Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:46

Sport awards-2014: мыктылар аныкталды


Алыш күрөшүнөн мыкты спортчу болгон Нурбек Акановго сыйлыгын актриса Асема Токтобекова тапшырууда.
Алыш күрөшүнөн мыкты спортчу болгон Нурбек Акановго сыйлыгын актриса Асема Токтобекова тапшырууда.

17-январда Бишкекте Top.kg спорттук гезитинин тандоосу боюнча жылдын мыкты спортчуларын сыйлоо аземи өттү. Кыргызстандагы жалгыз спорттук басылманын эмгек жамааты бул иш-чараны уюштуруу менен спортчуларга колдоо көрсөтүүнү максат кылышкан.

Спорт тармагындагы мыкты спортчулардын башын бириктирген Top.kg гезитинин тандоосу боюнча уюшулган SPORT AWARDS-2014 иш-чарасы Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулду. Сыйлык тапшыруу аземи Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында өткөрүлдү.

Салтанаттуу аземдин башталышында Кыргызстандын желегин эл аралык мелдештерде желбиретип жүргөн спортчулар түгөйлөрү менен кызыл килемден өтүштү. Андан соң мыкты деп табылган спортчуларга салтанаттуу түрдө сыйлыктар тапшырылды.

Мыктыларды тандоо спорттун улуттук, олимпиадалык жана олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча жүргүзүлүп, аларга добуш берүү эки баскычта өткөрүлгөн. Биринчи баскычта добуш берүүлөр интернет жана смс аркылуу кабыл алынып, экинчи баскычында көз карандысыз комиссиянын мүчөлөрү мыктыларды аныкташкан. Ар бир номинацияда байге үчүн алтыдан спортчу ат салышкан.

Нурбек Кожобековго кыргыз күрөшү боюнча мыкты спортчу сыйлыгын Олимпиадачылар ассоцациясынын президенти Шаршен Касенов тапшырууда. 17-январь, 2015-ж. Бишкек.
Нурбек Кожобековго кыргыз күрөшү боюнча мыкты спортчу сыйлыгын Олимпиадачылар ассоцациясынын президенти Шаршен Касенов тапшырууда. 17-январь, 2015-ж. Бишкек.

​Мыкты аталгандардын бири балбан Нурбек Кожобеков 2014-жылы Көчмөндөр оюнунда кыргыз күрөш жана казак күрөшүнөн алтын медалды тагынган. Бел боо күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, ошондой эле бир катар эл аралык мелдештерде баш байгелердин ээси болгон.

- Сыйлык алганда аябай толкундандым. Адатта сыйлык тапшыруу аземдери мындай жогорку деңгээлде болчу эмес. Кызыл килемден өткөндөн кийин интервью алышып, андан соң "алты талапкердин ичинен ким мыкты болот" деп тынчсызданып күтүп отурдук. Менин ысымым аталганда филармониянын чоң залында көп көрүүчүлөрдүн алдында сыйлык алган учурда абдан толкундандым.

SPORT AWARDS-2014 иш-чарасынын алкагында алыш күрөшүнөн Нурбек Аканов, боксчу Турат Осмонов, балбан Жанарбек Кенжеев, волейболчу Мурат Исаков, кикбоксчу Алексей Федосеев, самбочу Жаныбек Аматов, эрежесиз эр уруштан Кылычбек Саркарбаев мыкты спортчу наамдарынын ээси болушту.

Ошондой эле мыкты спортчу айым номинациясында күрөшчү кыз Айсулуу Тыныбекова, өспүрүмдөр арасында мыкты спортчу наамы футболчу Азамат Мелисбековго жана жаштар арасында мыкты спортчу наамы Алыш күрөшүнүн өкүлү Максат Мусабаевге тапшырылды.

Андан сырткары, "мыкты команда" деп "Дордой" футболдук клубу, "мыкты спорт клубу" деп "Мухаммед Умар" жана "Дордой" спорт клубдары табылды.

Мыкты машыктыруучу байгеси бокс боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотовго, мыкты меценат сыйлыгы Сүйүн Өмүрзаков менен Эдил Касеновго тапшырылды.

"Мыкты спорттук уюм" номинациясында Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы жеңүүчү деп табылды.

SPORT AWARDS-2014 аземинин сыйлык ээлери. 17-январь, 2015-ж. Бишкек.
SPORT AWARDS-2014 аземинин сыйлык ээлери. 17-январь, 2015-ж. Бишкек.

Салтанаттуу азем эстрада ырчылары, бийчилер, жаш куудулдар катышкан концерттик программа менен коштолду. Кечеге спорт тармагына эмгеги сиңген ишмерлер, машыктыруучулар, коомдук ишмерлер да катышып, филармониянын чоң залы көрүүчүлөргө жык толду.

Олимпиадачылар ассоциациясынын президенти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Шаршен Касенов мыкты спортчуларды сыйлоо максатында уюштурулган иш-чара колдоого алаарлык демилге экенин белгиледи.

- Спортчулардын түгөйлөрү менен бирге кызыл килемден өтүп, татынакай кийим кийип, маданий иш-чарага келгендерин дайыма эле көрүүгө мүмкүн эмес. Мындай иш-чара алардын маданиятын көтөрүүгө өбөлгө болот.

Top.kg гезитинин алгачкы саны 2013-жылдын март айында чыккан. Аталган басылма спортчулардын жеңиштерин, кубанычтарын, көйгөйлөрүн чагылдырып, коомго жеткирип туруу максатында ачылган. Гезиттин башкы редактору Базарбек Абдураимов буларды айтты:

- Алгач гезит 1000 нуска менен чыккан. Спортчулардын колдоосу менен гезитибиздин нускасы көбөйүп, өз окурмандарыбызды таап келатабыз. Гезиттин бир эле максаты бар: спортчуларыбыздын эмгектерин чагылдыруу.

Top.kg - спорт тармагын кыргыз тилинде чагылдырган жалгыз басылма.

Буга чейин орус тилинде sport.kg гезити бар болчу. Бирок кийин айрым бир себептерден улам чыкпай калган. Учурда “Спортмен” деп аталган дагы бир орус тилдүү журнал алты айдан бери чыгып келатат.

Спортчуларды колдоо максатында уюшулган SPORT AWARDS аталышындагы мыкты спортчуларга сыйлык тапшыруу аземин уюштурууну Топ.кж гезитинин эмгек жамааты жыл сайын колго алууну убада кылышууда. Уюштуруучулар бул саамалык кыргызстандык спортчуларды коомчулукка кеңири таанытууга шарт түзөөрүн белгилешет.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

XS
SM
MD
LG