиясынан талапкерлердин тизмеси курултайдан кийин алгач жарыяланганда тизмеде 98-орунда эркин күрөш боюнча СССРдин беш жолку, Европанын эки жолку чемпиону, Кыргызстандын эмгек сиңирген спорт чебери, эл аралык даражадагы спорт чебери Кенжебек Өмүралиев дагы бар болчу. Кийин БШК каттоого алган тизмеде Өмүралиевдин фамилиясы жок болуп чыкты. Өзү менен байланышканыбызда тизмеде алгачкы 20 орунда болбогондон кийин шайлоого баруудан баш тарттым деп билдирди.

- Шайлоо чоң саясат. Башында катталгам, анан тизмеде акыркы орунда экендигимди көрүп баш тарттым. Барганга жараша алдыңкы 20 орунда болсом болмок. Акча каражат болбогондон кийин алдыңкы орунду алуу оңой эмес экен. Азыр бардык эле иштер партия аркылуу бүтүп калды. Бир кызматка иштейин десең, партиянын мүчөсү болушуң керек. Бир гана спорт эмес, көп тармакта жакшы иштерди жасайын деген максаттар бар эле. Ошол себептен шайлоого барайын деген болчумун.

"Ата Мекен" партиясынан 26-катарда кик-боксинг боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону, “Улуттар биримдиги” партиясынан ушу тапта Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп жүргөн Шайлообек Атазов катталган.

"Ар-намыс" партиясынан спорт тармагынын бир гана өкүлү бар. Ат спорту боюнча СССРдин спорт чебери, СССРдин чемпиону, эл аралык даражадагы калыс, спорттун суудагы түрлөрү боюнча өспүрүмдөрдүн олимпиадалык резервдеги респубикалык мектебинин учурдагы директору Ильвира Жогина партия тизмесинде 40-катарда.

Саясат таануучу Марат Казакпаев партия тизмелерине таанымал спортчулардын кириши партияга аброй алып келерин белгилеп, парламентке ар тармактын өкүлдөрүнөн турган жаңы жүздөрдүн келишин коомчулук күтүп жатканы жакшы жышаан экенине ишенет:

- Саясатка барып, элдин мүдөөсүн аткарайын деген бул жакшы саамалык. Негизи бир гана спорт эмес, маданият, билим берүү ж.б. тармактардан парламентке, бийликке таза адамдар келип иштесе өлкөбүз өнүкмөк да.

"Өнүгүү-Прогресс" партиясынан волейбол боюнча Кыргызстандын спорт чебери, бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын федерациясынын президенти Камчыбек Жолдошбаев тизмеде 11-орунда.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Алмаз Касенов спорт тармагынынын өкүлдөрүнүн парламенттик шайлоого катышуусун кубанычтуу көрүнүш катары сыпаттайт:

- Бул жакшы көрүнүш. Спорт тармагын алар жакшы билишет. Бир эле мисал айтсам, спорт тармагында жазылган мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарылдыгы бар. Азыркы талапкерлердин арасынан парламентке барып калышса, кыргыз спортунун өнүгүшүнө жакшы салым болор эле.

Тизмесинде спорчулар эң көп катталган "Кыргызстан" партиясы. 14- орунда Асылбек уулу Дамирбек грек-рим күрөшүнөн Азия чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси, эл аралык даражадагы спорт чебери, Азиянын күрөш федерациясынын вице-президенти.

19-орундагы каржы министринин мурдагы орун басары Арзыбек Кожошев грек-рим күрөшү боюнча СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу наамынын ээси.

Мамлекеттик Бажы кызматынын директорунун мурдагы орун басары, дзюдо боюнча ардагерлер арасында эки жолку дүйнө чемпиону Таалайбек Масабиров дагы бул партияда 22-орун менен шайлоого аттанууда.

Эркин күрөш боюнча жаштар арасында СССРдин чемпиону, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Байгазы Кенжебаев менен ушул эле күрөштөн жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон Асейин Төрөгелдиев дагы аталган партия менен шайлоого баратышат. Кенжебаев тизмеде 74чү, Төрөгелдиев 83-орунда.

"Азаттык" партиясында 7-катарда Кыргызстандын бильярд федерациясынын президенти Турсунбай Бакир уулу бар. "Республика Ата-Журт" партиясында 41-орунда "Таймурас" спорттук клубунун негиздөөчүсү, меценат Камчыбек Ташиев жана Алыш бел боо күрөшү боюнча Кыргызстандын федерациясынын президенти Малик Осмонов бар. Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты Малик Осмонов партия тизмесинде 130-катарда.

"Мекен ынтымагы" партиясында 3-катарда орун алган жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы жетекчиси, генерал-майор Шейшенбек Байзаков самбо спортунан СССРдин спорт чебери катары белгилүү.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG